29 Ağustos 2020 Cumartesi

КИРИШҮҮ

Адамдын денеси жер жүзүндөгү эң татаал машина. Өмүр бою ушул денебиз менен көрөбүз, угабыз, дем алабыз, басабыз, чуркайбыз жана ырахат алабыз. Денебиз сөөктөрү, булчуңдары, кан тамырлары, ички органдары менен бирге кемчиликсиз долбоорлонгон. Бул долбоорду тереңирээк караганда мындан да таң калаарлык акыйкаттарга күбө болобуз. Бири-биринен айырмалуудай көрүнгөн дене мүчөлөрүнүн бүт баары окшош материалдардан турат. Клеткалардан...

Денебиздин бардык бөлүктөрү көлөмү миллиметрдин миңден бириндей болгон клеткалардан турат. Клеткалардын бир бөлүгү биригип сөөктөрдү, бир бөлүгү нервдерди, бир бөлүгү боорду, бир бөлүгү ашказаныбыздын ички түзүлүшүн, бир бөлүгү терибизди, бир бөлүгү болсо көзүбүздүн айнекчелин түзүшөт. Клеткалар дененин кайсы мүчөсүн түзсө, ошол жерге керектүү көлөмгө жана формага ээ болушат.

Ушунчалык ар түрдүү кызматтарды аткарган клеткалар кантип жана качан пайда болушкан?

Бул суроонун жообу бизди сансыз кереметтерден турган бир окуяга алып барат. Азыр сиздин денеңизди түзгөн болжол менен 100 триллион клетканын баары бир клетканын көбөйүшүнөн келип чыккан. Түзүлүшү азыркы клеткаларыңыз менен бирдей болгон ал жалгыз клетка болсо апаңыздын энелик клеткасы менен атаңыздын сперма клеткасынын кошулушунан пайда болгон.

Аллах Куранда адамдарга кээде асмандардагы жана жердеги, кээде болсо жаныбарлардагы жаратылуу кереметтерин Өзүнүн бар экендигинин далили катары мисал келтирет. Алардын эң негизгилеринин бири – бул азыр сөз болуп жаткан адамдын жаратылуусундагы кереметтер.

Курандын көптөгөн аяттарында адамдын сабак алуу үчүн өзүнүн кантип жаратылганын карап көрүшү насаат кылынат. Адамдын кантип пайда болгону жана кандай баскычтардан өткөнү терең сүрөттөлөт. Вакыа Сүрөсүндөгү аяттарда адамдын жаратылуусу төмөнкүчө баяндалат:

Силерди Биз жараттык, дагы эле тастыктабайсыңарбы? (Жатындарга) куюлуп жаткан урук суюктугун (сперманы) көрдүңөрбү? Аны силер жаратып жатасыңарбы, же Биз жаратып жатабызбы? (Вакыа Сүрөсү, 57-59)

Адамдын денесин түзгөн 60-70 килограммдык эт жана сөөк массасынын маңызы башында бир тамчы сууда топтолуп турат. Акыл жүгүртө алган, уккан, көргөн жана дене түзүлүшү абдан татаал болгон бир адамдын бир тамчы суудан пайда болушу, албетте, кереметтүү өрчүү процессинен өтөт. Бул өрчүү процессинин эч көзөмөлсүз, туш келди жүрүшү, албетте, мүмкүн эмес.

Адамдын пайда болушунун бардык баскычтары Аллахтын теңдешсиз жаратуусу менен ишке ашат.



Бул китепте жер жүзүндөгү ар бир адамдын пайда болушунда эч тынымсыз кайталанган «адамдын жаратылуу керемети» терең каралат. Бул китепте баяндалган окуялардын адамдын жаратылуу процессинин бир бөлүгү гана экендигин белгилөө керек. Бирок бул китепте баяндалган бөлүгү да адамга Жаратуучубуздун чексиз кудуретин, бүт ааламды курчап турган чексиз илимин жана акылын дагы бир жолу көрсөтөт. Жана Улуу Аллахтын «жаратуучулардын эң сонуну» экендигин бүт адамдарга дагы бир жолу эскертет:

Ант болсун, Биз адамды сүзүп (тандалып) алынган бир ылайдан жараттык. Кийин аны бир суу тамчысы абалында бекем корголгон бир жерге жайгаштырдык. Кийин ал суу тамчысын бир алак (эмбрион) кылып жараттык; анан ал алакты бир тиштем эт кылып жараттык; андан соң ал бир тиштем этти сөөк кылып жараттык; ошентип сөөктөргө эт кийгиздик; андан соң башка бир келбетте аны жасадык. Жаратуучулардын эң сонуну болгон Аллах кандай Улук. (Мүминун Сүрөсү, 12-14)

 

АКЫЛДУУ ПЛАН, башкача айтканда, ЖАРАТЫЛУУ

Китепте кез-кезде колдонулган «долбоор, план» сөздөрүнүн маанисин туура түшүнүү керек. Аллахтын бүт ааламды кемчиликсиз бир план (долбоор) менен жаратышы Раббибиз алгач план түзүп, анан жараткан деген мааниге келбейт. Асмандардын жана жердин Раббиси Аллах жаратуу үчүн кандайдыр бир «план» түзүүгө муктаж эмес. Аллахтын бир нерсенин планын, долбоорун түзүшү менен жаратышы бир учурда болот. Аллах мындай кемчиликтерден таза. Аллах бир нерсенин же бир иштин болушун кааласа, ага «Бол» деп айтышы гана жетиштүү болот. Курандын аяттарында мындай деп айтылат:

Бир нерсени каалаганда, Ал «Бол» деп гана буйрук берет; ал ошол замат болуп калат. (Йасин Сүрөсү, 82)

Асмандарды жана жерди (эч нерсени өрнөк албастан) жараткан. Ал бир иштин болушун чечсе, ага бир гана «Бол» деп айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)

ЖАҢЫ ЖАШОО ҮЧҮН ЖАРАТЫЛГАН КЕРЕМЕТТҮҮ СИСТЕМА

Адамзаттын жер жүзүндө урпагын улантышы көбөйүү системасынын кемчиликсиз иштөөсүнөн көз-каранды. Көбөйүү системаларынын иштеши аял менен эркектин денесинде бири-биринен абдан айырмаланат. Бирок ал системалар бири-бирин кемчиликсиз толуктайт жана жыйынтыгында бир адам дүйнөгө жаралат. Адамдын эки башка денеде, бири-биринен көз-карандысыз иштелип чыккан маңыздардан пайда болушунан жер жүзүндөгү эң улуу кереметтердин бирине күбө болобуз: адамдын жаратылуу кереметине...

Адамдын жаратылуу керемети үчүн адамдын денесиндеги керектүү даярдыктар негизи көп жылдар мурда башталат. Ал үчүн алгач эркек менен аялдын жыныстык клеткалары активдүү абалга келиши керек. Бул ар бир адамда «өспүрүм убагы» деп аталган бир процесс аркылуу башталат. Бул процесстеги эң негизги элемент, албетте, клеткалардын ортосундагы байланышты камсыз кылган гормоналдык система. Гормоналдык системаны болсо мээ көзөмөлдөйт.

Аллах адамдын денесиндеги бардык муктаждыктарды жана өзгөрүүлөрдү мээ башкара тургандай кылып жараткан. Мээ органдардан келген билдирүүлөрдү баалап, эң ылайыктуу жоопторду керектүү жерлерге мүмкүн болушунча эң кыска убакытта жиберет. Мында байланыш каражаты катары гормоналдык системаны колдонот. Аллах адамдын денесинде кемчиликсиз «почта тармагын» жараткан. Ал тармактын ичинде «гормон» деп аталган кабар жеткирүүчү молекулалар кандайдыр бир мааниде «почтальондун» милдетин аткарышат. Почтальондун бүт шаарды кыдырып тиешелүү кабарларды керектүү даректерге жеткириши сыяктуу, гормондор да мээден келген буйруктарды тиешелүү клеткаларга жеткиришет. Ошентип денеде адамдын жашоосуна керектүү функциялар иштеп баштайт.

Бирок бул жерде бир нерсени эске салышыбыз керек: гормондор эмнени каерге алып бараарын билген, ошого жараша багытын аныктаган аң-сезимдүү адамдар эмес. Бул милдетти аткаруу үчүн билим да, тажрыйба да алышкан эмес. Гормон аттуу «почтальондор» абдан татаал формулалар менен сүрөттөлгөн молекулалар гана. Бир молекуланын эмнени каерге алып бараарын билиши, кайсы клетканын кайсы билдирүүдөн кыймылга келээрин аныкташы, өзүнөн миллиарддаган эсе чоң, капкараңгы адамдын денесинин ичинде эч адашпай жолун табышы, өзүнө жана билдирүүгө эч бир зыян тийбестен өз милдетин кемчиликсиз аткарышы, албетте, абдан улуу керемет. Бир эле ушул мисал да Аллахтын адам денесинин ичине канчалык кереметтүү системаларды жайгаштырганын анык далилдөөгө жетиштүү.

Гормоналдык система жалпысынан адам эненин курсагында жатканда иштеп баштайт жана көз жумганга чейин уланат. Жыныстык бездер да гормондордун таасири менен иштеп баштай турган органдар. Бирок дененин башка мүчөлөрүнөн айырмаланып, жыныстык бездерге тиешелүү гормондор өспүрүм кезде бөлүп чыгарыла баштайт. Гормоналдык системанын жетекчиси деп эсептелген мээдеги «гипоталамус» өспүрүм жашка жеткенде ага баш ийген бездердин бирине, т.а. гипофиз безине жыныстык (көбөйүү) органдарды активдештире турган буйруктарды жибере баштайт.

Бул жерде дагы бир кереметке көңүл буруу керек. Гипоталамус аттуу бул органыбыз адамдын денесиндеги өзгөрүүлөрдөн, мисалы адамдын канча жашка келгенинен, дененин көбөйүү системасынын иштеп башташына жетиштүү деңгээлде жетилип жетилбегенинен кабардар. Жана ошого жараша иш-аракет жүргүзөт. Башкача айтканда, гипоталамус жылдарды эсептеп, адамдын өспүрүм жашка келгенин аныктайт жана дененин кээ бир секреция бездерине керектүү буйруктарды берет. Дал учуру келгенде жыныстык органдарга керектүү билдирүүлөрдү (гормондорду) жиберип, адамдардын урпагы уланышы үчүн керектүү өрчүү процессинин башталышына шарт түзөт. Болгондо да, муну бир адамдын гипоталамусу эмес, азыркы учурда жер жүзүндө жашаган миллиарддаган адамдын ар биринин гипоталамусу дээрлик бирдей жаштарда бул процессти баштайт.

Денебизде көлөмү бир канча кубик канттай болгон бул бир кесим эттин убакыттан кабардар болушу, арадан өткөн жылдарды эсептеп баарын жөнгө салышы, албетте, ойго салбай койбойт. Гипоталамус муну кантип эсептейт? Гипоталамуска эмне кылуу керек экенин бирөө үйрөткөнбү же гипоталамус муну өзү түшүнгөнбү? Гипоталамус адам пайда болушу үчүн жыныстык бездер өрчүшү керек экенин эсептеп, ага бир убакыт белгилеп, дал өз убактысында ошол гормонду чыгарышы керек экенин кайдан билет? Мындан тышкары, гипоталамус өзү чыгарган көптөгөн гормондордун арасынан кайсынысынын өз учурунда көбөйүү системасын ишке киргизээрин кантип аныктайт? «Абдан көрөгөч» болгону үчүн алдын ала пландап, ошого жараша чараларды жана даярдыктарды көрөбү? Эмне үчүн мурдараак же кийинчерээк эмес, дал адамдын денеси физиологиялык жактан көбөйүүгө даяр болгон мөөнөткө чейин күтөт?

Көзү, кулагы, тили жана мээси жок бир кесим этке акылы бар бир жандыктай иш-аракет жасатып, клеткаларды башкарткан акыл биз элестете алгандан абдан улуу, теңдешсиз бир акыл.

Гипоталамуска убакытты билдирген кокустуктар да, башка кандайдыр бир күч да эмес. Гипоталамуска бул өзгөчөлүктөрдү берген улуу акыл Аллахка тиешелүү. Эмнелерди кылышы керек экенин да бул кичинекей бир тиштем этке бүт баарын билген Аллах илхам кылууда. Аллах бүт баарын башкарып тураарын бир аятта «Аллах бүт баарын карап көзөмөлдөп туруучу.» (Ахзаб Сүрөсү, 52) деп билдирген.

Алдыдагы маалыматтарды окуп жатканда ушул акыйкатты ар дайым эсте тутуу зарыл.

 

Жынысты айырмалай алган гормондор

Гипоталамус ГнРГ (гонадотропин-рилизинг-гормон) аттуу бир гормонду кан аркылуу гипофиз безине жиберип, аял менен эркекте өспүрүм доорунун башталышы үчүн биринчи кадамды таштайт. Гипоталамус жиберген буйруктун негизинде гипофиз бези алгач жыныстык органдарды активдештире турган гормондорду жөнөтө баштайт. Алар ЛГ (лютеиндештирүүчү гормон) жана ФСГ (фолликулду стимулдоочу гормон) деп аталат. Бул гормондордун экөө тең эркектерде да, аялдарда да бөлүп чыгарылат, бирок таасирлери экөөндө эки башка болот.1




Аялдарда да, эркектерде да бир эле гормондор чыгарылганына карабастан, алардын таасирлеринин бири-биринен толугу менен айырмаланышы абдан таң калыштуу. Мисалы, ФСГ аттуу гормон аялдарда энелик клетканы пайда кылат. Эркектерде болсо ушул эле гормон сперманы пайда кылат. ЛГ гормону болсо аялдарда энелик клетканын бөлүнүп чыгышына жана прогестерон аттуу башка бир гормондун чыгарылышына шарт түзөт. Прогестерон жатындын наристеге даярдалышында колдонулат. Ушул эле гормон эркектерде такыр башка милдетти аткарып, клеткаларды тестостерон гормонун бөлүп чыгарууга стимулдайт. Тестостерон болсо эркектик өзгөчөлүктөрдүн жана сперманын пайда болушуна шарт түзөт.

