Өспүрүм куракта
эркектин денесиндеги өзгөрүүлөргө окшогон өзгөрүүлөр аялдарда да келип чыгат.
Аялдын көбөйүү клеткасы болгон энелик клетка менен бирге аялдын жыныстык
системасы да эркектин жыныстык системасына ылайыктуу, аны толуктай тургандай
болуп даярдалат.
Аялдарда да, эркектерге
окшоп, өспүрүм куракка келгенде гипоталамус убакыттын келгенин түшүнгөндөй
болуп, гипофиз безине энелик клеткаларды жетилте турган гормондорду иштеп чыгуу
буйруктарын жиберет. Гипофиз бези бул буйруктарга ошол замат баш ийип, керектүү
гормондорду иштеп чыгара баштайт.
Жыныстык
клеткалардын иштелип чыгышы аялдарда эркектердеги сыяктуу үзгүлтүксүз эмес.
Алар белгилүү убакыттарда даярдалат. Алардын убактысын аныктоо милдети да
гипофиз безине тиешелүү. Гипофиз бези белгилүү убакыттарда энелик бездеги
негизги энелик клеткаларды жетилте турган бир гормон бөлүп чыгарат. Ал гормон
кайсы жерге таасир берээрин абдан жакшы билет жана түптүз энелик безге барып,
энелик клетканы жетилтүү убактысынын келгенин кабар берет. Энелик бездеги
клеткалар бул буйрукту ошол замат түшүнүп, энелик клетканы жетилтүү үчүн энелик
бездин ичинде жигердүү иш-аракеттерди башташат.13
Эми бул
маалыматтарды бир аз тереңирээк карайлы. Гипоталамус деп аталган кичинекей
секреция бези убакытты кантип аныктайт? Буга чейин жашап өткөн жана азыркы
учурда жашап жаткан миллиарддаган аялда бул убакытты так өз учурунда, эч
жаңылбай кантип эсептейт? Гипоталамус мээнин диэнцефалон (ортоңку мээ)
аймагында жайгашкан, убакытты аныктай турган бир механизми жок, сырткы дүйнө
менен эч кандай байланышы болбогон, клеткалардан турган бир кесим эт. Бул бир
кесим эттин убакытты эсептеши, албетте, жөнөкөй, кадыресе бир көрүнүш эмес.
Бирок бул адамдын денесинде үзгүлтүксүз болуп жаткан кереметтүү процесстердин
бирөөсү гана. Адамды таң калтырган буга окшогон процесстер адам денесинин ар
бир миллиметр квадратында, ар дайым, эч тынымсыз уланууда. Мисалы,
гипоталамустун жиберген буйругун окуп түшүнө алган, ошого жараша чечим чыгарып,
ошол чечиминин негизинде белгилүү заттарды иштеп чыккан жана ал заттарды абдан
алыс жакка, өмүрүндө эч көрбөгөн бир жерге эч катасыз жеткирген гипофиз безинде
да таң калыштуу бир керемет бар. Гипофиз бези да клеткалардын жыйындысынан
турат. Ал клеткалардын чогулуп, аларга келген буйруктарды «түшүнүшү» жана ал
буйрукка баш ийиши өзүнчө бир керемет. Бул клетка жыйындысынын «түшүнүү»,
«аңдоо», «жыйынтык чыгаруу», «чечим алуу», «чечимди ишке ашыруу» сыяктуу
жөндөмдөрү кайсы аң-сезимден келип чыгат?
Адамдын денеси
жарык өтпөгөн, караңгы, көптөгөн суюктуктар кан тамырлардын ичинде абдан бат
кыймылдаган, тынымсыз көптөгөн кыймыл-аракеттер жүргөн татаал чөйрө. Ошондой
шартта өзүнүн көлөмүнө салыштырмалуу эбегейсиз чоң заттарга жолуккан бир
молекула жыйындысынын көздөгөн жерине эч зыян көрбөй жана жоголбой жетишин жана
кээ бир ортомчулар аркылуу керектүү жерлерге бир катар заттарды жиберишин эч
кандай эволюция менен түшүндүрүүгө болбойт. Анткени эволюционисттердин мындай
кереметтүү жаратылуу далилдеринин алдында бирден бир башпаанеги болгон
кокустуктарга, башка жандыктардагы сыяктуу, адамдын татаал денесинде да эч
кандай орун жок.
Дагы бир жолу
эске салалы, бул процесстердеги акыл жана аң-сезим бул клеткалардын эч бирине
тиешелүү эмес. Клетка деп аталган заттардын бири-бирин көрө турган көздөрү,
сүйлөшүп түшүнүшө турган тилдери, уга турган кулактары жок. Алар бир гана
Жараткан Аллахтын буйруктарын аткарышып, ар дайым Анын илхамы менен алардан
күтүлбөй турган кереметтүү процесстердин ишке ашышына себепчи болушууда.
Энелик клеткалар
жетилип баштайт...
Энелик клетка
энелик без деп аталган жана толугу менен ушул жумушка ылайыкташтырып
долбоорлонгон бир органда иштелип чыгат. Ар бир аялдын оң жана сол тарабында
бирден жайгашкан энелик бездердин ичинде нервдер менен кан жана лимфа тамырлары
кирип чыга турганчалык бир көңдөй бар. Көңдөйдүн ичинде канга абдан бай талча
кыртыштары бар. Бул кыртыштар энелик клеткалардын коопсуз бир жерде пайда
болуп, азыктанышына жана корголушуна шарт түзүшөт. Бул коопсуз түзүлүштүн
ичинде ар кандай көлөмдөгү, көптөгөн баштыкчалар (фолликулдар) бар. Ар бир
баштыкчада бир даана энелик клетка жайгашат. Ай сайын бул баштыкчалардын
бирөөсүндөгү энелик клетка жетилип, уруктануу үчүн энелик бездин сыртына
чыгарылат.

