Жаңы дүйнөгө кадам таштай турган түйүлдүк үчүн бардык даярдыктар бүткөндө, амниотикалык суюктук да төрөт үчүн жаңы иш-аракеттерди баштайт. Амниотикалык суюктук жатындын босогосун кеңейте турган суу баштыктарын пайда кылып, жатынды наристе өтө ала турган көлөмгө жеткирет. Ал баштыктар, ошондой эле, төрөт учурунда түйүлдүктүн жатында кысылышына да бөгөт болот. Мындан тышкары, төрөт башталганда баштыктар тешилип ичиндеги суюктуктар акканда түйүлдүктүн жолу бир жагынан жылмакай болуп, экинчи жагынан стерилденет. Ошентип төрөт жеңилдетилет жана микробдор табигый түрдө тазаланат.51
Жатындагы бул
даярдыктардан тышкары, наристе бул дүйнөгө коопсуз келиши үчүн көптөгөн шарттар
бир учурда аткарылышы керек. Мисалы, наристе сыртка чыгуу үчүн эң ыңгайлуу
жайгашышы зарыл. Ал үчүн буттарын кыймылдатып акырындан айлана баштайт жана
аягында башы жатындын моюнуна кирет. Андан соң наристенин кыймылдоо
мүмкүнчүлүгү чектелет жана башын ал жерден чыгара албайт.52 Дүйнөгө келе элек бир наристе кандай жайгашса
ыңгайлуу болоорун кантип чечет? Төрөт үчүн эң ыңгайлуу позицияны кайдан билет?
Ошондой эле, төрөлөөр убактысынын келгенин курсактагы түйүлдүк кантип аныктайт?
Албетте, булар ойлонула турган абдан маанилүү жагдайлар. Аң-сезими толук
калыптана элек бир жандыктын мындай пландуу кыймыл-аракеттерди жасашы анын өз
эрки менен эмес, Жаратуучусу Аллахтын илхамы менен кыймылдаганын апачык
айгинелейт.
Наристенин бул
дүйнөгө келүү баскычында дагы көптөгөн кереметтүү долбоор мисалдары бар.
Мисалы, бала ден-соолукта төрөлүшү үчүн наристенин баш сөөгүнүн түзүлүшү да
төрөт каналында зыян көрбөй турган өзгөчөлүктө болушу керек. Наристенин баш
сөөгү бул муктаждыкка эң ыңгайлуу болуп, 5 сөөк катмарынан жана алардын
ортосундагы «эмгек» деп аталган жумшак бир кыртыштан турат. Бул жумшак кыртыштан
улам баш сөөгү ийкемдүү болот жана натыйжада төрөт учурундагы басым наристенин
мээсине жана баш сөөгүнө зыян тийгизбейт.
Наристе төрөлөөр
алдында өтө кылдат көзөмөл астында даярдыктар көрүлөт. Ар кандай
ыктымалдуулуктар эске алынып, чаралар көрүлөт. Мисалы, төрөттү жеңилдетүүгө
жана инфекцияларга бөгөт коюуга амниотикалык суюктук жардам берет.
Жаңы пайда
болгон түйүлдүктүн денесинде буларды текшере турган бир механизм жок. Денедеги
бардык башкаруу системаларынын борбору деп кабыл алынган мээ да түйүлдүк менен
чогуу өрчүйт. Мээ толугу менен бар болгон күндө да эч нерсени өзгөртпөйт.
Себеби ошол күнгө чейин эненин курсагында өрчүгөн түйүлдүк сырттагы абал
тууралуу эчтеке билбейт. Эч кандай маалыматы болбогон бир чөйрөгө даяр болуп
болбогонун аныктай албайт. Төрөттүн убактысын эне да белгилей албайт. Эне эң
биринчи күндөн баштап денесиндеги процесстердин бир да баскычына кийлигише
албайт, алардын бүтөөр убактысын да чече албайт.
Эч күмөнсүз,
буларды көзөмөлдөгөн жана ар бир адамдын бул дүйнөдөгү жашоосунун башталаар
убактысын белгилеген Аллах. Адамды жараткан, анын сүрө турган өмүрүнүн ар бир
көз ирмемин билген, ал тургай, адам бул дүйнөгө келгенде эле анын өлөөр
убактысын билген бир гана Аллах. Ар бир адам үчүн Аллах тарабынан белгиленген
бир убакытта өлүм келет. Бул чындыктарды түшүнгөн ар бир акылман адам өзүнүн
кантип жаратылганы жөнүндө ойлонуп, Раббибиздин чексиз кудуретине дагы бир жолу
күбө болушу жана бүт өмүрүн Аллахтын ыраазылыгына ылайык өткөрүшү зарыл.
Эй адамдар, эгер
(кайра) тирилүүдөн шектенип жатсаңар, чындыгында, Биз силерди топурактан
жараттык, анан бир тамчы суудан, анан бир алактан (эмбрион), анан калыбы
билинээр-билинбес бир тиштем эттен (жараттык); силерге (кудуретибизди) апачык
көрсөтүү үчүн. Каалаганыбызды белгилүү убакытка чейин жатындарда кармайбыз.