Таасири окшош гормондордун эки денеде бирдей формулада иштелип чыгып, бирок толугу менен эки башка таасирлерди пайда кылышы, албетте, ойлондурбай койбойт.

Бир гормон эркектин денесинде бөлүнүп чыкканда, ал клеткалардын эркекке тиешелүү экенин түшүнүп, ошого жараша өзгөрүүлөрдү жасайт. Мисалы, ал гормон эркектин денесинде булчуңдарды чоңойтуп, үндү жоонойтот жана сакал-муруттарды чыгарат.

Ушул эле гормон аялдын денесинде да дал ушундай формула менен чыгарылат, бирок аялда дээрлик толугу менен эркекке карама-каршы таасирлерди пайда кылат. Аялдарга аялдын үнүн, эркектерге эркектин үнүн берген, дененин өрчүшүн жынысына жараша жөнгө салган бир гормон эгер муну айырмалай алса, демек ал аял менен эркектин денесинин анатомиясын жана химиясын билет. Бул болсо гормондун акылы бар жана, мындан тышкары, бул тууралуу билим алган деген мааниге келет.

Көп адамдар аял менен эркектин жыныстык органдарына таасир тийгизүүчү гормондордон, клеткалардын ортосундагы байланыштардан жана процесстердин кандай жүргөнүнөн кабары да жок. Денесиндеги буйрук чынжыры, билдирүүлөрдүн агымы, дененин өрчүшүнүн ошол буйруктардан көз-карандылыгы, бул системанын иштешинде болор-болбос бир кемчилик кетсе, өмүрүнө чоң көйгөйлөрдүн пайда болоору тууралуу эчтеке билбейт жана бул процесстерди башкара албайт. Бул багытта билим албаган бир адамдын буларды билбеши кадыресе көрүнүш. Бирок бир молекула жыйындысынын бул маалыматтарды билишин эч качан кадыресе көрүнүш деп айтууга болбойт.

Молекулярдык түзүлүшү төмөнкү сүрөттө чагылдырылган гормондор химияны кайдан билет, кантип адамдын денесиндеги химияны түшүнүп, ал маалыматтардын негизинде бир химиктей болуп дененин керектүү аймактарына барат жана башка клеткаларды керек учурда керектүү гормондорду иштеп чыгууга багыттайт? Бул аң-сезимсиз молекула жыйындысы булардын баарын жасай турган акылды кайдан алган? Бул акылдын гормон деп аталган молекулаларга тиешелүү эместиги айдан ачык. Булардын баарынын кокусунан же башка бир нерсенин таасири менен мындай болуп калбашы да анык.

Бул кереметтүү көрүнүштүн бир гана түшүндүрмөсү бар. Эркек менен аял үчүн өз-өзүнчө жөнгө салынган бул биохимиялык процесстер бизге мында бир долбоордун, бир пландын бар экенин көрсөтөт. Бул долбоор улуу акылман Аллахка тиешелүү. Адамдар бул кемчиликсиз чеберчилик тууралуу терең терең ой жүгүртүүгө жана бүт нерсенин жалгыз өкүмдары Аллахка моюн сунууга милдеттүү.

 

Жыныстык клеткалардын өрчүшү

Технологиялык шаймандарды өндүргөн бир заводдо өндүрүш учурунда көптөгөн робот машиналар колдонулат. Ал машиналардын бардык иштөө программалары, иштөө системалары, техникалык колдоо бөлүмдөрү, кыскасы өндүрүштө талап кылына турган бардык өндүрүш маалыматтары заводдун көзөмөл борборунда сакталат. Ал жер өндүрүш, сапатты көзөмөлдөө, бузулгандарды оңдоо сыяктуу этаптарда колдонула турган бардык маалыматтарды сактоочу бир банкка окшошот. Дүйнөнүн эң жогорку жана эң татаал түзүлүшү болгон адам денесин да ушундай бир заводго салыштырсак, анда ал заводдун иш-аракеттерине керектүү бардык маалыматтар клеткалардын ядросундагы ДНК молекуласында сакталат деп айтууга болот.




Адам эненин курсагында жаңы уруктанган бир энелик клеткага айланган кезде эле келечектеги бардык өзгөчөлүктөрү Аллах тарабынан белгиленип, белгилүү бир тартипте ДНКларына жайгаштырылат. Чачынын өңү, бою, өмүр бою чалдыгуу ыктымалдыгы жогору болгон оорулары, ар түрдүү физикалык өзгөчөлүктөрү сыяктуу адамдын бардык өзгөчөлүгү электрондук микроскоптон араң көрүнгөн кичинекей бир жерде абдан этияттык менен сакталат.

ДНК денебиздеги болжол менен 100 триллион клетканын ар биринин ядросунда бар. Клетканын орточо диаметринин 10 микрон (микрон: миллиметрдин миңден бири) экенин ойлосок, ДНКнын канчалык кичинекей жерде канчалык көп маалыматты сактаарын жакшыраак түшүнө алабыз.

Организмдин бир план жана программанын негизинде өмүр сүрүшүн камсыз кылган ДНКны бир энциклопедияга салыштырсак, анда хромосомалар ал энциклопедиянын томдорун түзөт.

Хромосома томдорунун ДНК молекуласында жуп жуп болуп жайгашышы абдан маанилүү. Ар бир адамдын жаралуу этабында жуп хромосома томдорунун жарымы энеден, калган жарымы болсо атадан келет. Энеден келген 23 хромосома менен атадан келген 23 хромосома бири-биринин жубу. Башкача айтканда, ар бир адамдын клеткаларынын ядросундагы 46 хромосома негизи 23 жуптан турат. 23-хромосома гана өзгөчө болот. 23-хромосома көбүнчө X же Y тамгалары менен көрсөтүлөт. Эркектерде 23-хромосоманын жуптарынын бири X, экинчиси болсо Y хромосома. Аялдарда болсо 23-хромосома эки X хромосомадан турат.2

Бул маалыматтардан соң төмөнкүдөй суроо туулат: ар бир адамдын бардык клеткаларында 46 хромосома болсо, кантип эне менен атанын клеткаларынын биригишинен пайда болгон жаңы наристенин да 46 хромосомасы болот? Эгер энеден келген хромосомалардын саны 46, атадан келген хромосомалардын саны да 46 болгондо, кадимки шарттарда 92 хромосомалуу, анормалдуу бир жандык пайда болушу керек эле. Бирок андай болбойт. Анда кантип бардык адамдар 46 хромосомалуу болуп төрөлөт?

Бул суроонун жообу абдан маанилүү бир жаратылуу кереметин көз алдыбызга тартуулайт.

 

Катасыз бөлүнүү…

Дененин клеткаларында бөлүнүүнүн эки түрү бар. Алардан «митоз» деп аталган бөлүнүү түрү дененин көптөгөн клеткаларында кездешет. Мындай бөлүнүү учурунда клеткалардын хромосомаларынын саны өзгөрбөйт. Жаңы пайда болгон клеткаларда да эч кандай бузулуу жана өзгөрүү болбойт, баары бири-бирине окшош болушат.

Бул жерде бир нерсени белгилей кетүү керек. Эгер жыныстык клеткалар да ушинтип бөлүнгөндө, адам адам боло алмак эмес. Анткени эне менен атадан өз-өзүнчө 46 хромосома келсе, жогоруда айтылгандай, наристе 92 хромосомалуу болуп төрөлмөк, бул болсо адамдын түзүлүшүн толугу менен бузмак. Бирок денебиздеги теңдешсиз долбоордон улам мындай көйгөй жаралбайт. Себеби жыныстык клеткалардын пайда болушунда ишке ашкан жана «мейоз» деп аталган бөлүнүү учурунда абал башкача болот. Мейоз бөлүнүүнүн натыйжасында клетканын хромосомаларынын саны 46дан 23кө, б.а. эки эсеге азайат.




Бул бөлүнүү аягына чыкмайынча, жыныстык клеткалар толук жетилбейт. Эркектин денесинде да, аялдын денесинде да бул клеткаларды жетилте турган жана жетилген соң татаал сапарга даярдай турган атайын механизмдер бар. Бири-биринен эч кабарсыз жана көп жагынан айырмаланган аял менен эркектин көбөйүү системалары жыныстык клеткаларды бири-бирине толук даярдаганга аракет кылышат.

Буларга алдыда тереңирээк токтолобуз. Буларды окуп жатканда маанилүү бир жагдайга көңүл буруу керек. Жыныстык клеткалар бөлүнүп баштаган кезден баштап көзөмөлгө алынып, белгилүү бир планга баш ийишет. Эч кандай башаламандык болбойт. Клеткалар керектүү бөлүнүүлөрдөн өтүп, хромосомалар дал керектүү санда болот жана процесстердин кезегинде эч кандай өзгөрүү же кемчилик болбойт. Ар бир орган, аларды түзгөн клеткалар, ал клеткаларды түзгөн органеллдер абдан гармонияда иш алып барышат. Мындан тышкары, денедеги процесстердин жүрүшүнө салым кошкон гормондор менен ферменттерди түзгөн молекулалар да, ал молекулаларды түзгөн атомдор да абдан системалуу бир байланыш аркылуу качан процесске кошулаарын билишет жана кайсы органга кандай таасир тийгизээри тууралуу эч жаңылыштык кетиришпейт.

Клеткалардын, ферменттердин, гормондордун, кыскасы дененин бөлүктөрүнүн ортосундагы бул гармония жөнүндө сөзсүз ойлонуу керек.

Бир молекуланын, ал молекуланы түзгөн атомдордун план түзүшү, ал планды ишке ашырышы, кээ бирлеринин буйрук берип, калгандарынын ал буйрукка баш ийиши, берилген буйрукту түшүнүп, кемчиликсиз аткарышы эч качан кокустан пайда болбой турган кереметтүү көрүнүштөр. Болгондо да, ушул күнгө чейин жашап өткөн жана азыр жашап жаткан миллиарддаган адамдын ар биринин денесинде булардын ишке ашышы жана ар бир адамда кемчиликсиз гармониянын орун алышы мындан да улуу керемет. Денебизди түзгөн көзгө көрүнбөй турганчалык кичинекей клеткаларга жана ал клеткалар чыгарган гормондорго, ферменттерге жана башка жүз миңдеген бөлүктөргө улуу акылды жана аң-сезимди талап кылган бүт мындай өзгөчөлүктөрдү башаламан кокустуктардын бере албашы анык. Адамдын денесинде кемчиликсиз иштеген бардык системалардын ар бир баскычынын жана ар бир бөлүгүнүн адамдын акылы жетпей турган, теңдешсиз бир акылдын күчүнө баш ийээри айдан ачык.

Бул улуу акыл бүт ааламды бардык майда-чүйдөлөрүнө чейин жараткан Аллахка тиешелүү. Аллах Курандын аяттарында Өзүнөн башка Кудай жок экенин кабар берген. Бакара Сүрөсүндө мындай деп айтылат:

Аллах... Андан башка кудай (сыйынууга татыктуу зат) жок. Ал – тирүү, Кайуум. Аны уйкусуроо жана уйку тартпайт. Асмандарда жана жерде эмне бар болсо, баары Аныкы. Анын уруксаты болбостон, Анын кабатында шапаат кылуучу ким? Ал алдыңардагыны жана артыңардагыны билет. (Алар болсо) Ал каалагандан сырткары, Анын илиминен эч нерсени түшүнүп-аңдай алышпайт. Анын күрсүсү бардык асмандарды жана жерди курчап турат. Аларды коргоо Ага оор эмес. Ал – абдан улук, абдан бийик. (Бакара Сүрөсү, 255)


Булактар:

1  Guyton&Hall, Tıbbi Fizyoloji, Nobel Tıp Kitabevleri, İstanbul, 1996, 9. baskı, s. 1005, 1017

2  Keith L. Moore, The Developing Human - Clinically Oriented Embryology, W. B. Saunders Company, 1983, Canada, s. 141

ӨЗ МИЛДЕТИН ЭҢ МЫКТЫ АТКАРГАН КЕМЧИЛИКСИЗ АРМИЯ

Миллиондогон аскерден турган бир чоң армияны элестетиңиз. Баары бир максатты көздөгөн, жолдун узундугуна, алдыдагы оор тоскоолдуктарга, абдан олуттуу коркунучтарга карабастан эч артка кайтпаган бир армия. Бул армиянын мүчөлөрү максатка жетүү үчүн өздөрүнүн көлөмүнө салыштырганда жүз миңдеген эсе чоң аралыкты басып өтүшү керек болсун. Ушунча көп санда жана ушундай оор сапарга чыккан бир армияга максатка жетүү үчүн, албетте, жардамчылар, жол көрсөтүүчүлөр жана кошумча жабдыктар керек болот.

300 миллион мүчөдөн турган ушундай эбегейсиз чоң армия эркектердин денесинде бар. Армиянын аскерлери болсо спермалар. Бою миллиметрдин болжол менен 1%ындай болгон спермалар максатына, б.а. энелик клеткага жетүү үчүн абдан узун аралыкты басып өтүшөт.