Бирок бул
өндүрүш бир баскычтуу эмес; энелик клетканын жетилүү процесси бир канча
баскычтан турат. Энелик клетка жетилип, көбөйүү клеткасына айлана алышы үчүн
алгач бир митоз жана эки мейоз бөлүнүүлөр ишке ашат. Бирок бул бөлүнүүлөр
белгилүү бир кезек менен болуп, эч кандай ката кетирилбеши керек. Анткени
бөлүнүүлөрдүн натыйжасында клеткадагы хромосомалардын саны өзгөрүп, башкача
клетка типтери пайда болот. Эркектин жыныстык клеткалары сыяктуу, аялдардын
энелик клеткаларында да 46ны түзгөн хромосомалардын саны, бул бөлүнүүлөрдүн
натыйжасында 23кө азайат.
Энелик
клеткадагы митоз жана мейоз бөлүнүүлөрдүн натыйжасында үч даана кичинекей
клетка жана бир даана чоң клетка (ооцит) пайда болот. Кичинекей клеткалар азык
жетишсиздигинен өлөт, чоң клетка болсо кээ бир өзгөрүүлөрдөн өтүп энелик
клетканы пайда кылат. Эгер пайда болгон клеткалардын баары бирдей көлөмдө
болгондо, уруктануудан кийин пайда болгон зиготанын өрчүшүнө азык жетпей
калмак. Клеткалардын бирөөсүнө көбүрөөк азык берилип, калгандарынын кичинекей
бойдон калышы аркылуу мындай көйгөйдүн жаралышына эң башынан бөгөт коюлган.
Энелик клетканын
жетилүүсү өзүнөн-өзү болуучу бир процесс эмес. Башында да айтылгандай, анын
жетилүүсүн, эркектин жыныстык системасындагы сыяктуу, мээнин астына
жайгаштырылган гипофиз бези тарабынан чыгарылган гормондор жөнгө салат. Энелик
клетканын пайда болуу баскычтары жана аларды жөнгө салган гормондор кыскача
төмөнкүдөй:
1- Фолликулярдык баскыч: энелик
клетканын пайда болуу баскычы. Негизги энелик клетка, бир аз мурда айтылгандай,
«фолликул» деп аталган баштыкчалардын ичинде болот. Фолликулдун пайда болушу
болжол менен 14 күнгө созулат. Гипофиз чыгарган гормондордун бири ФСГ
(фолликулду стимулдоочу гормон) кан аркылуу энелик бездерге келет. Бул гормон
энелик бездерде фолликулдун пайда болушу, өрчүшү жана фолликулдун ичиндеги
негизги клеткадан энелик клетканы пайда кылуу сыяктуу кызматтарды аткарат. Ошондой
эле, бул гормон жетилген фолликулдан эстроген гормонунун бөлүнүп чыгышына себеп
болот.
Эстроген гормону
өзгөчө жатындын түзүлүшүнө таасир тийгизүүчү бир гормон. Жатындагы клеткалардын
митоз бөлүнүшүн ылдамдатып, аны калыңдатат, ошентип уруктануу ишке ашкандан
кийин белгилүү убакыттан соң эмбриондун жумшак жерге жабышышына шарт түзөт.
Ошондой эле, жатынга кан жана кыртыш (ткань) суюктугунун көп өлчөмдө келишин
камсыз кылат. Мындай даярдыктар ай сайын көрүлөт. Эгер энелик клетка уруктанса,
атайын даярдалган ушул кыртышка жайгашып азыктанат жана өрчүүнү улантат.
Адамдын
жаратылуусунун бардык баскычтары сыяктуу, бул жерде да бир керемет бар. Аялдын
жыныстык системасындагы клеткалар келечекте коноктоло турган эмбриондун
муктаждыктарын алдын ала аныктап, ошого жараша даярдыктарды көрүшөт жана
түйүлдүктүн өрчүшүнө эң ыңгайлуу шарттарды түзүүгө аракет кылышат. Бир клетка
жыйындысы мындай аң-сезимдүү жана акылдуу иш-аракеттерди кантип жасашы мүмкүн? Албетте,
клеткаларды акылдуу жана аң-сезимдүү деп эч качан айта албайбыз. Бирок аялдын
жыныстык системасындагы (ошондой эле, гипофиз безиндеги) клеткалар эч мүмкүн
эместей көрүнгөн иштерди аткарып, эч тааныбаган эмбриондун муктаждыктарына эң
ыңгайлуу шарттарды алдын ала даярдашат.

Албетте, буларды
клеткалар өздөрүнүн акылы жана эрки менен жасашат деп эч бир акылы, логикасы
бар адам айта албайт. Ушунча акылы менен өзүнүн колунан келбеген нерсени
аң-сезимсиз атомдордон турган клеткалардын колунан келет деп айткан адам,
албетте, такыр логикасыз ойду айткан болот. Демек бул жерде чындык апачык
көрүнүп турат: адамдын жаралуусуна салым кошкон бардык клеткалар Аллах илхам
кылган милдеттерди аткарып, жер жүзүндө ар бир адам төрөлгөн сайын бир
кереметтин ишке ашышына себепчи болушууда.