Анан силерди наристе абалда чыгарабыз, анан жетилген куракка жетишиңер үчүн
(силерди чоңойтобуз). Силердин кээ бирлериңердин өмүрү түгөнүүдө, кээ бириңер
болсо билгенден кийин эч нерсе билбеген абалга келиши үчүн өмүрдүн эң төмөнкү
чегине (карылыкка) кайтарылууда... (Хаж Сүрөсү, 5)
Дүйнө жашоосунун алгачкы азыгы: ЭНЕ СҮТҮ
Жарык дүйнөгө
келгенден баштап наристенин денеси жаңы жашоого көнүшү керек болот. Анын
көнүшүн жеңилдете турган ар кандай жардамчы фактор кош бойлуулук учурунда пайда
кылынат. Мунун эң ачык мисалы эне сүтүнүн пайда болуу баскычтары.
Кош бойлуу кезде
эненин гормондору тарабынан эне сүтүнүн пайда болуу процесси даярдалат. Сүттүн
пайда болушу түпкүрүндө мээдеги алдыңкы гипофиз бези тарабынан чыгарылган
«пролактин» аттуу гормондон көз-каранды. Кош бойлуу кезде бул гормондун ишке
кирип сүт чыгарып башташына плацента бөлүп чыгарган прогестерон жана эстроген
аттуу гормондор бөгөт коюшат. Плацента төрөттөн соң чыгарылып ташталганда
прогестерон жана эстроген гормондорунун кандагы деңгээли төмөндөйт, натыйжада
сүттүн пайда болушуна салым кошкон пролактин ишке кирет. Гормондордун ортосундагы
ушул байланыштан улам абдан баалуу азык болуп эсептелген эне сүтү дал наристеге
керек учурда даяр болот. Албетте, бул абдан кереметтүү маалымат. Плацента
дененин ичинде турганда абдан маанилүү кызматтарды аткарат, бирок дененин
сыртына чыгарылуу убактысы да келет. Ал дагы адамдын жашоосу үчүн абдан
маанилүү бир өзгөрүүгө себеп болот. Көрүнүп тургандай, бир адамдын жаратылуу
баскычтарында ар бир секунда сайын ишке ашкан бардык процесстер бири-бирин
толуктайт жана бири болбосо экинчиси да болбойт. Албетте, булардын баары ар бир
адамдын улуу бир күч-кудурет тарабынан жаратылганын толук далилдейт. Болгондо
да, бул баскычтар наристе бул дүйнөгө келген соң да үзгүлтүксүз уланат. Эненин
сүтү да наристенин муктаждыгына жараша көбөйөт. Алгачкы күндөрү 50 грамм сүт
чыкса, алтынчы айда бир күндө бир литрге чейин жетет. Эне сүтүнүн формуласын
табууга аракет кылган илимпоздор канчалаган изилдөөлөрдөн соң мунун мүмкүн эмес
экенин түшүнүшкөн. Себеби эне сүтү стандарттуу бир типте эмес. Ар бир эненин
денесинде сүт өзүнүн ымыркайынын муктаждыгына жараша иштелип чыгат жана
наристенин ал сүттөн алган азыктын ордун эч нерсе алмаштыра албайт. Эненин
сүтүндөгү антитело, гормон, витамин жана минералдардын наристенин муктаждыгына
жараша жөнгө салынаары изилдөөлөрдүн натыйжасында далилденген.
Эне сүтү менен башка азыктардын ортосундагы айырмалар
Эне сүтүнүн
ордуна башка азыктарды колдонуу наристенин муктаждыгын толук канааттандыра
албайт. Мисалы, башка азыктардын эч биринде наристенин иммундук системасына
керек болгон антителолор жок.
Наристелер үчүн
салттык бир азык катары кабыл алынган уйдун сүтүнө салыштырганыбызда эне
сүтүнүн артыкчылыгын жакшыраак түшүнөбүз. Уйдун сүтүндө адамдын сүтүнө
караганда казеин көп болот. Казеин уютулган (ачытылган) сүттөгү бир белок. Бул зат
ашказанда чоңураак бөлүкчөлөргө бөлүнөт, б.а. тамак сиңирүүнү татаалдаштырат.
Ошондуктан уйдун сүтүнүн сиңиши эне сүтүнө салыштырмалуу оор. Бул заттын эне
сүтүндө аз өлчөмдө болушу наристе үчүн бир жеңилдик.
Бул эки сүт
аминокислоталардын курамы жагынан да айырмаланат. Бул айырмачылык уйдун сүтүн
ичкен наристелердин плазмасында аминокислоталардын жалпы көлөмүнүн көбүрөөк,
кээ бир аминокислоталардын абдан көп, кээ бирлеринин болсо жетишсиз болушуна алып
келет. Бул бир жагынан борбордук нерв системасына терс таасир тийгизсе, экинчи
жагынан белоктун ашыкча болушу бөйрөктөргө жүк болот.