Чогуу сапарга чыккан 300 миллионго жакын сперма клеткасынан эң чыдамкай 1000 даанасы энелик клеткага жете алат. Алардын арасынан бирөөсү жарышты жеңип, энелик клетканы уруктандырат. Спермалар бул жарышты баштаардан мурда алгач эркектин жыныстык органдарында узун сапарга чыгып, жетилүү баскычтарынан өтүшөт. Бул жетилүү баскычтарында спермалардын көптөгөн көмөкчүлөрү болот.

 

Спермалардын пайда болуу баскычтары

Бир энелик клетканы уруктандыруу үчүн ар бир жолу болжол менен 200-300 миллион сперма клеткасы даярдалат. Бул эбегейсиз чоң сан, бирок мынчалык көп болушунун маанилүү бир себеби бар. Алдыда тереңирээк каралгандай, эненин денесине кирген спермалардын көпчүлүк бөлүгү жолдо өлөт. Энелик клеткага жете алгандардын саны абдан эле аз болот. Ошондуктан спермалардын санынын абдан көп болушу аркылуу энелик клетканын уруктанышына тоскоол боло турган рисктер жоюлган. Миллиондогон сандагы бир армиянын мүчөлөрү, б.а. спермалар эркектердин тестикула (урук бези) деп аталган жыныстык органдарында иштелип чыгат. Бирок урук безинде бир канча баскычта өндүрүлгөн спермалар салкын аймакта гана жашай алышат. Адамдын денесинин кадимки температурасы 37°C. Мындай температурада спермалар өлүп калышат. Ошондуктан спермалар дененин ичинде жашай алышпайт. Урук бездеринин эң негизги өзгөчөлүгү, алар дененин сыртында жайгашкан. Аллах эркектин денесине ушундай өзгөчө түзүлүштү жаратып, спермалардын пайда болушуна эң ыңгайлуу шартты даярдаган.

Эркектин урук бездери ар түрдүү каналча системаларынан турат. Абдан кеңири аймакты ээлеген ушул каналча системаларынан улам миллиондогон сперма тездик менен пайда болуп, эч кыйынчылыксыз сакталып тура алат. Ыкчам өндүрүштүн жана сактап коюу процессинин эмне үчүн керек экенин бир энелик клетканы уруктандыруу үчүн 200-300 миллион сперманын иштелип чыгылаарын караганда жакшыраак түшүнөбүз.

Өндүрүштүн көлөмүнө карап, миниатюралык заводдор деп сыпаттоого боло турган урук бездеринде спермаларды өндүргөн жана жалпы узундугу болжол менен 500 метрге жеткен 1000ге жакын каналча бар. Ал каналчалар «урук каналчалары» деп аталат. Каналчалардын ар биринин орточо узундугу болжол менен 50 сантиметрди түзөт жана алардын ичинде белгилүү убакыт аралыгында өрчүп спермаларды пайда кыла турган сперманын негизги клеткалары жайгашат.3





Сперманын негизги клеткалары (сперматогоний) урук каналчаларынын капталдарында жайгашат. Белгилүү убакыттан соң бул клеткалар көбөйө баштап, бир митоз жана эки мейоз бөлүнүүдөн өтүшөт. Мурдакы бөлүмдө айтылгандай, уруктануудан кийин атадан келген спермадан наристеге 23 хромосома өткөрүлүшү үчүн, сперманын негизги клеткалары мейоз бөлүнүүдөн өтүп, хромосомаларынын саны эки эсеге азайат.

Бул бөлүнүүлөрдүн натыйжасында 4 даана «сперматида» деп аталган клетка пайда болот. Бирок бул клеткалар уруктандыруу касиетине ээ эмес. 23 хромосомалуу бул шар формасындагы клеткалар уруктандыруу касиетине ээ болуу үчүн дагы өзгөрүүлөрдөн өтүшү шарт.

Эркектин жыныстык системасындагы бул маанилүү муктаждык эске алынып, дал керектүү жерге сперматида клеткаларынын өрчүшүнө көмөкчү боло турган бир клетка тобу жайгаштырылган. Мейоз бөлүнүүдөн кийинки бир-эки жуманын ичинде ар бир сперматида клеткасынын формасы ушул көмөкчү клеткалар (Сертоли клеткалары) тарабынан өзгөртүлүп түзүлөт. Бул бөлүнүү процесстеринин акыркы баскычында сперманы сперма кылган куйрук, ядро жана сперманын баш жагындагы көптөгөн ферменттерден турган акросома сыяктуу бөлүктөр пайда болот.4 (Тереңирээк маалымат «Сперма менен энелик клетка жолугушат» аттуу бөлүмдө берилет.)

Бул калыптануу процесстеринин баары каналчаларда жайгашкан, жогору сөз кылынган «Сертоли» клеткаларында ишке ашат. Бул клеткалардын узун колдору (цитоплазмалык бутактары) бар жана өздөрү да абдан чоң. Сертоли клеткалары өрчүп жаткан сперматида клеткаларын колдору менен бекем ороп, өзүнүн цитоплазмасынын ичине жакшылап сиңирет. Ошентип аларды өрчүү процессинде азыктандырып турушат жана ар дайым көзөмөл астында кармашат.5

Албетте, бул жерде кыскача сүрөттөлгөн бул кубулушта негизи улуу керемет бар. Адамзаттын тукумун уланткан спермалар Сертоли клеткалары деп аталган, белоктордон жана аминокислоталардан турган түзүлүштөрдүн жардамы менен пайда болушат. Бул жерде бир саамга ойлонолу. Бир Сертоли клеткасынын, тагыраак айтканда, акылы, аң-сезими, көзү, кулагы, мээси жок бир клетканын өзүн ушундай милдетке арнашы улуу керемет. Бул процесс бул клетканын улуу бир акыл тарабынан башкарылаарын апачык далилдейт. Ошондой эле, бул клеткалардын дал керектүү жерде, б.а. спермалар пайда болгон урук каналчаларында жайгашышы жана дал керектүү өзгөчөлүктөргө (мисалы, сперматидаларга салыштырмалуу чоңураак көлөмгө) ээ болушу да адамдын денесиндеги кемчиликсиз долбоордун миллиондогон далилдеринин бири. Аллах адамдын денесин түзгөн болжол менен жүз триллион клетканын ар бирин өз ордуна жайгаштырып, ар бирине керектүү өзгөчөлүктөрдү берген жана ар бирине аткара турган милдеттерин кемчиликсиз илхам кылган. Куранда кабар берилгендей, «... Ал маңдайынан кармап-көзөмөлдөбөгөн эч бир жандык жок. Албетте, менин Раббим туптуура бир жол үстүндө (туптуура жолдогуну коргойт).» (Худ Сүрөсү, 56)

 

Бири-биринен көз-каранды система

Жогоруда Сертоли клеткаларынын сперматидаларды спермаларга айландыруудагы ролу тууралуу сөз кылдык. Кайсы физикалык фактор ал клеткаларды ишке салат жана сперматидаларды азыктандырып, алардын өрчүшүн көзөмөлдөө милдетин билдирет?

Сертоли клеткаларынын өз милдетин аткарышына фоллукил стимулятор (ФСГ) аттуу гормон шарт түзөт. Гипофиз безинин алдыңкы бөлүгүнөн бөлүп чыгарылган бул гормон Сертоли клеткаларын стимулдайт. Бул гормон иштелип чыгып, тиешелүү аймакка жетмейинче сперма пайда болбойт. Сигналды алган Сертоли клеткалары сперма пайда болушу үчүн сөзсүз талап кылынган эстроген аттуу гормонду бөлүп чыгара баштайт. Сперманын өрчүшүнө салым кошкон дагы бир клетка түрү бар: урук каналчаларынын арасында жайгашкан жана «Лейдига» деп аталган клеткалар. Бул клеткаларга спермаларды өрчүтө турган башка бир гормонду чыгаруу милдети жүктөлгөн. Гипофиз безинин алдыңкы бөлүгүнөн чыгарылган ЛГ (лютеиндештирүүчү гормон) Лейдига клеткаларын стимулдайт. Натыйжада бул клеткалар тестостерон гормонун чыгара башташат. Тестостерон жыныстык органдардын чоңоюшуна, жыныстык органдардагы бездердин өрчүшүнө жана эркектик мүнөздөрдүн пайда болушуна шарт түзгөн жана сперманын пайда болушунда эң негизги рольду ойногон бир гормон.

Ал ортодо Сертоли клеткаларынын белок иштеп чыгуу сыяктуу башка милдеттери да бар. Ал белок эстроген жана тестостерон гормондорун урук каналчаларынын ичинде жайгашкан суюктукка жеткирет.6

Лейдига клеткаларынын да дагы бир милдети бар. Сперма клеткалары кыймылдоо үчүн керектүү энергияны Лейдига клеткалары берген фруктозадан алышат. (Мунун маанисине кийинки бөлүмдөрдө тереңирээк токтолобуз.)




Көрүнүп тургандай, гормоналдык система дененин башка бөлүктөрүндөгү сыяктуу көбөйүү системасында да кемчиликсиз уюшкандык менен иштейт. Бардык гормондор башкалардын алып келген билдирүүсүн ошол замат түшүнүп өз милдетин аткарышат. Мисалы, мээнин кепил мээ (диэнцефалон) аймагында жайгашкан гипофиз бези убакыттын келгенин түшүнүп ишке киришет жана эркектин урук бездериндеги клеткаларга буйруктарды жиберип, органдарга жана кыртыштарга жасай турган иштерин билдирет. Гипофиз безин болсо мээнин гипоталамус аттуу башка бир аймагы ишке салат.

Адамдын пайда болушунун алгачкы баскычы гормондор алып келген бул маалыматтардын туура түшүнүлүп, буйруктардын толук аткарылышынан көз-каранды. Клеткалар менен молекулалар гормондор алып келген билдирүүлөрдү кантип түшүнүп, кантип ишке киришет? Бири-биринин химиялык түзүлүштөрүн жана ал түзүлүштөргө кандай ыкма менен таасир беришээрин кайдан билишет?

Сертоли жана Лейдига клеткаларынын сперманын пайда болушуна салым кошуу үчүн алардан бир топ алыста жайгашкан, өмүрүндө эч качан көрбөгөн, болгондо да түзүлүшү жагынан аларга такыр окшобогон гипофиз безинин буйруктарын аткарышын, андан буйрук келмейинче эч нерсе жасабашын, албетте, кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбойт. Гормондордун мындай өзгөчөлүктөргө көп жылдардын аралыгында көптөгөн кокустуктардын натыйжасында ээ болушу да мүмкүн эмес. Анткени системанын кандайдыр бир баскычында бир кемчилик болсо, бул бардык процесстерге таасир берет. Системанын бир эле мүчөсү кем болсо, ал толугу менен иштебейт. Мисалы, Сертоли клеткалары гипофиз бези жиберген ФСГ гормонунун маанисин билбесе жана эстроген гормонун чыгарып баштабаса, сперма пайда болбойт. Же Лейдига клеткалары аларга тапшырылган фруктоза менен камсыз кылуу милдетин аткарбаса же кемчилик менен аткарса, сперма толук жетилсе да, жатынга кирген соң азык таба албаганы үчүн өлөт жана энелик клеткага жете албаганы үчүн клетка уруктанбайт.

Бул бизге апачык бир акыйкатты көрсөтөт. Органдар менен клеткалардын ортосундагы байланыштарды түзгөн, гипофиз безине, гипоталамуска, Лейдига жана Сертоли клеткаларына, кыскасы эркектин денесинде сперманын пайда болушуна катышкан бардык мүчөлөргө кандай иш-аракет жүргүзөөрүн илхам кылган жана бири-биринин тилин түшүнткөн Аллах. Бүт нерсе Аллахтын буйругу менен болот. Аллах бул акыйкатты бир аятында мындайча кабар берген:

Асмандан жерге (чейинки) ар бир ишти Ал курчап жөнгө салат... (Сажда Сүрөсү, 5)

 

Сперманы марага жеткирген башка бөлүктөр

Бир аз өрчүгөн сперма клеткалары кыймылдоо жана уруктануу жөндөмүнө көбөйүү системасынын дагы бир бөлүгү болгон кыпчыкейде (эпидидимис) ээ болушат. Урук безинин сырт жагына ийкемдүү абалда карматылган кыпчыкей түтүгү ушунчалык бырыштуу болгондуктан, узундугу болжол менен 6 метрге жетет. Спермалардын бир бөлүгү сапарга чыгаардан мурда белгилүү убакыт кыпчыкейде сакталат. Кыпчыкей болсо «бел суу жүргүзүүчү түтүк» аттуу сперма түтүгүнө туташат. Бул түтүктө спермалар уруктануу жөндөмүн жоготпостон, көпкө сактала алат. Жана учуру келгенде бул түтүктөн сыртка чыгарылып, аялдын денесиндеги энелик клетка менен табышуу үчүн узун сапарга чыгышат.7

Бирок спермалар уруктандыруу процессин башташы үчүн бул оор сапарда муктаждыктарын канааттандырып, тирүү калышы үчүн аларга көмөк көрсөтө турган башка жардамчылар да керек. Спермалардын узун сапарындагы жардамчыларынын бири простата бези болсо, экинчиси простатанын эки жагында жайгашкан «урук баштыкчалары» деп аталган секреция бездери. Бул бездер сперма даяр болгон соң өздөрүнүн милдетин аткарып, сапарда спермага көмөкчү боло турган атайын курамдагы суюктуктарды иштеп чыгарышат.