2- Лютеиндик баскыч (овуляция баскычы): бул баскычта
энелик клетка жайгашкан баштыкча (фолликул) жарылып, энелик клетка эркиндикке
чыгат. Бирок энелик бездерден көңдөйгө чыгарылган энелик клетканы кармай турган
бир жардамчы керек. Антпесе энелик клетка сперма менен жолугуша турган жерди
көздөй жыла албайт жана эч качан сперма менен жолугуша албайт. Бул жерде энелик
без менен жатындын ортосунда түтүк түрүндө жайгашкан «фаллопий түтүктөрү»
кызмат кылат. Энелик бездерден көңдөйгө чыгарылган энелик клетканы осьминогдой
чоң колдору бар фаллопий түтүгү кармайт. Уруктануу фаллопий түтүгүндө ишке ашат
жана кийинки баскычтар сперманын болуп болбошуна жараша калыптанат.

Бул
процесстердин баарын гипофиз бези бөлүп чыгарган лютеиндештирүүчү гормон (ЛГ)
көзөмөлдөйт. Бул гормонго байланыштуу дагы бир маанилүү жагдайга көңүл буруу
керек. Жетилген энелик клетканын баштыкчасы (фолликул) жарылып, энелик клетка
сперма менен жолугушчу жерди көздөй жөнөшү үчүн ЛГ гормону сөзсүз керек. Бул
гормон болбосо, башка гормондор эч кемчиликсиз бөлүп чыгарылса да, фолликул
овуляция баскычына чейин өрчүй берет. Бирок мындай катачылык кетирилбейт жана
овуляция учурунан болжол менен 2 күн мурда илимпоздор түшүндүрө албаган, ушул
кезге чейин толук билинбеген себептерден улам, алдыңкы гипофиз бези ЛГ гормонун
бөлүп чыгарууну күчөтөт. Ошол эле учурда ФСГ аттуу гормон да көбөйөт жана эки
гормондун таасири менен ай сайын үзгүлтүксүз овуляция процесси болуп турат. Башкача
айтканда, гипофиз бези убакытты эч жаңылбай эсептеп, дал керектүү учурда
керектүү гормондорду, керектүү өлчөмдө бөлүп чыгара баштайт.
Албетте, мындай
пландуу иш-аракетти гипофиз безинин өзүнөн, ал безди түзгөн клеткалардан
күтүүгө болбойт. Эгер бир жерде бийик акыл жана эрк бар болсо, демек ал акыл
менен эрктин бир ээси бар. Адамдын жаралуу баскычтарындагы бул кереметтүү
окуялардын бүт баарында көрүлгөн акыл жана эрк чексиз кудуреттүү Аллахка
тиешелүү.
3- Сары денече (corpus luteum) баскычы: энелик клетка
чыккан соң бошоп калган баштыкчанын (фолликулдун) ичи канга толот. Бул
баштыкчалар жайгашкан көңдөйдү курчап турган «гранулеза» жана «тека» аттуу
өзгөчө клеткалар көбөйүп, баштыкчанын ичиндеги уюган кандын ордун ээлешет. Бул
клеткалар липидге бай, сары түстөгү клеткалар. Ошентип энелик клетка чыгып
кеткен соң, фолликулдун ичи суюктукка толуп кеңейет да, «сары денече» (corpus
luteum) аттуу активдүү бир түзүлүш пайда болот.15

Сары денече деп
аталган бул түзүлүш жатындын эмбрионго даярданып, кош бойлуулуктун көйгөйсүз
өтүшүнө абдан маанилүү салым кошот. Бул түзүлүштүн эң негизги өзгөчөлүгү – бул
анын лютеиндештирүүчү гормондун (ЛГ) да таасири менен прогестерон аттуу
гормонду бөлүп чыгарышы. Абдан маанилүү функцияларды аткарган прогестерон
гормону жатындын дубалын стимулдайт. Жатындагы эң негизги өзгөрүү былжырлуу
катмарда келип чыгат. Эстроген жана прогестерон гормондорунун таасири менен
былжыр калыңдай баштайт. Бездер менен капиллярлар үстүңкү катмарга чейин жетип,
жатындын дубалы бырыштуу түзүлүшкө айланат. Бездердин секрециялары артат.
Мындай өзгөрүүлөрдүн максаты уруктануудан соң эмбриондун жайгашуусуна ыңгайлуу
шарттарды түзүү. Ошондой эле, жатындын булчуңдарын эс алууга мажбурлап, кош бойлуулуктун
уланышына шарт түзөт. Мындан тышкары, прогестерон сүт бездеринин өрчүшүнө да
таасир берет.
Бир гормондун
башкасына таасир беришин, болгондо да муну дал өз учурунда жасай турган бир
туюмга ээ болушун кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбойт. Демек бул жерде
суроолор туулат. Аң-сезимсиз атомдордун биригишинен пайда болгон бир молекула
кантип ушунчалык күчтүү туюмга ээ болот жана кантип өз демилгеси менен денедеги
процесстерди адамга эң ыңгайлуу кылып жөнгө салат? Гормондорду түзгөн
молекулалардын акылы жана аң-сезими болушу мүмкүн эмес. Бул бизге системанын
өтө улуу бир күч-кудурет тарабынан бири-бирин толуктоочу өзгөчөлүктөр менен
бирге жаратылганын көрсөтөт. Гормондорду түзгөн молекулаларга, ал молекулаларды
түзгөн атомдорго пландуу иш-аракеттерди жасоону илхам кылган – асмандардын жана
жердин Рабби Аллах.