Эне сүтүн өзгөчө
кылган дагы бир касиет анын курамындагы кантка байланыштуу. Эне сүтү менен
уйдун сүтүнүн курамында лактоза аттуу бирдей типтеги кант бар. Бирок адамдын
сүтүндөгү лактозанын көлөмү (бир литрде 7 грамм) уйдун сүтүнөн (бир литрде 4,8
грамм) жогору. Мындан тышкары, уйдун сүтүнүн уюган чоң бөлүкчөлөрү ичке
ичегиден абдан жай өтөт. Бул абдан керектүү болгон суу менен лактозанын
көпчүлүк бөлүгүнүн ичке ичегинин баш жагында сиңирилишине себеп болот. Эне
сүтүнүн уюган бөлүкчөлөрү болсо ичке ичегиден оңой өтүп, суу менен лактоза жоон
ичегиге жетет. Натыйжада ичегинин ичинде пайдалуу бактериялар өрчүп, анын
түзүлүшү адамдар үчүн абдан пайдалуу болуп калыптанат. Эне сүтүндө лактозанын
көп болушунун дагы бир пайдасы, ал нерв системасындагы негизги түзүлүштөрдүн
пайда болушуна салым кошкон «цереброзид» аттуу бир заттын калыптанышына шарт
түзөт.
Эне сүтү менен
уйдун сүтүнүн майлуулугу дээрлик бирдей болгону менен, алардын сыпаттары ар
түрдүү болот. Эне сүтүндөгү линол кислотасы наристе азык аркылуу алышы керек
болгон бирден бир май кислотасы болуп эсептелет.
Эне сүтүн өзгөчө
кылган дагы бир касиети – бул анын курамындагы туз менен минералдын көлөмү.
Уйдун сүтүндө адамдын сүтүнө салыштырмалуу туз менен минерал абдан көп болот.
Мисалы, уйдун сүтүндө кальций да, фосфор да көп. Бирок ортодо чоң айырма
болгондуктан, бул наристенин кальций зат алмашуусуна терс таасир тийгизет.
Ошондуктан жаңы төрөлгөн наристеге уйдун сүтүн берүү анын канындагы кальцийдин
деңгээлинин төмөндөшүнө алып келип, кээ бир маселелерди пайда кылат.
Мындан тышкары,
эне сүтүндө темир 50% деңгээлинде болот. Уйдун сүтүндө бул төмөн болгондуктан,
уйдун сүтү менен багылган наристелерде темир жетишсиздигинен улам аз кандуулук
келип чыгат.
Витамин
баалуулугу да эне сүтүн наристелер үчүн эң негизги азыкка айлантат. Эне сүтү
менен уйдун сүтүнүн курамы витамин жагынан да бири-биринен абдан айырмаланат.
Экөөндө тең A витамини бирдей болгону менен, E, C жана K витаминдери эне
сүтүндө көбүрөөк. D витамини да эне сүтүндө наристеге жетиштүү көлөмдө болот.
Эне сүтү наристени ар дайым коргойт
Эненин
курсагындагы корголгон жана микробсуз жерден чыгып, бул дүйнөгө келген ымыркай
сырткы дүйнөдө көптөгөн микробдор менен согушууга мажбур болот. Эне сүтүнүн эң
негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири, ал наристени инфекциялардан коргойт. Эне сүтүнөн
наристеге өткөн иммундук клеткалардын иштеп чыккан антителолору наристенин
мурда эч тааныбаган микробдор менен аларды тааныгандай согушуп башташына шарт
түзөт. Өзгөчө ымыркай жаңы төрөлгөн кезде бир канча күн чыккан «ууз» деп
аталган сүттө антителолор мол болуп, коргоо таасири түздөн-түз байкалат.
Эне сүтүнүн
наристени жеңил инфекциялардан баштап өтө оор инфекцияларга чейин коргошу
өзгөчө алгачкы бир канча айда зор мааниге ээ болот жана эмизүүнүн мөөнөтүнө
жараша пайдасы да өсөт.
Эне сүтүнүн наристеге болгон пайдалары барган сайын жакшыраак аныкталууда. Наристени эне сүтү менен 2 жыл багуунун абдан пайдалуу болоору эне сүтүнө байланыштуу илим тармагындагы жаңы ачылыштардын бири болду. Илим тармагында жаңы ачылган бул маанилүү маалыматты Аллах бизге 14 кылым мурда төмөнкүчө кабар берген:
Биз адамга эне жана атасын (аларга жакшы мамиле кылууну) насаат кылдык. Энеси аны абдан кыйынчылык менен (курсагында) көтөрүп жүргөн. Анын (сүттөн) чыгышы эки жыл ичинде (болот). «Мага да, эне жана атаңа да шүгүр кыл, Мага гана кайтасыңар.» (Локман Сүрөсү, 14)
Булактар:
51 Laurence Pernoud, J’attends un enfant, Pierre Horay, Paris, 1995, s. 138
52 Geraldine Lux Flanagan, Beginning Life, A Dorling Kindersley Book, Londra, 1996, s. 103




Hiç yorum yok:
Yorum Gönder