Простата безинен чыгарылган суюктук сперма сапарга чыкканда ага кошулат. Ал суюктуктун курамында цитрат, кальций, фосфат иондору жана фибринолизин бар. Сперма сапарга чыккан аялдын жыныстык органдарында бактериялардын көбөйүшүнө бөгөт болгон жыш кислота аралашмасы бар. Бул кислота аралашмасы сперма клеткаларынын кыймыл жөндөмүн азайтуудан тышкары, аларды өлтүрүүчү таасирге ээ. Бирок простата суюктугунун кислотаны жумшартуучу таасиринен улам сперма энелик клетканы көздөй эч кыйынчылыксыз сүзөт.

Бул жерде бир саамга токтоп ойлонуу керек. Эркектин жыныстык системасындагы простата бези аялдын денесиндеги чөйрөнү билгендей иш-аракет жасайт. Простата бези спермалардын сапарга чыкканда кислоталуу чөйрөгө туш болоорун жана андай шартта спермалардын жашай албашын билет. Ал тургай, бул коркунучка бөгөт коюунун жолун аныктап, ага керектүү суюктукту иштеп чыгат. Албетте, бул абдан улуу бир керемет. Эркектин денесиндеги бир секреция безин ага эч кандай тиешеси жок бир түзүлүштү тааныйт жана ошого жараша өз алдынча чара көрөт деп айтууга болбойт. Ойлоп көрсөңүз, акылдуу жана аң-сезимдүү, көрүү, угуу жөндөмдөрү бар, баарын эсептеп, чара көрө алган, маселелерди чече алган бир адам дагы өмүрүндө эч көрбөгөн бир чөйрөдө аны кандай коркунучтар күтүп жатканын болжолдоп, ага карата чараларды көрө албайт. Бирок простата бези деп аталган, клеткалардан турган бир кесим эт муну кыла алат. Албетте, ушунчалык маанилүү бир чечимди чыгарып, аны ишке ашырган простата бези эмес. Бул безге аткара турган милдеттерин илхам кылган – эркектин жыныстык системасынын да, аялдын денесинин да ар бир миллиметр квадратын жараткан Аллах.

Болгондо да, эркектин жыныстык системасында сперманын сапарына абдан керектүү өндүрүштү жасаган бир эле простата бези эмес. Простата безинин жанында жайгашкан урук баштыкчалары чыгарган суюктук да бул сапарда абдан маанилүү. Сперма сапарга чыккандан көп өтпөстөн, оор сапарда аны марага жеткире турган бул суюктук да спермага кошулат. Бул суюктукта көп өлчөмдө фруктоза, башка азыктар, көп өлчөмдө простагландин жана фибриноген бар. Фруктоза менен башка азыктар спермаларды аялдын денесине киргенден энелик клетканы уруктандыруу баскычына чейинки процесс бою азыктандырат. Ошондой эле, бул суюктуктун ичиндеги простагландин аттуу зат спермалар энелик клеткага жетиши үчүн башка жагынан жардам берет. Простагландиндин бир функциясы жатын каналындагы былжыр менен реакцияга кирип, сперманын кыймылына ыңгайлуу шартты түзүү. Экинчи функциясы болсо жатын жана фаллопий түтүктөрүн карама-каршы багытта жыйрылтып, спермалардын кыймылын жеңилдетүү.

Бул жерде өтө кереметтүү бир окуя бар экенин дагы бир жолу көрөбүз. Простата бези чыгарган суюктук эркектин денесин эмес, эч көрбөгөн аялдын денесин абдан жакшы билет. Аялдын жатынынын жана фаллопий түтүктөрүнүн жыйрылышынын сперманын кыймылына көмөкчү болоорун алдын ала билип, абдан «көрөгөчтүк» менен аларды жыйрылта турган бир химиялык затты (простагландин) өзүнүн курамына кошот. Бул жумушту кайсы бир химикке тапшырдык деп элестетели; анда ал киши эмне кылаар эле?

Алгач сперманы анализдеп, анын түзүлүшүн, уруктандыруу үчүн эмнелердин жана кандай шарттардын талап кылынаарын ж.б. изилдейт. Андан соң аялдын денесин, гормондорун, энелик клетканы, энелик клетканы жатынга алып баруучу фаллопий түтүктөрүн, жатынды, жатындын кыртышын, жыйрылууга шарт түзүү үчүн нерв системасын жана дагы көптөгөн нерселерди изилдөөгө аракет кылат. Андан соң аларга таасир тийгизе турган затты көп жылдык билими менен тажрыйбасын колдонуп аныктайт жана ал заттарды кандай өлчөмдө аралаштыраарын эксперимент аркылуу жана китептерден изилдеп табышы керек болот. Аң-сезимдүү адам ушунча убакыт коротуп көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүзгөн соң гана муну балким белгилүү бир деңгээлде аткара алышы мүмкүн.

Бирок бул өндүрүштү жасагандар билим алып, бул багытта көп жылдар бою тажрыйба топтоп адистешкен химиктер эмес, аң-сезимсиз атомдордон жана молекулалардан турган клеткалар, кыртыштар жана органдар. Албетте, бул клетка жыйындысын химиктерден да акылдуу жана илимдүү жана булардын баарын өз эрки менен жасашат деп айтууга болбойт.

Эч күмөнсүз, эркектин жыныстык системасында иштелип чыгып, аялдын жыныстык системасына таасир тийгизе тургандай кылып долбоорлонгон бул суюктук да, аны пайда кылган клеткалар, кыртыштар жана органдар да Аллахтын жаратуусунун апачык далилдеринен.

Бири-биринен көз-каранды болгон бүт бул системалардын кокусунан пайда боло албашы анык. Акылдуу жана абийирдүү бир адам дүйнөдө жашап өткөн миллиарддаган адамдын ар биринин денесинде кемчиликсиз ишке ашкан бул кереметтүү окуялардын улуу акылдын жана чексиз кудуреттин чыгармасы экенин заматта түшүнөт. Жана бир гана ушул чексиз акылдын жана кудуреттин ээси Аллахка ибадат кылат.

Эй адамдар, силерди жалгыз бир напсиден (адамдан) жараткан, андан түгөйүн жараткан жана ал экөөсүнөн көптөгөн эркек жана аялды жаратып-тараткан Раббиңерден коркуп-тартынгыла. Жана Анын атынан бири-бириңерден бир нерселер сурай турган Аллахтан жана тууганчылык (мамилелерин үзүү)дөн сактангыла. Албетте, Аллах силерди көзөмөлдөөчү. (Ниса Сүрөсү, 1)

 

Аралашма суюктук: урук суюктугу (сперма)

Спермалар жолго чыккан соң алгач простата безинен чыгарылган суюктук жана андан соң урук баштыкчасынан чыккан суюктук спермага кошулат жана ошентип «урук суюктугу» пайда болуп, баары чогуу эненин денесин көздөй сапар тартат. Бул суюктуктар, жогоруда терең каралгандай, спермаларга керектүү энергияны камсыздай турган азыктарды камтуу, базистик касиети аркылуу жатындын босогосундагы кислоталарды нейтралдаштыруу жана чөйрөнү спермалардын кыймылына ыңгайлаштыруу сыяктуу кызматтарды аткарат.

Уруктандыруу үчүн эркектин денесинен чыгарылган бул суюктуктар жалпысынан «урук суюктугу» деп аталат. Урук суюктугунун болжол менен 10%ы сперма каналдарынан, 60%ы урук баштыкчаларынан, 30%ы простата безинен келген суюктуктардан жана спермалардан турат. Мындан тышкары, аз өлчөмдө башка секреция бездеринен келген суюктуктарды да камтыйт.8 Башкача айтканда, урук суюктугу деп аталган суюктук фруктоза, фосфорилхолин, эрготионин, аскорбин кислотасы, флавин, простагландин, лимон кислотасы, холестерин, фосфолипид, фибринолиз, цинк, фосфатаза кислотасы, фосфаза, гиалуронидаза жана сперма сыяктуу аралашма заттардан турган бир суюктук. Бул жерден Аллах Куранда кабар берген бир кереметти көрөбүз.9

Аллах Курандын көптөгөн аяттарында адамдын жаралышына көңүл буруп, бул тууралуу ойлонууга буюрган. Курандын аяттарын изилдеген илимпоздор адамдын жаралуусу жөнүндө маалымат берген аяттарда Курандын көптөгөн кереметтеринин жашырылганын көрүшкөн. Мисалы, урук суюктугунун бир аралашмадан тураары заманбап илимдин технологиялык мүмкүнчүлүктөрү аркылуу жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында аныкталган. Бирок чындыгында бул маалымат мындан 1400 жыл мурда Куранда кабар берилген. Куранда урук суюктугу «аралашма» суюктук деп сүрөттөлөт:

Күмөнсүз, Биз адамды аралашма бир тамчы суудан жараттык. Аны сынап жатабыз. Ошондуктан аны угуучу жана көрүүчү кылдык (кулак, көз бердик). (Инсан Сүрөсү, 2)

Бул аралашма суюктуктун ичиндеги заттардын арасынан спермаларда гана уруктандыруу өзгөчөлүгү бар. Көп адамдар урук суюктугунун баарында уруктандыруу өзгөчөлүгү бар деп ойлошот. Чындыгында болсо урук суюктугунун аз эле бөлүгүн түзгөн спермалар гана уруктандырат. Башкача айтканда, адам урук суюктугунун баарынан эмес, тескерисинче кичинекей бир бөлүгүнөн (спермадан) пайда болот.

Жыныстык катнаш учурунда эркектен урук суюктугу менен бирге бир жолуда орточо 250-300 миллионго жакын сперма чыгарылат. Бирок миллиондогон сперманын миңдейи гана энелик клеткага жете алат. Ал миң даананын арасынан бирөөсүн гана энелик клетка кабыл алат. Башкача айтканда, адамдын маңызы урук суюктугунун баары эмес, анын кичинекей бир бөлүгү. Бүгүнкү күндө көп адамдар билбеген же туура эмес билген бул жагдай мындан 1400 жыл мурда Куранда кабар берилген. Куранда бул акыйкат төмөнкүчө билдирилген:

Адам «өз башымча жана жоопкерчиликсизмин» деп ойлойбу? Өзү куюлган урук суюктугунан бир тамчы суу эмес беле? (Кыямат Сүрөсү, 36-37)

Башка бир аятта кайра эле урук суюктугунун аралашма экендигине ишарат кылынып, адамдын ал аралашманын маңызынан жаратылганы төмөнкүчө белгиленген:

Ал жараткан бүт нерсесин эң кооз кылган жана адамды жаратууну бир ылайдан баштаган. Анан анын урпагын бир маңыздан, болгону бир суудан жасаган. (Сажда Сүрөсү, 7-8)

Бул аяттын араб тилиндеги маанисин караганыбызда Курандын бир кереметин мындан да ачык байкайбыз. Аятта айтылган жана «маңыз» деп которулган араб тилиндеги «сулала» деген сөз «маңыз же бир нерсенин эң жакшы бөлүгү» дегенди билдирет. Бул сөз кайсы жагынан каралбасын, «бүтүндүн бир бөлүгү» деген мааниге келет.

Бул Курандын адамды ушунчалык кылдат системалар менен жараткан Аллахтын сөзү экендигин апачык тастыктайт.

 

Акыркы даярдыктар бүткөрүлөт…

Урук суюктугундагы заттар тарабынан колдоого алынган сперманын жалпы түзүлүшү толукталып бүткөн болот. Баш, моюн, ортоңку бөлүк, куйрук жана учку бөлүктөн турган сперманын ар бир бөлүгүнүн өзүнүн аткарган кызматы бар.

Сперманын ядросу деп айтылган баш бөлүгүнүн көлөмү 5 микронго жетпейт (1 микрон метрдин миллиондон бирине барабар). Адамдын денеси тууралуу маалыматтарды камтыган жана бир клетканы бир адамга айландыра турган бардык маалыматтын жарымы ошол 5 микрон өлчөмүндөгү бөлүктүн ичине батырылган. Сперманын баш бөлүгүндөгү 23 хромосомадан турган бул генетикалык маалымат баштыкчасы энелик клеткага чейин жеткирилет. Башкача айтканда, бир адамдын денесиндеги бардык органдардын кантип иштээри, кайсы жерде жайгашаары, кайсы периоддо кайсы клетканын өрчүп, бөтөнчөлөнө (өзгөчөлөнө) баштаары, кыскасы бир адамдын кантип куралаары тууралуу маалыматтар микроскопиялык өлчөмдөгү сперма клеткасынын ядросунун ичине бекем коргоого алынып, жайгаштырылган.

Сперманын баш бөлүгүндө генетикалык маалыматтан тышкары башка өзгөчө түзүлүштөр да бар. Мисалы, эң сырткы катмарда жайгашкан «акросома» аттуу коргоочу бөлүктө сперманын сапарынын акыркы жана эң маанилүү этабында колдоно турган жардамчылары жайгашат. Алар кыртыштарды талкалай турган ферменттер. Сперма уруктануу учурунда ошол ферменттерди колдонуп, энелик клетканы тешип, ичине кирет.10 (Сперма менен энелик клетка жолугушат аттуу бөлүмдү караңыз.)