Сары денече
баскычы 12-14 күнгө созулат. Бул мөөнөттүн аягында эгер уруктануу ишке ашпаса,
сары денече бузулат жана баскычтар кайра башынан кайталанат. Сары денече
бузулган соң, эстроген менен прогестерон бөлүп чыгарылбай калат, б.а. кезек
кайрадан гипофиз безине келет. Гипофиз безинде кайрадан ФСГ жана ЛГ гормондору
бөлүп чыгарыла баштайт. Натыйжада жаңы фолликулдар чоңойо баштайт. Бирок ал
фолликулдар толук жетиле албайт, анткени эстроген менен прогестерондун болбошу
жатында жаңы бир доордун (айыздын) башталышына себеп болот.
4- Айыз (менструация) баскычы: уруктанбаган
энелик клетканын денеден чыгарылуу баскычы. Уруктануу ишке ашпаганы үчүн, ага
чейин даярдалган жатындын дубалы созулуп, капиллярлар үзүлөт да, энелик клетка
сыртка чыгарылат. Андан соң дене бул процесстердин баарын кайрадан кайталоо
үчүн даярдыктарды баштайт.
Бул баскычтардын
баары белгилүү жаштарда бардык аялдарда тынымсыз кайталанат. Ай сайын жаңы
энелик клеткалар пайда болот, ошол эле гормондор ошол эле учурда кайра кайра
бөлүп чыгарылат, аялдын денеси уруктануу боло тургансып даярданат. Бирок акыркы
баскычта сперманын болуп болбошуна жараша денедеги даярдыктардын багыты
өзгөрөт.
Уруктануунун
алдындагы даярдыктар
Энелик клетка спермалардын
аялдын денесиндеги жеткен жеринен 20-25 см алыста болот. Бул аралык
спермалардын көлөмүнүн болжол менен 3000 эсесине барабар. Спермалардын көлөмүн
эске алганда бул абдан алыс аралык, ошондуктан аны басып өтүүлөрү үчүн чоң
колдоо талап кылынат.
Ошондуктан
сперма менен энелик клетка жолугаардан мурда аялдын денесинде да, эркектин
денесинде да бир катар даярдыктар башталат. Бул даярдыктардын көпчүлүгү
сперманын эненин денесиндеги сапарында ага жеңилдик түзүү үчүн көрүлөт. Мисалы,
жатындын ичинде ар кандай жыйрылуулар жана толкундоолор болот. Жатын менен
фаллопий түтүгүндө кадимкиден башка багытта жасалган мындай кыймылдар сперманын
энелик клеткага барышын жеңилдетет. Мында көңүл бурган жагдай – бул жыйрылууга
себепчи болгон зат. Простагландин аттуу бул зат эркектин денесинен келген
спермалар менен бирге кыймылдаган суюктуктун (урук баштыкчасы суюктугунун)
ичинде болот. Башка денеден келгенине карабастан, бул зат жатындын түзүлүшүн
билет жана ага таасир тийгизип өзү менен чогуу келген сперманын кыймылын
жеңилдетет.16
Уруктануу ишке
ашышы үчүн жатында мындан башка да өзгөрүүлөр болот. Ал кезде түтүктөр кеңейет.
Эстроген гормондорунун таасири менен былжыр (жатындын секрециясы) көбөйөт.
Былжыр курамындагы натрий хлоридинин абдан көбөйүшү зарылдыгын билгендей болуп
өзүн даярдап, ийкемдүү жана тунук абалга келет. Мындай өзгөрүүлөрдүн
натыйжасында былжырда бири-бирине параллельдүү узун аралыктагы тегиз бир
түзүлүш пайда болот. Былжырдын мындай түзүлүшү сперманын куйрук кыймылдары
менен ал аралыктардан оңой өтүшүнө шарт түзөт. Мындай өзгөрүүнүн, спермалардын
оңой кыймылдашынан тышкары, дагы бир маанилүү таасири бар: мындан улам түтүктөр
бир гана нормалдуу түзүлүштөгү спермалардын өтүшүнө жол берип, кампа жана чыпка
(фильтр) кызматын да аткарат. Анткени спермалар кээде формасы жагынан
уруктанууга ыңгайлуу болушпайт. Андайлар бул түтүктөрдө электен өтпөйт.

Буга чейин
айтылгандардан көрүнүп тургандай, жатындагы жана энелик бездеги ар бир
кыймыл-аракеттин атайын сперма энелик клеткага жетиши үчүн даярдалганы анык. Мисалы,
овуляция процесси бүтүп, сперма менен энелик клетканын жолугушуусуна
мүмкүнчүлүк түзүлгөн соң, былжыр суюктугу карама-каршы багытка өзгөрөт. Кочкул
тартып, тунуктугу жоголот, бул спермалардын киришине бөгөт койот.
Аялдын жыныстык
системасындагы өзгөрүүлөр денеге кирген спермалардын энелик клеткага жетишине
шарт түзүүнү көздөйт. Бирок бул, мурунку бөлүмдө да айтылгандай, абдан кызыктуу
көрүнүш. Анткени таптакыр башка бир денеден келген клеткаларга аялдын жыныстык
системасынын мүчөлөрү жардам беришет.
Кантип бир
клетка мурда эч көрбөгөн (негизи мурда көрсө деле айырмасы жок) клеткалар
тууралуу ушунча көп маалымат билет? Ал клеткаларга эмне керек экенин, мисалы,
алардын кантип ылдамдай алаарын кайдан билет? Жатындагы суюктукту иштеп чыккан
клеткалардын бир сперманын өзгөчөлүктөрүн билип, аларга ыңгайлуу шарттарды
даярдашы, албетте, мүмкүн эмес.
Бул жерге чейин
айтылган процесстердин баары бардык аялдарда бирдей кезек менен, эч кемчиликсиз
ишке ашат. Бул шайкеш жана бири-бири менен кызматташып иштеген системалар бул
жерде апачык бир план жана долбоордун бар экенин көрсөтөт. Сперма эненин денеси
үчүн долбоорлонсо, эненин жыныстык органдары сперманы кабыл алууга
ыңгайлаштырылган. Бул шайкештикте кичине эле кемчилик кетсе, мисалы сперманын
кыймылдаткыч куйругу болбосо же спермада эненин денесиндеги кислоталуу чөйрөнү
тең салмактай турган суюктук болбосо, бала төрөлбөйт.
Бул дагы апачык
көрсөткөндөй, эркек менен аялдын жыныстык клеткаларынын ортосундагы толук
шайкештик эң башынан пландалып жаратылган. Эркек менен аялды жаратып, аларды
бири-бирине шайкеш кылган жана ошентип бир тамчы суудан адамды жараткан –
ааламдардын Рабби Улуу Аллах. Адамдар Аллахтын жаратуу чеберчилиги тууралуу ой
жүгүртүшү зарыл жана Раббибиздин чексиз кудуретин түшүнүп, Ага толук моюн сунушу
шарт:
Силердин
жаратылууңарда жана көбөйтүп-жайган жандууларда так илим менен ишенген бир коом
үчүн аяттар (далилдер) бар. (Жасия Сүрөсү, 4)
Фаллопий
түтүгүнүн пландуу иш-аракеттери
Энелик бездерде
жетилип, көңдөйгө чыгарылган энелик клетка, жогоруда айтылгандай, фаллопий
түтүгү деп аталган атайын түзүлүш тарабынан кармалат. Эгер энелик безден
чыгарылган энелик клетка фаллопий түтүгү тарабынан кармалбаса, анда эненин
башка органдарынын арасына түшөт жана эч качан сперма менен жолугушпайт.
Фаллопий түтүгү
энелик клетка менен сперма клеткаларынын жолугушуу жайы. Бул милдетин аткаруу
үчүн фаллопий түтүгү эки багытта иш-аракет алып барат. Биринчиси, жетилген
энелик клетканы энелик безден алып, түтүктүн ичиндеги сперма менен жолугушчу жайга
алып келет. Экинчиси, сперманы жатын көңдөйүнөн алып энелик клетка менен
жолугушчу жайга алып барат.
Алгач эки
жумуртка бездин жанында жайгашкан фаллопий түтүктөрү энелик безден чыгарылган
бардык энелик клеткаларды чогултат. Фаллопий түтүктөрүнүн учтары энелик безди
ороп турган колдорго окшоп, атайын жетилген энелик клеткаларды топтоого
ылайыкталган. Фаллопий түтүктөрүнүн бул колдорунун кыймыл-аракети овуляция
убагына жараша өзгөрөт. Энелик клеткалардын жетилүү убагы жакындаганда, фаллопий
түтүгүнүн колдору ачылат жана осьминогдун колдоруна окшоп энелик бездин үстүн
ороп, анын үстүн шыпырып жаткан сыяктуу кыймыл-аракеттерди баштайт. Овуляция
убагында мындай кыймылдардан улам энелик клетка фаллопий түтүгүнүн үстүнө
түшөт. Ошентип курсак көңдөйүнө чыгарылган энелик клетка узундугу 10-12 см
болгон фаллопий түтүгүнө кирет. Фаллопий түтүгүнүн ичи түкчөлөрдөн турат.
Энелик клетка фаллопий түтүгүндөгү миллиондогон түкчөнүн туура багыттагы
кыймылдары себептүү сперма менен жолугушчу тарапты көздөй жылат.17
Ал ортодо энелик
клетканы орогон фолликул клеткалары овуляция убагында дагы эле сырткы кабыкча
бойдон турушат. Энелик клетканын бырыштуу былжыр кабыкчасы бул клетка тонун
акырындык менен жок кыла турган ферменттерди бөлүп чыгарат. Ошентип фолликул клеткалары
ажырайт жана энелик клетка коргоочу кабыкчадан чыгып сперма менен жолугуу үчүн
ачыкка чыгат.

Фаллопий
түтүгүнүн мындай кыймыл-аракеттеринин убактысы абдан маанилүү. Себеби сперма
да, энелик клетка да белгилүү бир убакыт гана жашайт. Ошол убакыт бүтө электе
сперма клеткалары энелик клеткага жеткирилиши шарт. Фаллопий түтүгү убакытты
кантип жөнгө салат? Башка органдар тарабынан чыгарылган бул клеткалардын канча
убакыт жашай алаарын кайдан билет? Бир канча сантиметр квадраттык бир кесим
эттин бул иш-аракеттерди жасай турган билимге жана жөндөмгө ээ болушу, албетте,
мүмкүн эмес. Бардык клеткалар жана кыртыштар сыяктуу, фаллопий түтүгү да бул
иш-аракеттерди бир гана ааламдарды жараткан Аллахтын илхамы менен жасайт.