Сперманын экинчи негизги бөлүгү болсо – бул анын суюктукта оңоюраак сүзүшүнө шарт түзгөн куйругу. Сперманын куйругу анын кыймылынын багытын аныктайт жана энелик клеткага жетишине жардам берет. Ал куйрук тынымсыз кыймылдаганга керектүү энергияны кайдан алат? Сперманын энергия муктаждыгы да кемчиликсиз чечилген. Сперманын ортоңку бөлүгү сапар бүткөнгө чейин ага энергия бере турган күйүүчү зат кампасы болуп саналат. Энелик клеткага жеткенге чейинки алыс сапарда керектелүүчү энергияны ушул бөлүктөгү митохондриялар камсыз кылышат. Сперманын моюн бөлүгүндөгү энергия пакетчелери митохондриялар тарабынан колдонулуп, АТФ энергиясы иштелип чыгат жана сперма ошол энергия менен кыймылдайт.11

Көрүнүп тургандай, сперманын түзүлүшү бүт жагынан кемчиликсиз долбоорлонгон. Сперманын куйругу болбосо кыймылдай албайт, ортоңку бөлүгүндөгү митохондриялары болбосо энергия иштелип чыкпайт жана кайра эле кыймылдай албайт. Сперманын баш бөлүгү кемчиликсиз толукталып, бир эле акросома аттуу бөлүгү болбосо, анда керектүү ферменттер болбогону үчүн сперманын энелик клеткага жетишинин эч кандай пайдасы болбойт, анткени сперма энелик клетканы тешип кирип, аны уруктандыра албайт.

Ошондуктан сперманын бүт бул өзгөчөлүктөрүнө, эволюция теориясында айтылгандай, убакыттын өтүшү менен, акырындап ээ болушу мүмкүн эмес. Жер бетинде алгачкы адам пайда болгондо эле спермада бул өзгөчөлүктөрдүн бүт баары болушу шарт. Кандайдыр бир өзгөчөлүгү кем болгон сперма уруктандыруу функциясын аткара албаганы үчүн, эволюционисттер айткандай башында спермалар толук жетилбеген абалда болгондо, адамзат көбөйө албастан, жер жүзүнөн жок болмок. Бул сперманын бир заматта толук бойдон, эч кемчиликсиз пайда болгонун, б.а. жаратылганын көрсөтөт. Спермадагы кемчиликсиз долбоор бүт нерсенин Жаратуучусу Аллахка тиешелүү.



 

Бири-бири үчүн жаратылган системалар

Спермалар урук суюктугунун ичинде эркектин денесинен чыкканда негизи толугу менен энелик клетканы уруктандыра ала турган абалда болушпайт. Эркектин денесинен чыкканга чейин сакталып турган жердеги кээ бир секрециялардан улам спермалардын кыймылы чектөөгө алынат. Ошондуктан спермалар урук суюктугу жаңы аралашып, аялдын денесине жеткенде, энелик клетканы уруктандыра алышпайт. Анда эркектин жыныстык системасынан чыккан спермалар энелик клетканы уруктандыруу жөндөмүнө кантип ээ болушат?

Уруктануу процесси оңой ишке ашышы үчүн аялдын денесинде да көптөгөн системалар даярдалган. Бул этапта аялдын жыныстык аймагынан чыгарылган кээ бир суюктуктар спермага жардамга келип, спермалардын энелик клетканы уруктандыруу жөндөмүн жогорулатат. Спермалардын аялдын денесине жеткендеги өзгөрүүлөрүнүн кээ бирлери төмөнкүдөй:

1. Аялдын жатын жана фаллопий түтүктөрүнөн чыгарылган суюктуктар эркектин жыныстык каналындагы спермалардын кыймылын азайткан факторлорду жок кылуучу химиялык касиетке ээ. Ошентип аялдын жыныстык каналына жеткен спермалардын кыймылдуулугу артат.

2. Спермалардын эркектин денесинде жайгашкан жеринде, т.а. урук безинде урук баштыкчаларынан келген көп өлчөмдө холестерин болот. Холестерин тынымсыз сперманын баш жагындагы акросома аймагынын кабыкчасына (мембранасына) жайгашат. Натыйжада акросоманын кабыкчасы бекемделип, анын ичиндеги энелик клетканын кабыкчасын тешүүчү ферменттердин керексиз учурда сыртка чыгышына бөгөт коюлат. Бирок бул нерсе сперманын энелик клетканы уруктандырышына жолтоо болот. Ошондуктан спермалар аялдын денесине өткөндө бул тоскоолдуктан кутулушу шарт. Адамдын пайда болуу этабындагы миллиондогон шарттар сыяктуу бул үчүн да атайын бир система даярдалган. Спермалар аялдын денесине өткөндөн белгилүү убакыттан кийин жатын суюктугуна аралашышат. Жана ал суюктук ичинде спермаларды камтыган урук суюктугундагы холестеринди азайтып, сперманын баш жагындагы (акросома) кабыкчаны жукартат. Ошентип сперма энелик клеткага жеткенде акросоманын ичиндеги ферменттер эч кыйынчылыксыз сыртка чыгат жана энелик клетканын кабыкчасын тешип, аны уруктандырат.

3. Спермалар аялдын денесине өткөндө баш жагындагы кабыкчанын кальций иондоруна карата өткөргүчтүгү артат. Сперма клеткасынын ичине көп өлчөмдө кальцийдин кириши сперманын кыймылдуулугун жогорулатат. Сперманы кыймылдаткан камчы сымал куйрук (чыбырткы) ага чейинки алсыз толкундуу кыймылын өзгөртүп, бат кыймылдай баштайт жана ошентип энелик клеткага оңой жетет.12

Эч күмөнсүз, сперманын аялдын денесине ушунчалык шайкеш жана бири-бирин толуктай тургандай кылып жаратылуусунда көңүл коюп изилдеген жана терең терең ойлонгон адамдар үчүн абдан маанилүү ишараттар бар. Сперма менен аялдын денеси ар бири өз алдынча бир кереметти турмушка ашыруу үчүн абдан аң-сезимдүү жана акылдуу иш-аракеттерди жүргүзөт. Аялдын денесине кире турган сперманын эркектин денесинде турганда, толуктала турган кээ бир кемчиликтери бар экенин билип, ошого жараша чара көрөт жана керектүү заттарды өндүрөт. Көзгө көрүнбөй турганчалык кичинекей бир сперманын кыймылдуулугун арттыруу үчүн өзгөчө шарттар даярдалган. Аялдын денеси сперманын абдан узак жол жүрөөрүн, сапарын аяктоо үчүн энергияга жана ал жолду бат басып өтө турган кыймылдуулукка муктаж болоорун билген сыяктуу. Ошондой эле, өзүндөгү энелик клетканы кандай химиялык аралашма менен тешүүгө болоорун билип, сперманын мында кемчиликтери бар экенин болжолдоп, ага холестериндин себеп болоорун аныктайт жана андан соң холестеринди азайта турган затты иштеп чыгып, энелик клетканын эң оңой тешилүүсүнө шарт түзөт. Жана булардын баарын өзүнүн жөндөмү менен жасайт!

Бул жерде айтылган мисалдардын сперманын денеге киргенден энелик клетканы уруктандырышына чейинки баскычтардын кичинекей бир бөлүгү экенин эске салуу керек. Анткени булар абдан татаал миңдеген химиялык процесстер аркылуу ишке ашат жана ал процесстерге көптөгөн белоктор, ферменттер жана суюктуктар жардам берет. Бирок бир нерсени өзгөчө белгилей кетүү керек: бул жерде буларга тереңирээк токтолушубуздун максаты илимий маалыматтарды берүү эмес, адам баласынын эволюционисттер айткан сокур кокустуктар менен эч качан пайда болбой турганчалык комплекстүү, бири-бирине шайкеш, бири-биринен көз-каранды жана татаал системалардын кемчиликсиз иштешинен пайда болоорун көз алдыга тартуулоо. Адам мындай турсун, сперманы кыймылдаткан бир даана ферменттин бир даана молекуласы да кокусунан пайда болбойт.

Бул жерге чейин эркектин денесинде иштелип чыккан сперма клеткаларынын аялдын денесиндеги химиялык заттардын жардамы менен кантип энелик клетканы уруктандыруу жөндөмүнө ээ болоору тууралуу сөз кылдык. Эми бир саамга ойлонолу. Ушундай комплекстүү система эволюция теориясында айтылгандай кокустуктардын натыйжасында акырындап пайда болушу мүмкүнбү? Албетте, мүмкүн эмес, бирок биз ошентсе да төмөнкүдөй сценарийди карап көрөлү.

Эркектин денесинде кокусунан пайда болгон бир сперма биринчи жолу аялдын денесине жеткенде, ага уруктандыруу жөндөмүн берүүчү суюктуктар кокусунан даяр болуп калганбы? Же аялдын жыныстык аймагына алгачкы жолу барган сперма энелик клетканы уруктандыра албаганы үчүн аялдын жыныстык клеткалары өз алдынча чечим чыгарып, керектүү химиялык заттарды иштеп чыгара баштаганбы?

Албетте, бул эки сценарий тең акылга, логикага туура келбейт жана эч качан ишке ашпайт. Бул мисалдардын баары бир гана акыйкатты көрсөтөт. Бардык бул системалар бүт ааламдын Жаратуучусу Аллахтын чексиз кудуретинин жана илиминин далилдери. Аллах адамдын денесинин ичинде, көзгө көрүнбөй турган кичинекей чекиттерде адамдын акылы жетпей турганчалык улуу кереметтерди жаратууда. Адамдардын денелеринде болуп жаткан ыйман далилдеринин адамдардын эркинен толугу менен көз-карандысыз жана алардын эч кабары болбостон ишке ашып жатканына көңүл бурууда. Жана адамдар да кошо, бүт нерсенин жалгыз өкүмдарынын бир Өзү экендигин эске салууда:

Эч күмөнсүз, сенин Раббиң абдан кечиримдүү. Ал силерди жакшыраак билет; силерди топурактан кураган (жараткан) жана силер энеңердин курсагында түйүлдүк абалында жаткан кезиңерди да (жакшы билет). Ошондуктан өзүңөрдү актай (күнөөсүз көрсөтө) бербегиле. Ал кимдин коркуп-тартынганын жакшыраак билет. (Нежм Сүрөсү, 32)


Булактар:

3 Guyton&Hall, Tıbbi Fizyoloji, Nobel Tıp Kitabevleri, İstanbul, 1996, 9. baskı, s. 1003

4 Guyton&Hall, Human Physiology and Mechanisms of Disease, 6. baskı, 1997, ABD, s. 649

5 Guyton&Hall, Tıbbi Fizyoloji, Nobel Tıp Kitabevleri, İstanbul, 1996, 9. baskı, s. 1004

6 Guyton&Hall, Tıbbi Fizyoloji, Nobel Tıp Kitabevleri, İstanbul, 1996, 9. baskı, s. 1005

7 Vander, Sherman, Luciano, İnsan Fizyolojisi, Bilimsel ve Teknik Yayınları Çeviri Vakfı, 1994, s. 654

8 Guyton&Hall, Tıbbi Fizyoloji, Nobel Tıp Kitabevleri, İstanbul, 1996, 9. baskı, s. 1006

9 Prof. Dr. Ahmet Noyan, Yaşamda ve Hekimlikte Fizyoloji, Ankara, Mart 1998, 10. baskı, s. 1113

10  Guyton&Hall, Tıbbi Fizyoloji, Nobel Tıp Kitabevleri, İstanbul, 1996, 9. baskı, s. 1005

11 Guyton&Hall, Human Physiology and Mechanisms of Disease, 6. baskı, 1997, ABD, s. 12; Gerard J. Tortora, Introduction to the Human Body The Essentials of Anatomy and Physiology, Biological Science Textbooks, 1997, s. 527

12 Guyton&Hall, Tıbbi Fizyoloji, Nobel Tıp Kitabevleri, İstanbul, 1996, 9. baskı, s. 1007

ЖАҢЫ АДАМДЫН ПАЙДА БОЛУШУНДА КЫЗМАТ КЫЛГАН ЭНЕЛИК КЛЕТКА

 

Өспүрүм куракта эркектин денесиндеги өзгөрүүлөргө окшогон өзгөрүүлөр аялдарда да келип чыгат. Аялдын көбөйүү клеткасы болгон энелик клетка менен бирге аялдын жыныстык системасы да эркектин жыныстык системасына ылайыктуу, аны толуктай тургандай болуп даярдалат.

Аялдарда да, эркектерге окшоп, өспүрүм куракка келгенде гипоталамус убакыттын келгенин түшүнгөндөй болуп, гипофиз безине энелик клеткаларды жетилте турган гормондорду иштеп чыгуу буйруктарын жиберет. Гипофиз бези бул буйруктарга ошол замат баш ийип, керектүү гормондорду иштеп чыгара баштайт.