Ошондуктан эч кандай башаламандык жана кемчилик чыкпастан, бул оор жумушту эч
кыйынчылыксыз орундатат. Ошентип энелик клетка жок болоордон мурда, б.а. эң көп
24 сааттын ичинде уруктануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Сперма менен
энелик клетка жолугушат
Көптөгөн
процесстен өтүп жетилген энелик клетка фаллопий түтүгүнө чыгарылат. Ал ортодо
аны менен бирге аны курчаган көптөгөн башка клеткалар да болот. Фаллопий
түтүктөрүнө жеткен сперма энелик клетканы уруктандыруудан мурда «гранулеза»
аттуу бул клеткалардан өтүшү шарт. Андан соң энелик клетканын сыртындагы калың
кабыкты тешиши керек.
Сперма бул
тоскоолдуктардан кантип өтөт?
Ушул жерден
сперманын белгилүү бир долбоор менен жасалганына жана ал долбоордун
кемчиликсиздигине дагы бир жолу күбө болобуз. Сперманын жогоруда сөз кылынган
«акросома» деп аталган бөлүгүндө гиалуронидаз жана протеолитикалык ферменттер
сакталат. Энелик клетканын кыртышын (гранулеза клеткаларын) чогуу кармап турган
клетка бириктирүүчүлөрүндө болсо гиалурон кислотасы болот. Гиалуронидаз
ферменти ушул кислотанын түзүлүшүн бузуп, энелик клетканы курчап турган
клеткалардын арасынан спермага жол ачат. Протеолитикалык ферменттер болсо
энелик клеткага тиешелүү кыртыштардагы белоктордун сиңирилишин камсыз кылат.
Ушул эки ферменттин жардамы менен сперма энелик клеткага жетет.18
Энелик клеткадан
абдан алыста, эркектин денесинде иштелип чыккан спермалардын ферменттери кантип
дал энелик клетканын түзүлүшүнө таасир тийгизе турган заттардан турат? Бул
заттардын формуласын ким тапкан? Энелик клетканы уруктандырышы үчүн,
микроскопиялык көлөмдөгү спермалардын эң керектүү жерлерине, б.а. баш жактарына
бул ферменттерди ким жайгаштырган?
Буларды сперма
өзү жасай албайт. Сперма гиалурон кислотасынын бар экенин, ал кислотанын
клеткаларга таасир тийгизээрин жана гиалуронидаз аттуу ферменттин ал кислотанын
таасирин жок кылаарын эч качан биле албайт. Болгондо да, ферменттин формуласын
билсе эле маселе чечилип калбайт. Аны адамдын денесинде иштеп чыгартуу да керек
болот. Сперма адамдын денесинде бул ферментти иштеп чыгара турган системаны өз
алдынча, албетте, жасай албайт. Мисалы, медицина же химия тармагында билим
албаган бир адамдан «гиалурон кислотасынын» түзүлүшүн бузуучу ферменттин атын
сурасаңыз же бул ферменттин формуласын тартып бер десеңиз, албетте, жооп бере
албайт. Ал эми сперма клеткасы болсо аң-сезимдүү адамдын колунан келбеген
иш-аракеттерди жасайт жана адам билбеген химия формулаларын билип, максатына
жеткире турган заттарды өзү менен кошо алып жүрөт. Албетте, булардын баарын
сперма өзү жасайт деп айтуу акыл менен логикага эч туура келбейт. Акылга жана
логикага сыйбаган гипотезаларды бир четке коюп ой жүгүрткөндө, спермада энелик
клетканын түзүлүшүнө таасир тийгизе турган ферменттердин болушунун өзүнүн эле
жаратылууну далилдөөгө жетиштүү экенин көрүүгө болот. Мындай кемчиликсиз
шайкештикти эч бир кокустук менен түшүндүрүүгө болбойт. Спермалардын алардан
такыр башка чөйрөдө жайгашкан башка бир клетканын химиялык түзүлүшүн билишин,
ал химиялык заттарга кандай таасир берээрин анализ кылып, андан соң анализдин
жыйынтыгына жараша керектүү химиялык заттарды иштеп чыгышын «улуу акылман бир
Жаратуучу сперманы ушул өзгөчөлүктөрү менен бирге жараткан» деп гана
түшүндүрүүгө болот.
Спермадагы бул
кемчиликсиз долбоор – адамдын бүт мүчөлөрү менен бирге, толук бойдон Аллах
тарабынан жаратылгандыгын көрсөткөн апачык далилдердин бири.
Сперма сапарын
улантат
Сперма энелик
клетканын сырткы катмарына жеткенде, сперманын сырткы кабыкчасы ал жерде аны
тааныган бир кабылдоочу белок менен байланышат. Бул байланыштын натыйжасында
сперманын коргоочу тонунун (акросоманын) кабыкчасы ээрийт. Ошол эле учурда
энелик клетканын кабыкчасы да спермаларды өзүнө тарта турган «фертилизин» аттуу
бир затты бөлүп чыгарат. Бул молекула спермалардын кыймылдоо жөндөмүн арттырып,
алардын энелик клетканын кабыкчасы менен оңой реакцияга киришине шарт түзөт.
Фертилизин заты, ошондой эле, сперманын баш бөлүгүндө жайгашкан акросоманын
таасирин да жогорулатат.
Сперма энелик
клетканын кабыкчасына тийгенде жаңы заттар ишке кирет жана жаңы процесстер
жүрөт. Сперма энелик клеткага тийгенде «антифертилизин» аттуу бир затты бөлүп
чыгарып, энелик клетка чыгарган фертилизин затын нейтралдаштырат. Ошентип
энелик клеткага биринчи болуп жеткен сперма башка спермалардын энелик клеткага
келишин токтотот.
Энелик клетканын
кабыкчасы сперма клеткасы ичкери кирген соң болжол менен 2 секундадан кийин
өзүн жаңылап баштайт. Ошентип дагы бир сперма клеткасынын ичкери киришине эч
качан жол бербейт. Жүргүзүлгөн эксперименттерде бул кабыкча алынып салганда,
көптөгөн сперманын энелик клетканын ичине киргени байкалган. Ошондуктан
уруктануу кабыкчасы абдан бат пайда болушу шарт. Уруктануу кабыкчасы пайда
болгон соң бир дагы сперма энелик клеткага кире албайт. Бул жагынан энелик
клетканы коопсуз бир имаратка салыштырууга болот. Анткени энелик клетканын
сырткы кабыкчасы ичинде абдан маанилүү маалыматтар сакталган бир имараттын
коопсуздукту көзөмөлдөө системасына окшоп, клетканын ичине эч нерсени
киргизбейт.
Сперма энелик
клетканын кабыкчасына тийген жерде алгач бир дөмпөк пайда болот. Жана алгач
сперманын баш тарабы энелик клетканын эң сырткы катмарына кирет. Анан 30
мүнөттүн ичинде сперма менен энелик клетка толук биригет. Бул процесстердин
натыйжасында сперманын ичиндеги генетикалык маалымат энелик клеткага өткөрүлгөн
болот.19
Бирок бул жерде
маанилүү бир жагдай бар: эгер энелик клетка менен сперманын чыгарган ферменттери
бири-бирине туура келсе, алар бири-бирине карманат. Антпесе кармана алышпайт.
Мунун себеби төмөнкүдөй: жаныбарлардын бардык түрлөрүнүн энелик клеткалары
химиялык курамы өзгөчө болгон бир фертилизин затын бөлүп чыгарат. Башка түргө
тиешелүү, мисалы адамдан башка бир жаныбарга тиешелүү, сперма клеткаларынын
энелик клеткага жакындашуусунун алдын алуу, түрдүн бузулушуна бөгөт коюу үчүн
ушундай чара көрүлгөн. Ошентип ар кайсы түрлөргө, мисалы бир мышык менен бир
атка же бир адам менен башка бир жандыкка, тиешелүү сперма менен энелик
клеткалардын биригишине бөгөт коюлган.20
Ферменттерден
тышкары, сперма менен энелик клетканын электрдик заряды да уруктанууга таасир
берет. Энелик клетка ар дайым терс заряддуу болот. Спермалар болсо оң зарядга
ээ. Карама-каршы заряддар бири-бирин тартканы үчүн, энелик клетка бардык
спермаларды өзүн көздөй тартат. Бирок энелик клеткага биринчи сперма кирээри
менен электрдик заряд заматта өзгөрөт. Энелик клетка да андан соң спермаларга
окшоп оң заряддуу болуп калат. Окшош заряддар бири-бирин түрткөнү үчүн,
биригүүдөн соң энелик клетка бардык спермаларды түртө баштайт.
Уруктануунун
акыркы баскычында
Сперма энелик
клеткага кирген соң куйрук бөлүгү үзүлүп сыртта калат. Муну өз кызматын
аткарган күйүүчү май багынын космос кемесинен бөлүнүп калышына салыштырууга
болот. Белгилүү болгондой, космос кемелери атмосферанын сыртына чыккан соң,
кызматы бүткөн күйүүчү май бактарын космоско койо беришет. Анткени ичиндеги
күйүүчү май түгөнгөндөн кийин бак жөн гана ашыкча салмакка айланат.
Атмосферанын сыртына оңой чыгуу үчүн күйүүчү май багы дал өз учурунда койо
берилиши шарт. Ошол сыяктуу, спермалар да аларды керектүү энергия жана
кыймылдоо жөндөмү менен камсыз кылган куйруктарын энелик клетканын ичине
кирүүгө аракеттенип жатканда койо беришет.
Көңүл бурган
болсоңуз, уруктанууда укмуш мыкты эсептелген бир система иштейт. Энелик
клетканын айланасындагы ээриткич суюктук сперманын соотун акырындап тешет, ал
ортодо сперма энелик клетканын кабыгына жакындайт. Соот тешилгенде сыртка
чыккан ферменттер болсо сперманын энелик клетканын кабыгын тешип, ичине киришин
камсыз кылат. Ошол замат электрдик заряд өзгөрүп, башка спермаларды түртөт жана
жаңы пайда болгон түзүлүштү чакырылбаган коноктордон коргойт.
Эгер ушунчалык
мыкты корголгон жана бири-бирине шайкеш жаратылган бир система болбогондо,
сперма менен энелик клетка эч качан бириге алмак эмес.
Эгер энелик
клетка жол көрсөткүч суюктукту бөлүп чыгарбаганда, спермалар алардын көлөмүнө
салыштырмалуу абдан алыста жайгашкан энелик клеткага жете алмак эмес.
Эгер
спермалардын сооту болбогондо, алар да башка микроорганизмдерге окшоп энелик
клетканын суюктугу тарабынан ээритилип салмак.
Эгер ал сооттун
астына атайын ээриткич ферменттер жайгаштырылбаганда, бул жолу спермалар энелик
клеткага жеткени менен, анын кабыгын тешип, ичине кире алышмак эмес.
Эгер энелик
клетка менен спермалардын электрдик заряддары карама-каршы эмес, бирдей
болгондо, анда энелик клетка спермаларды түртмөк жана бир дагы сперма энелик
клеткага жакындай алмак эмес.