Жыныстык клеткалардын иштелип чыгышы аялдарда эркектердеги сыяктуу үзгүлтүксүз эмес. Алар белгилүү убакыттарда даярдалат. Алардын убактысын аныктоо милдети да гипофиз безине тиешелүү. Гипофиз бези белгилүү убакыттарда энелик бездеги негизги энелик клеткаларды жетилте турган бир гормон бөлүп чыгарат. Ал гормон кайсы жерге таасир берээрин абдан жакшы билет жана түптүз энелик безге барып, энелик клетканы жетилтүү убактысынын келгенин кабар берет. Энелик бездеги клеткалар бул буйрукту ошол замат түшүнүп, энелик клетканы жетилтүү үчүн энелик бездин ичинде жигердүү иш-аракеттерди башташат.13

Эми бул маалыматтарды бир аз тереңирээк карайлы. Гипоталамус деп аталган кичинекей секреция бези убакытты кантип аныктайт? Буга чейин жашап өткөн жана азыркы учурда жашап жаткан миллиарддаган аялда бул убакытты так өз учурунда, эч жаңылбай кантип эсептейт? Гипоталамус мээнин диэнцефалон (ортоңку мээ) аймагында жайгашкан, убакытты аныктай турган бир механизми жок, сырткы дүйнө менен эч кандай байланышы болбогон, клеткалардан турган бир кесим эт. Бул бир кесим эттин убакытты эсептеши, албетте, жөнөкөй, кадыресе бир көрүнүш эмес. Бирок бул адамдын денесинде үзгүлтүксүз болуп жаткан кереметтүү процесстердин бирөөсү гана. Адамды таң калтырган буга окшогон процесстер адам денесинин ар бир миллиметр квадратында, ар дайым, эч тынымсыз уланууда. Мисалы, гипоталамустун жиберген буйругун окуп түшүнө алган, ошого жараша чечим чыгарып, ошол чечиминин негизинде белгилүү заттарды иштеп чыккан жана ал заттарды абдан алыс жакка, өмүрүндө эч көрбөгөн бир жерге эч катасыз жеткирген гипофиз безинде да таң калыштуу бир керемет бар. Гипофиз бези да клеткалардын жыйындысынан турат. Ал клеткалардын чогулуп, аларга келген буйруктарды «түшүнүшү» жана ал буйрукка баш ийиши өзүнчө бир керемет. Бул клетка жыйындысынын «түшүнүү», «аңдоо», «жыйынтык чыгаруу», «чечим алуу», «чечимди ишке ашыруу» сыяктуу жөндөмдөрү кайсы аң-сезимден келип чыгат?

Адамдын денеси жарык өтпөгөн, караңгы, көптөгөн суюктуктар кан тамырлардын ичинде абдан бат кыймылдаган, тынымсыз көптөгөн кыймыл-аракеттер жүргөн татаал чөйрө. Ошондой шартта өзүнүн көлөмүнө салыштырмалуу эбегейсиз чоң заттарга жолуккан бир молекула жыйындысынын көздөгөн жерине эч зыян көрбөй жана жоголбой жетишин жана кээ бир ортомчулар аркылуу керектүү жерлерге бир катар заттарды жиберишин эч кандай эволюция менен түшүндүрүүгө болбойт. Анткени эволюционисттердин мындай кереметтүү жаратылуу далилдеринин алдында бирден бир башпаанеги болгон кокустуктарга, башка жандыктардагы сыяктуу, адамдын татаал денесинде да эч кандай орун жок.

Дагы бир жолу эске салалы, бул процесстердеги акыл жана аң-сезим бул клеткалардын эч бирине тиешелүү эмес. Клетка деп аталган заттардын бири-бирин көрө турган көздөрү, сүйлөшүп түшүнүшө турган тилдери, уга турган кулактары жок. Алар бир гана Жараткан Аллахтын буйруктарын аткарышып, ар дайым Анын илхамы менен алардан күтүлбөй турган кереметтүү процесстердин ишке ашышына себепчи болушууда.

 

Энелик клеткалар жетилип баштайт...

Энелик клетка энелик без деп аталган жана толугу менен ушул жумушка ылайыкташтырып долбоорлонгон бир органда иштелип чыгат. Ар бир аялдын оң жана сол тарабында бирден жайгашкан энелик бездердин ичинде нервдер менен кан жана лимфа тамырлары кирип чыга турганчалык бир көңдөй бар. Көңдөйдүн ичинде канга абдан бай талча кыртыштары бар. Бул кыртыштар энелик клеткалардын коопсуз бир жерде пайда болуп, азыктанышына жана корголушуна шарт түзүшөт. Бул коопсуз түзүлүштүн ичинде ар кандай көлөмдөгү, көптөгөн баштыкчалар (фолликулдар) бар. Ар бир баштыкчада бир даана энелик клетка жайгашат. Ай сайын бул баштыкчалардын бирөөсүндөгү энелик клетка жетилип, уруктануу үчүн энелик бездин сыртына чыгарылат.



Бирок бул өндүрүш бир баскычтуу эмес; энелик клетканын жетилүү процесси бир канча баскычтан турат. Энелик клетка жетилип, көбөйүү клеткасына айлана алышы үчүн алгач бир митоз жана эки мейоз бөлүнүүлөр ишке ашат. Бирок бул бөлүнүүлөр белгилүү бир кезек менен болуп, эч кандай ката кетирилбеши керек. Анткени бөлүнүүлөрдүн натыйжасында клеткадагы хромосомалардын саны өзгөрүп, башкача клетка типтери пайда болот. Эркектин жыныстык клеткалары сыяктуу, аялдардын энелик клеткаларында да 46ны түзгөн хромосомалардын саны, бул бөлүнүүлөрдүн натыйжасында 23кө азайат.

Энелик клеткадагы митоз жана мейоз бөлүнүүлөрдүн натыйжасында үч даана кичинекей клетка жана бир даана чоң клетка (ооцит) пайда болот. Кичинекей клеткалар азык жетишсиздигинен өлөт, чоң клетка болсо кээ бир өзгөрүүлөрдөн өтүп энелик клетканы пайда кылат. Эгер пайда болгон клеткалардын баары бирдей көлөмдө болгондо, уруктануудан кийин пайда болгон зиготанын өрчүшүнө азык жетпей калмак. Клеткалардын бирөөсүнө көбүрөөк азык берилип, калгандарынын кичинекей бойдон калышы аркылуу мындай көйгөйдүн жаралышына эң башынан бөгөт коюлган.

Энелик клетканын жетилүүсү өзүнөн-өзү болуучу бир процесс эмес. Башында да айтылгандай, анын жетилүүсүн, эркектин жыныстык системасындагы сыяктуу, мээнин астына жайгаштырылган гипофиз бези тарабынан чыгарылган гормондор жөнгө салат. Энелик клетканын пайда болуу баскычтары жана аларды жөнгө салган гормондор кыскача төмөнкүдөй:




1- Фолликулярдык баскыч: энелик клетканын пайда болуу баскычы. Негизги энелик клетка, бир аз мурда айтылгандай, «фолликул» деп аталган баштыкчалардын ичинде болот. Фолликулдун пайда болушу болжол менен 14 күнгө созулат. Гипофиз чыгарган гормондордун бири ФСГ (фолликулду стимулдоочу гормон) кан аркылуу энелик бездерге келет. Бул гормон энелик бездерде фолликулдун пайда болушу, өрчүшү жана фолликулдун ичиндеги негизги клеткадан энелик клетканы пайда кылуу сыяктуу кызматтарды аткарат. Ошондой эле, бул гормон жетилген фолликулдан эстроген гормонунун бөлүнүп чыгышына себеп болот.

Эстроген гормону өзгөчө жатындын түзүлүшүнө таасир тийгизүүчү бир гормон. Жатындагы клеткалардын митоз бөлүнүшүн ылдамдатып, аны калыңдатат, ошентип уруктануу ишке ашкандан кийин белгилүү убакыттан соң эмбриондун жумшак жерге жабышышына шарт түзөт. Ошондой эле, жатынга кан жана кыртыш (ткань) суюктугунун көп өлчөмдө келишин камсыз кылат. Мындай даярдыктар ай сайын көрүлөт. Эгер энелик клетка уруктанса, атайын даярдалган ушул кыртышка жайгашып азыктанат жана өрчүүнү улантат.

Адамдын жаратылуусунун бардык баскычтары сыяктуу, бул жерде да бир керемет бар. Аялдын жыныстык системасындагы клеткалар келечекте коноктоло турган эмбриондун муктаждыктарын алдын ала аныктап, ошого жараша даярдыктарды көрүшөт жана түйүлдүктүн өрчүшүнө эң ыңгайлуу шарттарды түзүүгө аракет кылышат. Бир клетка жыйындысы мындай аң-сезимдүү жана акылдуу иш-аракеттерди кантип жасашы мүмкүн? Албетте, клеткаларды акылдуу жана аң-сезимдүү деп эч качан айта албайбыз. Бирок аялдын жыныстык системасындагы (ошондой эле, гипофиз безиндеги) клеткалар эч мүмкүн эместей көрүнгөн иштерди аткарып, эч тааныбаган эмбриондун муктаждыктарына эң ыңгайлуу шарттарды алдын ала даярдашат.



Албетте, буларды клеткалар өздөрүнүн акылы жана эрки менен жасашат деп эч бир акылы, логикасы бар адам айта албайт. Ушунча акылы менен өзүнүн колунан келбеген нерсени аң-сезимсиз атомдордон турган клеткалардын колунан келет деп айткан адам, албетте, такыр логикасыз ойду айткан болот. Демек бул жерде чындык апачык көрүнүп турат: адамдын жаралуусуна салым кошкон бардык клеткалар Аллах илхам кылган милдеттерди аткарып, жер жүзүндө ар бир адам төрөлгөн сайын бир кереметтин ишке ашышына себепчи болушууда.

2- Лютеиндик баскыч (овуляция баскычы): бул баскычта энелик клетка жайгашкан баштыкча (фолликул) жарылып, энелик клетка эркиндикке чыгат. Бирок энелик бездерден көңдөйгө чыгарылган энелик клетканы кармай турган бир жардамчы керек. Антпесе энелик клетка сперма менен жолугуша турган жерди көздөй жыла албайт жана эч качан сперма менен жолугуша албайт. Бул жерде энелик без менен жатындын ортосунда түтүк түрүндө жайгашкан «фаллопий түтүктөрү» кызмат кылат. Энелик бездерден көңдөйгө чыгарылган энелик клетканы осьминогдой чоң колдору бар фаллопий түтүгү кармайт. Уруктануу фаллопий түтүгүндө ишке ашат жана кийинки баскычтар сперманын болуп болбошуна жараша калыптанат.



Бул процесстердин баарын гипофиз бези бөлүп чыгарган лютеиндештирүүчү гормон (ЛГ) көзөмөлдөйт. Бул гормонго байланыштуу дагы бир маанилүү жагдайга көңүл буруу керек. Жетилген энелик клетканын баштыкчасы (фолликул) жарылып, энелик клетка сперма менен жолугушчу жерди көздөй жөнөшү үчүн ЛГ гормону сөзсүз керек. Бул гормон болбосо, башка гормондор эч кемчиликсиз бөлүп чыгарылса да, фолликул овуляция баскычына чейин өрчүй берет. Бирок мындай катачылык кетирилбейт жана овуляция учурунан болжол менен 2 күн мурда илимпоздор түшүндүрө албаган, ушул кезге чейин толук билинбеген себептерден улам, алдыңкы гипофиз бези ЛГ гормонун бөлүп чыгарууну күчөтөт. Ошол эле учурда ФСГ аттуу гормон да көбөйөт жана эки гормондун таасири менен ай сайын үзгүлтүксүз овуляция процесси болуп турат. Башкача айтканда, гипофиз бези убакытты эч жаңылбай эсептеп, дал керектүү учурда керектүү гормондорду, керектүү өлчөмдө бөлүп чыгара баштайт.

Албетте, мындай пландуу иш-аракетти гипофиз безинин өзүнөн, ал безди түзгөн клеткалардан күтүүгө болбойт. Эгер бир жерде бийик акыл жана эрк бар болсо, демек ал акыл менен эрктин бир ээси бар. Адамдын жаралуу баскычтарындагы бул кереметтүү окуялардын бүт баарында көрүлгөн акыл жана эрк чексиз кудуреттүү Аллахка тиешелүү.

3- Сары денече (corpus luteum) баскычы: энелик клетка чыккан соң бошоп калган баштыкчанын (фолликулдун) ичи канга толот. Бул баштыкчалар жайгашкан көңдөйдү курчап турган «гранулеза» жана «тека» аттуу өзгөчө клеткалар көбөйүп, баштыкчанын ичиндеги уюган кандын ордун ээлешет. Бул клеткалар липидге бай, сары түстөгү клеткалар. Ошентип энелик клетка чыгып кеткен соң, фолликулдун ичи суюктукка толуп кеңейет да, «сары денече» (corpus luteum) аттуу активдүү бир түзүлүш пайда болот.15

Сары денече деп аталган бул түзүлүш жатындын эмбрионго даярданып, кош бойлуулуктун көйгөйсүз өтүшүнө абдан маанилүү салым кошот. Бул түзүлүштүн эң негизги өзгөчөлүгү – бул анын лютеиндештирүүчү гормондун (ЛГ) да таасири менен прогестерон аттуу гормонду бөлүп чыгарышы. Абдан маанилүү функцияларды аткарган прогестерон гормону жатындын дубалын стимулдайт. Жатындагы эң негизги өзгөрүү былжырлуу катмарда келип чыгат. Эстроген жана прогестерон гормондорунун таасири менен былжыр калыңдай баштайт. Бездер менен капиллярлар үстүңкү катмарга чейин жетип, жатындын дубалы бырыштуу түзүлүшкө айланат. Бездердин секрециялары артат. Мындай өзгөрүүлөрдүн максаты уруктануудан соң эмбриондун жайгашуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү. Ошондой эле, жатындын булчуңдарын эс алууга мажбурлап, кош бойлуулуктун уланышына шарт түзөт. Мындан тышкары, прогестерон сүт бездеринин өрчүшүнө да таасир берет.

Бир гормондун башкасына таасир беришин, болгондо да муну дал өз учурунда жасай турган бир туюмга ээ болушун кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбойт. Демек бул жерде суроолор туулат. Аң-сезимсиз атомдордун биригишинен пайда болгон бир молекула кантип ушунчалык күчтүү туюмга ээ болот жана кантип өз демилгеси менен денедеги процесстерди адамга эң ыңгайлуу кылып жөнгө салат? Гормондорду түзгөн молекулалардын акылы жана аң-сезими болушу мүмкүн эмес. Бул бизге системанын өтө улуу бир күч-кудурет тарабынан бири-бирин толуктоочу өзгөчөлүктөр менен бирге жаратылганын көрсөтөт. Гормондорду түзгөн молекулаларга, ал молекулаларды түзгөн атомдорго пландуу иш-аракеттерди жасоону илхам кылган – асмандардын жана жердин Рабби Аллах.

Сары денече баскычы 12-14 күнгө созулат. Бул мөөнөттүн аягында эгер уруктануу ишке ашпаса, сары денече бузулат жана баскычтар кайра башынан кайталанат. Сары денече бузулган соң, эстроген менен прогестерон бөлүп чыгарылбай калат, б.а. кезек кайрадан гипофиз безине келет. Гипофиз безинде кайрадан ФСГ жана ЛГ гормондору бөлүп чыгарыла баштайт. Натыйжада жаңы фолликулдар чоңойо баштайт. Бирок ал фолликулдар толук жетиле албайт, анткени эстроген менен прогестерондун болбошу жатында жаңы бир доордун (айыздын) башталышына себеп болот.

4- Айыз (менструация) баскычы: уруктанбаган энелик клетканын денеден чыгарылуу баскычы. Уруктануу ишке ашпаганы үчүн, ага чейин даярдалган жатындын дубалы созулуп, капиллярлар үзүлөт да, энелик клетка сыртка чыгарылат. Андан соң дене бул процесстердин баарын кайрадан кайталоо үчүн даярдыктарды баштайт.

Бул баскычтардын баары белгилүү жаштарда бардык аялдарда тынымсыз кайталанат. Ай сайын жаңы энелик клеткалар пайда болот, ошол эле гормондор ошол эле учурда кайра кайра бөлүп чыгарылат, аялдын денеси уруктануу боло тургансып даярданат. Бирок акыркы баскычта сперманын болуп болбошуна жараша денедеги даярдыктардын багыты өзгөрөт.

 

Уруктануунун алдындагы даярдыктар

Энелик клетка спермалардын аялдын денесиндеги жеткен жеринен 20-25 см алыста болот. Бул аралык спермалардын көлөмүнүн болжол менен 3000 эсесине барабар. Спермалардын көлөмүн эске алганда бул абдан алыс аралык, ошондуктан аны басып өтүүлөрү үчүн чоң колдоо талап кылынат.

Ошондуктан сперма менен энелик клетка жолугаардан мурда аялдын денесинде да, эркектин денесинде да бир катар даярдыктар башталат. Бул даярдыктардын көпчүлүгү сперманын эненин денесиндеги сапарында ага жеңилдик түзүү үчүн көрүлөт. Мисалы, жатындын ичинде ар кандай жыйрылуулар жана толкундоолор болот. Жатын менен фаллопий түтүгүндө кадимкиден башка багытта жасалган мындай кыймылдар сперманын энелик клеткага барышын жеңилдетет. Мында көңүл бурган жагдай – бул жыйрылууга себепчи болгон зат. Простагландин аттуу бул зат эркектин денесинен келген спермалар менен бирге кыймылдаган суюктуктун (урук баштыкчасы суюктугунун) ичинде болот. Башка денеден келгенине карабастан, бул зат жатындын түзүлүшүн билет жана ага таасир тийгизип өзү менен чогуу келген сперманын кыймылын жеңилдетет.16

Уруктануу ишке ашышы үчүн жатында мындан башка да өзгөрүүлөр болот. Ал кезде түтүктөр кеңейет. Эстроген гормондорунун таасири менен былжыр (жатындын секрециясы) көбөйөт. Былжыр курамындагы натрий хлоридинин абдан көбөйүшү зарылдыгын билгендей болуп өзүн даярдап, ийкемдүү жана тунук абалга келет. Мындай өзгөрүүлөрдүн натыйжасында былжырда бири-бирине параллельдүү узун аралыктагы тегиз бир түзүлүш пайда болот. Былжырдын мындай түзүлүшү сперманын куйрук кыймылдары менен ал аралыктардан оңой өтүшүнө шарт түзөт. Мындай өзгөрүүнүн, спермалардын оңой кыймылдашынан тышкары, дагы бир маанилүү таасири бар: мындан улам түтүктөр бир гана нормалдуу түзүлүштөгү спермалардын өтүшүнө жол берип, кампа жана чыпка (фильтр) кызматын да аткарат. Анткени спермалар кээде формасы жагынан уруктанууга ыңгайлуу болушпайт. Андайлар бул түтүктөрдө электен өтпөйт.

Буга чейин айтылгандардан көрүнүп тургандай, жатындагы жана энелик бездеги ар бир кыймыл-аракеттин атайын сперма энелик клеткага жетиши үчүн даярдалганы анык. Мисалы, овуляция процесси бүтүп, сперма менен энелик клетканын жолугушуусуна мүмкүнчүлүк түзүлгөн соң, былжыр суюктугу карама-каршы багытка өзгөрөт. Кочкул тартып, тунуктугу жоголот, бул спермалардын киришине бөгөт койот.

Аялдын жыныстык системасындагы өзгөрүүлөр денеге кирген спермалардын энелик клеткага жетишине шарт түзүүнү көздөйт. Бирок бул, мурунку бөлүмдө да айтылгандай, абдан кызыктуу көрүнүш. Анткени таптакыр башка бир денеден келген клеткаларга аялдын жыныстык системасынын мүчөлөрү жардам беришет.

Кантип бир клетка мурда эч көрбөгөн (негизи мурда көрсө деле айырмасы жок) клеткалар тууралуу ушунча көп маалымат билет? Ал клеткаларга эмне керек экенин, мисалы, алардын кантип ылдамдай алаарын кайдан билет? Жатындагы суюктукту иштеп чыккан клеткалардын бир сперманын өзгөчөлүктөрүн билип, аларга ыңгайлуу шарттарды даярдашы, албетте, мүмкүн эмес.

Бул жерге чейин айтылган процесстердин баары бардык аялдарда бирдей кезек менен, эч кемчиликсиз ишке ашат. Бул шайкеш жана бири-бири менен кызматташып иштеген системалар бул жерде апачык бир план жана долбоордун бар экенин көрсөтөт. Сперма эненин денеси үчүн долбоорлонсо, эненин жыныстык органдары сперманы кабыл алууга ыңгайлаштырылган. Бул шайкештикте кичине эле кемчилик кетсе, мисалы сперманын кыймылдаткыч куйругу болбосо же спермада эненин денесиндеги кислоталуу чөйрөнү тең салмактай турган суюктук болбосо, бала төрөлбөйт.

Бул дагы апачык көрсөткөндөй, эркек менен аялдын жыныстык клеткаларынын ортосундагы толук шайкештик эң башынан пландалып жаратылган. Эркек менен аялды жаратып, аларды бири-бирине шайкеш кылган жана ошентип бир тамчы суудан адамды жараткан – ааламдардын Рабби Улуу Аллах. Адамдар Аллахтын жаратуу чеберчилиги тууралуу ой жүгүртүшү зарыл жана Раббибиздин чексиз кудуретин түшүнүп, Ага толук моюн сунушу шарт:

Силердин жаратылууңарда жана көбөйтүп-жайган жандууларда так илим менен ишенген бир коом үчүн аяттар (далилдер) бар. (Жасия Сүрөсү, 4)

 

Фаллопий түтүгүнүн пландуу иш-аракеттери

Энелик бездерде жетилип, көңдөйгө чыгарылган энелик клетка, жогоруда айтылгандай, фаллопий түтүгү деп аталган атайын түзүлүш тарабынан кармалат. Эгер энелик безден чыгарылган энелик клетка фаллопий түтүгү тарабынан кармалбаса, анда эненин башка органдарынын арасына түшөт жана эч качан сперма менен жолугушпайт.

Фаллопий түтүгү энелик клетка менен сперма клеткаларынын жолугушуу жайы. Бул милдетин аткаруу үчүн фаллопий түтүгү эки багытта иш-аракет алып барат. Биринчиси, жетилген энелик клетканы энелик безден алып, түтүктүн ичиндеги сперма менен жолугушчу жайга алып келет. Экинчиси, сперманы жатын көңдөйүнөн алып энелик клетка менен жолугушчу жайга алып барат.

Алгач эки жумуртка бездин жанында жайгашкан фаллопий түтүктөрү энелик безден чыгарылган бардык энелик клеткаларды чогултат. Фаллопий түтүктөрүнүн учтары энелик безди ороп турган колдорго окшоп, атайын жетилген энелик клеткаларды топтоого ылайыкталган. Фаллопий түтүктөрүнүн бул колдорунун кыймыл-аракети овуляция убагына жараша өзгөрөт. Энелик клеткалардын жетилүү убагы жакындаганда, фаллопий түтүгүнүн колдору ачылат жана осьминогдун колдоруна окшоп энелик бездин үстүн ороп, анын үстүн шыпырып жаткан сыяктуу кыймыл-аракеттерди баштайт. Овуляция убагында мындай кыймылдардан улам энелик клетка фаллопий түтүгүнүн үстүнө түшөт. Ошентип курсак көңдөйүнө чыгарылган энелик клетка узундугу 10-12 см болгон фаллопий түтүгүнө кирет. Фаллопий түтүгүнүн ичи түкчөлөрдөн турат. Энелик клетка фаллопий түтүгүндөгү миллиондогон түкчөнүн туура багыттагы кыймылдары себептүү сперма менен жолугушчу тарапты көздөй жылат.17

Ал ортодо энелик клетканы орогон фолликул клеткалары овуляция убагында дагы эле сырткы кабыкча бойдон турушат. Энелик клетканын бырыштуу былжыр кабыкчасы бул клетка тонун акырындык менен жок кыла турган ферменттерди бөлүп чыгарат. Ошентип фолликул клеткалары ажырайт жана энелик клетка коргоочу кабыкчадан чыгып сперма менен жолугуу үчүн ачыкка чыгат.

Фаллопий түтүгүнүн мындай кыймыл-аракеттеринин убактысы абдан маанилүү. Себеби сперма да, энелик клетка да белгилүү бир убакыт гана жашайт. Ошол убакыт бүтө электе сперма клеткалары энелик клеткага жеткирилиши шарт. Фаллопий түтүгү убакытты кантип жөнгө салат? Башка органдар тарабынан чыгарылган бул клеткалардын канча убакыт жашай алаарын кайдан билет? Бир канча сантиметр квадраттык бир кесим эттин бул иш-аракеттерди жасай турган билимге жана жөндөмгө ээ болушу, албетте, мүмкүн эмес. Бардык клеткалар жана кыртыштар сыяктуу, фаллопий түтүгү да бул иш-аракеттерди бир гана ааламдарды жараткан Аллахтын илхамы менен жасайт. Ошондуктан эч кандай башаламандык жана кемчилик чыкпастан, бул оор жумушту эч кыйынчылыксыз орундатат. Ошентип энелик клетка жок болоордон мурда, б.а. эң көп 24 сааттын ичинде уруктануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.







 

Сперма менен энелик клетка жолугушат

Көптөгөн процесстен өтүп жетилген энелик клетка фаллопий түтүгүнө чыгарылат. Ал ортодо аны менен бирге аны курчаган көптөгөн башка клеткалар да болот. Фаллопий түтүктөрүнө жеткен сперма энелик клетканы уруктандыруудан мурда «гранулеза» аттуу бул клеткалардан өтүшү шарт. Андан соң энелик клетканын сыртындагы калың кабыкты тешиши керек.

Сперма бул тоскоолдуктардан кантип өтөт?

Ушул жерден сперманын белгилүү бир долбоор менен жасалганына жана ал долбоордун кемчиликсиздигине дагы бир жолу күбө болобуз. Сперманын жогоруда сөз кылынган «акросома» деп аталган бөлүгүндө гиалуронидаз жана протеолитикалык ферменттер сакталат. Энелик клетканын кыртышын (гранулеза клеткаларын) чогуу кармап турган клетка бириктирүүчүлөрүндө болсо гиалурон кислотасы болот. Гиалуронидаз ферменти ушул кислотанын түзүлүшүн бузуп, энелик клетканы курчап турган клеткалардын арасынан спермага жол ачат. Протеолитикалык ферменттер болсо энелик клеткага тиешелүү кыртыштардагы белоктордун сиңирилишин камсыз кылат. Ушул эки ферменттин жардамы менен сперма энелик клеткага жетет.18

Энелик клеткадан абдан алыста, эркектин денесинде иштелип чыккан спермалардын ферменттери кантип дал энелик клетканын түзүлүшүнө таасир тийгизе турган заттардан турат? Бул заттардын формуласын ким тапкан? Энелик клетканы уруктандырышы үчүн, микроскопиялык көлөмдөгү спермалардын эң керектүү жерлерине, б.а. баш жактарына бул ферменттерди ким жайгаштырган?