Көрүнүп
тургандай, бир даана энелик клетка менен сперманын биригүүсүндө да кереметтүү
бир тең салмактуулук жана эсеп бар. Болгондо да, мындай эсеп менен тең
салмактуулук бир эле жолу эмес, адамзаттын жашоосу башталгандан бери жер
бетинде жашап өткөн миллиарддаган адамдын төрөлүшүндө улам сайын кайталанууда.
Бир эле
баскычында да эч кандай кокустукка жол берилбеген бул кереметтүү процесстер
адамдын Аллах тарабынан жаратылганын апачык далилдейт:
Асмандардагылар жана жердегилер Ага тиешелүү; баары Ага чын көңүлдөн моюн
сунган. Жаратууну баштаган, кийин аны кайтара турган Ал; бул Ага абдан оңой.
Асмандарда жана жерде эң улуу мисал Аныкы. Ал кудуреттүү жана улуу, өкүмдар
жана даанышман. (Рум Сүрөсү, 26-27)
Наристенин
жынысынын аныкталышы
Жакын жылдарга чейин
адамдар наристенин жынысы эненин клеткалары тарабынан аныкталат деп ойлоп
келишкен. Же болбосо жок дегенде, эне менен атадан келген клеткалар биргелешип
жынысты аныктайт деп ойлошкон. Бирок Куранда бул тууралуу башкача маалымат
берилген жана аяттарда эркек менен аялдын «жатынга куюлган урук суюктугунан»
жаратылганы билдирилген:
Чындыгында жуптарды; эркек менен
аялды Ал жараткан. Бир тамчы суудан (жатынга) урук суюктугу куюлганда. (Нежм
Сүрөсү, 45-46)
Куранда
билдирилген бул маалыматтын тууралыгы генетика жана микробиология илимдеринин
өнүгүшүнүн натыйжасында илимий жактан да тастыкталды. Наристенин жынысынын
толугу менен эркектен келген сперма клеткалары тарабынан аныкталаары, аялдан
келген энелик клетканын буга эч кандай таасир тийгизбей тургандыгы белгилүү
болду.
Жыныстын
аныкталышы хромосомалардан көз-каранды. Адамдын дене түзүлүшүн аныктаган 46
хромосоманын экөөсү жыныс хромосомасы деп аталат. Бул эки хромосома эркекте XY,
аялда болсо XX деп белгиленет. Анткени бул хромосомалар ушул тамгаларга окшош. Y
хромосомасы эркектик, X хромосомасы болсо аялдык гендерди камтыйт. Бир адамдын
пайда болушу эркек менен аялда жуп түрүндө жайгашкан ушул хромосомалардын
бирден даанасынын биригишинен башталат. Аялда овуляция учурунда экиге бөлүнгөн түйүлдүк
клетканын эки бөлүгүндө тең X хромосомасы жайгашат. Ал эми эркекте болсо экиге
бөлүнгөн түйүлдүк клетка X жана Y хромосомаларын камтыган эки түрдүү сперманы
пайда кылат. Аялдагы X хромосомасы эгер эркектеги X хромосомасын камтыган
сперма менен бириксе, анда төрөлө турган наристе кыз болот. Эгер Y хромосомасын
камтыган сперма менен бириксе, анда эркек бала төрөлөт.
Башкача
айтканда, наристенин жынысы эркектеги хромосомалардын кайсынысынын аялдын
энелик клеткасы менен биригээринен көз-каранды.
Албетте,
генетика илими пайда болгонго чейин, б.а. 20-кылымга чейин бул тууралуу эч
кандай маалымат болгон эмес. Тескерисинче, көп элдерде төрөлө турган наристенин
жынысы аялдын денесинен көз-каранды деген ишеним бар болчу. Ал тургай, ушул
себептен кыз төрөгөн аялдар сындалаар эле.
Бирок Куранда
генетика ачылаардан 13-кылым мурда бул негизсиз ишенимди четке каккан бир
маалымат берилген жана жыныстын булагынын аял эмес, эркектен келген урук
суюктугу экендиги билдирилген.
Куран –
ааламдардын Рабби Аллахтын сөзү. Ушул сыяктуу илимий кереметтер да мунун
далилдеринин бири.
(Бул Куран) Аяттарын жакшылап
ойлонушсун жана таза акыл ээлери сабак алышсын деп (Биз) сага түшүргөн куттуу
бир китеп. (Сад Сүрөсү, 29)
Булактар:
13 Guyton&Hall, Human Physiology and Mechanisms of Disease, 6. baskı, 1997, ABD, s. 659
14 Laurence Pernoud, J'attends un enfant, Pierre Horay, Paris, 1995, s.107
15 Prof. Dr. Ahmet Noyan, Yaşamda ve Hekimlikte Fizyoloji, Ankara, Mart 1998, 10. baskı, s. 1119
16 Guyton&Hall, Tıbbi Fizyoloji, Nobel Tıp Kitabevleri, İstanbul, 1996, 9. baskı, s. 1006
17 Lennart Nilsson, A Child is Born, Delacorte Press, NY, 1977,s. 22
18 Guyton&Hall, Tıbbi Fizyoloji, Nobel Tıp Kitabevleri, İstanbul, 1996, 9. baskı, s. 1005
19 Guyton&Hall, Tıbbi Fizyoloji, Nobel Tıp Kitabevleri, İstanbul, 1996, 9. baskı, s. 1007
20 Solomon, Berg, Martin, Villee, Biology, Saunders College Publishing, ABD, 1993, s. 1056