Буларды сперма өзү жасай албайт. Сперма гиалурон кислотасынын бар экенин, ал кислотанын клеткаларга таасир тийгизээрин жана гиалуронидаз аттуу ферменттин ал кислотанын таасирин жок кылаарын эч качан биле албайт. Болгондо да, ферменттин формуласын билсе эле маселе чечилип калбайт. Аны адамдын денесинде иштеп чыгартуу да керек болот. Сперма адамдын денесинде бул ферментти иштеп чыгара турган системаны өз алдынча, албетте, жасай албайт. Мисалы, медицина же химия тармагында билим албаган бир адамдан «гиалурон кислотасынын» түзүлүшүн бузуучу ферменттин атын сурасаңыз же бул ферменттин формуласын тартып бер десеңиз, албетте, жооп бере албайт. Ал эми сперма клеткасы болсо аң-сезимдүү адамдын колунан келбеген иш-аракеттерди жасайт жана адам билбеген химия формулаларын билип, максатына жеткире турган заттарды өзү менен кошо алып жүрөт. Албетте, булардын баарын сперма өзү жасайт деп айтуу акыл менен логикага эч туура келбейт. Акылга жана логикага сыйбаган гипотезаларды бир четке коюп ой жүгүрткөндө, спермада энелик клетканын түзүлүшүнө таасир тийгизе турган ферменттердин болушунун өзүнүн эле жаратылууну далилдөөгө жетиштүү экенин көрүүгө болот. Мындай кемчиликсиз шайкештикти эч бир кокустук менен түшүндүрүүгө болбойт. Спермалардын алардан такыр башка чөйрөдө жайгашкан башка бир клетканын химиялык түзүлүшүн билишин, ал химиялык заттарга кандай таасир берээрин анализ кылып, андан соң анализдин жыйынтыгына жараша керектүү химиялык заттарды иштеп чыгышын «улуу акылман бир Жаратуучу сперманы ушул өзгөчөлүктөрү менен бирге жараткан» деп гана түшүндүрүүгө болот.

Спермадагы бул кемчиликсиз долбоор – адамдын бүт мүчөлөрү менен бирге, толук бойдон Аллах тарабынан жаратылгандыгын көрсөткөн апачык далилдердин бири.



 

Сперма сапарын улантат

Сперма энелик клетканын сырткы катмарына жеткенде, сперманын сырткы кабыкчасы ал жерде аны тааныган бир кабылдоочу белок менен байланышат. Бул байланыштын натыйжасында сперманын коргоочу тонунун (акросоманын) кабыкчасы ээрийт. Ошол эле учурда энелик клетканын кабыкчасы да спермаларды өзүнө тарта турган «фертилизин» аттуу бир затты бөлүп чыгарат. Бул молекула спермалардын кыймылдоо жөндөмүн арттырып, алардын энелик клетканын кабыкчасы менен оңой реакцияга киришине шарт түзөт. Фертилизин заты, ошондой эле, сперманын баш бөлүгүндө жайгашкан акросоманын таасирин да жогорулатат.



Сперма энелик клетканын кабыкчасына тийгенде жаңы заттар ишке кирет жана жаңы процесстер жүрөт. Сперма энелик клеткага тийгенде «антифертилизин» аттуу бир затты бөлүп чыгарып, энелик клетка чыгарган фертилизин затын нейтралдаштырат. Ошентип энелик клеткага биринчи болуп жеткен сперма башка спермалардын энелик клеткага келишин токтотот.

Энелик клетканын кабыкчасы сперма клеткасы ичкери кирген соң болжол менен 2 секундадан кийин өзүн жаңылап баштайт. Ошентип дагы бир сперма клеткасынын ичкери киришине эч качан жол бербейт. Жүргүзүлгөн эксперименттерде бул кабыкча алынып салганда, көптөгөн сперманын энелик клетканын ичине киргени байкалган. Ошондуктан уруктануу кабыкчасы абдан бат пайда болушу шарт. Уруктануу кабыкчасы пайда болгон соң бир дагы сперма энелик клеткага кире албайт. Бул жагынан энелик клетканы коопсуз бир имаратка салыштырууга болот. Анткени энелик клетканын сырткы кабыкчасы ичинде абдан маанилүү маалыматтар сакталган бир имараттын коопсуздукту көзөмөлдөө системасына окшоп, клетканын ичине эч нерсени киргизбейт.

Сперма энелик клетканын кабыкчасына тийген жерде алгач бир дөмпөк пайда болот. Жана алгач сперманын баш тарабы энелик клетканын эң сырткы катмарына кирет. Анан 30 мүнөттүн ичинде сперма менен энелик клетка толук биригет. Бул процесстердин натыйжасында сперманын ичиндеги генетикалык маалымат энелик клеткага өткөрүлгөн болот.19

Бирок бул жерде маанилүү бир жагдай бар: эгер энелик клетка менен сперманын чыгарган ферменттери бири-бирине туура келсе, алар бири-бирине карманат. Антпесе кармана алышпайт. Мунун себеби төмөнкүдөй: жаныбарлардын бардык түрлөрүнүн энелик клеткалары химиялык курамы өзгөчө болгон бир фертилизин затын бөлүп чыгарат. Башка түргө тиешелүү, мисалы адамдан башка бир жаныбарга тиешелүү, сперма клеткаларынын энелик клеткага жакындашуусунун алдын алуу, түрдүн бузулушуна бөгөт коюу үчүн ушундай чара көрүлгөн. Ошентип ар кайсы түрлөргө, мисалы бир мышык менен бир атка же бир адам менен башка бир жандыкка, тиешелүү сперма менен энелик клеткалардын биригишине бөгөт коюлган.20

Ферменттерден тышкары, сперма менен энелик клетканын электрдик заряды да уруктанууга таасир берет. Энелик клетка ар дайым терс заряддуу болот. Спермалар болсо оң зарядга ээ. Карама-каршы заряддар бири-бирин тартканы үчүн, энелик клетка бардык спермаларды өзүн көздөй тартат. Бирок энелик клеткага биринчи сперма кирээри менен электрдик заряд заматта өзгөрөт. Энелик клетка да андан соң спермаларга окшоп оң заряддуу болуп калат. Окшош заряддар бири-бирин түрткөнү үчүн, биригүүдөн соң энелик клетка бардык спермаларды түртө баштайт.

 

Уруктануунун акыркы баскычында

Сперма энелик клеткага кирген соң куйрук бөлүгү үзүлүп сыртта калат. Муну өз кызматын аткарган күйүүчү май багынын космос кемесинен бөлүнүп калышына салыштырууга болот. Белгилүү болгондой, космос кемелери атмосферанын сыртына чыккан соң, кызматы бүткөн күйүүчү май бактарын космоско койо беришет. Анткени ичиндеги күйүүчү май түгөнгөндөн кийин бак жөн гана ашыкча салмакка айланат. Атмосферанын сыртына оңой чыгуу үчүн күйүүчү май багы дал өз учурунда койо берилиши шарт. Ошол сыяктуу, спермалар да аларды керектүү энергия жана кыймылдоо жөндөмү менен камсыз кылган куйруктарын энелик клетканын ичине кирүүгө аракеттенип жатканда койо беришет.

Көңүл бурган болсоңуз, уруктанууда укмуш мыкты эсептелген бир система иштейт. Энелик клетканын айланасындагы ээриткич суюктук сперманын соотун акырындап тешет, ал ортодо сперма энелик клетканын кабыгына жакындайт. Соот тешилгенде сыртка чыккан ферменттер болсо сперманын энелик клетканын кабыгын тешип, ичине киришин камсыз кылат. Ошол замат электрдик заряд өзгөрүп, башка спермаларды түртөт жана жаңы пайда болгон түзүлүштү чакырылбаган коноктордон коргойт.



Эгер ушунчалык мыкты корголгон жана бири-бирине шайкеш жаратылган бир система болбогондо, сперма менен энелик клетка эч качан бириге алмак эмес.

Эгер энелик клетка жол көрсөткүч суюктукту бөлүп чыгарбаганда, спермалар алардын көлөмүнө салыштырмалуу абдан алыста жайгашкан энелик клеткага жете алмак эмес.

Эгер спермалардын сооту болбогондо, алар да башка микроорганизмдерге окшоп энелик клетканын суюктугу тарабынан ээритилип салмак.

Эгер ал сооттун астына атайын ээриткич ферменттер жайгаштырылбаганда, бул жолу спермалар энелик клеткага жеткени менен, анын кабыгын тешип, ичине кире алышмак эмес.

Эгер энелик клетка менен спермалардын электрдик заряддары карама-каршы эмес, бирдей болгондо, анда энелик клетка спермаларды түртмөк жана бир дагы сперма энелик клеткага жакындай алмак эмес.

Көрүнүп тургандай, бир даана энелик клетка менен сперманын биригүүсүндө да кереметтүү бир тең салмактуулук жана эсеп бар. Болгондо да, мындай эсеп менен тең салмактуулук бир эле жолу эмес, адамзаттын жашоосу башталгандан бери жер бетинде жашап өткөн миллиарддаган адамдын төрөлүшүндө улам сайын кайталанууда.

Бир эле баскычында да эч кандай кокустукка жол берилбеген бул кереметтүү процесстер адамдын Аллах тарабынан жаратылганын апачык далилдейт:

Асмандардагылар жана жердегилер Ага тиешелүү; баары Ага чын көңүлдөн моюн сунган. Жаратууну баштаган, кийин аны кайтара турган Ал; бул Ага абдан оңой. Асмандарда жана жерде эң улуу мисал Аныкы. Ал кудуреттүү жана улуу, өкүмдар жана даанышман. (Рум Сүрөсү, 26-27)



 

Наристенин жынысынын аныкталышы

Жакын жылдарга чейин адамдар наристенин жынысы эненин клеткалары тарабынан аныкталат деп ойлоп келишкен. Же болбосо жок дегенде, эне менен атадан келген клеткалар биргелешип жынысты аныктайт деп ойлошкон. Бирок Куранда бул тууралуу башкача маалымат берилген жана аяттарда эркек менен аялдын «жатынга куюлган урук суюктугунан» жаратылганы билдирилген:

Чындыгында жуптарды; эркек менен аялды Ал жараткан. Бир тамчы суудан (жатынга) урук суюктугу куюлганда. (Нежм Сүрөсү, 45-46)

Куранда билдирилген бул маалыматтын тууралыгы генетика жана микробиология илимдеринин өнүгүшүнүн натыйжасында илимий жактан да тастыкталды. Наристенин жынысынын толугу менен эркектен келген сперма клеткалары тарабынан аныкталаары, аялдан келген энелик клетканын буга эч кандай таасир тийгизбей тургандыгы белгилүү болду.

Жыныстын аныкталышы хромосомалардан көз-каранды. Адамдын дене түзүлүшүн аныктаган 46 хромосоманын экөөсү жыныс хромосомасы деп аталат. Бул эки хромосома эркекте XY, аялда болсо XX деп белгиленет. Анткени бул хромосомалар ушул тамгаларга окшош. Y хромосомасы эркектик, X хромосомасы болсо аялдык гендерди камтыйт. Бир адамдын пайда болушу эркек менен аялда жуп түрүндө жайгашкан ушул хромосомалардын бирден даанасынын биригишинен башталат. Аялда овуляция учурунда экиге бөлүнгөн түйүлдүк клетканын эки бөлүгүндө тең X хромосомасы жайгашат. Ал эми эркекте болсо экиге бөлүнгөн түйүлдүк клетка X жана Y хромосомаларын камтыган эки түрдүү сперманы пайда кылат. Аялдагы X хромосомасы эгер эркектеги X хромосомасын камтыган сперма менен бириксе, анда төрөлө турган наристе кыз болот. Эгер Y хромосомасын камтыган сперма менен бириксе, анда эркек бала төрөлөт.

Башкача айтканда, наристенин жынысы эркектеги хромосомалардын кайсынысынын аялдын энелик клеткасы менен биригээринен көз-каранды.

Албетте, генетика илими пайда болгонго чейин, б.а. 20-кылымга чейин бул тууралуу эч кандай маалымат болгон эмес. Тескерисинче, көп элдерде төрөлө турган наристенин жынысы аялдын денесинен көз-каранды деген ишеним бар болчу. Ал тургай, ушул себептен кыз төрөгөн аялдар сындалаар эле.

Бирок Куранда генетика ачылаардан 13-кылым мурда бул негизсиз ишенимди четке каккан бир маалымат берилген жана жыныстын булагынын аял эмес, эркектен келген урук суюктугу экендиги билдирилген.

Куран – ааламдардын Рабби Аллахтын сөзү. Ушул сыяктуу илимий кереметтер да мунун далилдеринин бири.

(Бул Куран) Аяттарын жакшылап ойлонушсун жана таза акыл ээлери сабак алышсын деп (Биз) сага түшүргөн куттуу бир китеп. (Сад Сүрөсү, 29)


Булактар:

13 Guyton&Hall, Human Physiology and Mechanisms of Disease, 6. baskı, 1997, ABD, s. 659

14 Laurence Pernoud, J'attends un enfant, Pierre Horay, Paris, 1995, s.107

15 Prof. Dr. Ahmet Noyan, Yaşamda ve Hekimlikte Fizyoloji, Ankara, Mart 1998, 10. baskı, s. 1119

16 Guyton&Hall, Tıbbi Fizyoloji, Nobel Tıp Kitabevleri, İstanbul, 1996, 9. baskı, s. 1006

17 Lennart Nilsson, A Child is Born, Delacorte Press, NY, 1977,s. 22

18 Guyton&Hall, Tıbbi Fizyoloji, Nobel Tıp Kitabevleri, İstanbul, 1996, 9. baskı, s. 1005

19 Guyton&Hall, Tıbbi Fizyoloji, Nobel Tıp Kitabevleri, İstanbul, 1996, 9. baskı, s. 1007

20 Solomon, Berg, Martin, Villee, Biology, Saunders College Publishing, ABD, 1993, s. 1056

КИРИШҮҮ

Адамдын денеси жер жүзүндөгү эң татаал машина. Өмүр бою ушул денебиз менен көрөбүз, угабыз, дем алабыз, басабыз, чуркайбыз жана ырахат алабы...