29 Ağustos 2020 Cumartesi

ЖАҢЫ ЖАШОО ҮЧҮН ЖАРАТЫЛГАН КЕРЕМЕТТҮҮ СИСТЕМА

Адамзаттын жер жүзүндө урпагын улантышы көбөйүү системасынын кемчиликсиз иштөөсүнөн көз-каранды. Көбөйүү системаларынын иштеши аял менен эркектин денесинде бири-биринен абдан айырмаланат. Бирок ал системалар бири-бирин кемчиликсиз толуктайт жана жыйынтыгында бир адам дүйнөгө жаралат. Адамдын эки башка денеде, бири-биринен көз-карандысыз иштелип чыккан маңыздардан пайда болушунан жер жүзүндөгү эң улуу кереметтердин бирине күбө болобуз: адамдын жаратылуу кереметине...

Адамдын жаратылуу керемети үчүн адамдын денесиндеги керектүү даярдыктар негизи көп жылдар мурда башталат. Ал үчүн алгач эркек менен аялдын жыныстык клеткалары активдүү абалга келиши керек. Бул ар бир адамда «өспүрүм убагы» деп аталган бир процесс аркылуу башталат. Бул процесстеги эң негизги элемент, албетте, клеткалардын ортосундагы байланышты камсыз кылган гормоналдык система. Гормоналдык системаны болсо мээ көзөмөлдөйт.

Аллах адамдын денесиндеги бардык муктаждыктарды жана өзгөрүүлөрдү мээ башкара тургандай кылып жараткан. Мээ органдардан келген билдирүүлөрдү баалап, эң ылайыктуу жоопторду керектүү жерлерге мүмкүн болушунча эң кыска убакытта жиберет. Мында байланыш каражаты катары гормоналдык системаны колдонот. Аллах адамдын денесинде кемчиликсиз «почта тармагын» жараткан. Ал тармактын ичинде «гормон» деп аталган кабар жеткирүүчү молекулалар кандайдыр бир мааниде «почтальондун» милдетин аткарышат. Почтальондун бүт шаарды кыдырып тиешелүү кабарларды керектүү даректерге жеткириши сыяктуу, гормондор да мээден келген буйруктарды тиешелүү клеткаларга жеткиришет. Ошентип денеде адамдын жашоосуна керектүү функциялар иштеп баштайт.

Бирок бул жерде бир нерсени эске салышыбыз керек: гормондор эмнени каерге алып бараарын билген, ошого жараша багытын аныктаган аң-сезимдүү адамдар эмес. Бул милдетти аткаруу үчүн билим да, тажрыйба да алышкан эмес. Гормон аттуу «почтальондор» абдан татаал формулалар менен сүрөттөлгөн молекулалар гана. Бир молекуланын эмнени каерге алып бараарын билиши, кайсы клетканын кайсы билдирүүдөн кыймылга келээрин аныкташы, өзүнөн миллиарддаган эсе чоң, капкараңгы адамдын денесинин ичинде эч адашпай жолун табышы, өзүнө жана билдирүүгө эч бир зыян тийбестен өз милдетин кемчиликсиз аткарышы, албетте, абдан улуу керемет. Бир эле ушул мисал да Аллахтын адам денесинин ичине канчалык кереметтүү системаларды жайгаштырганын анык далилдөөгө жетиштүү.

Гормоналдык система жалпысынан адам эненин курсагында жатканда иштеп баштайт жана көз жумганга чейин уланат. Жыныстык бездер да гормондордун таасири менен иштеп баштай турган органдар. Бирок дененин башка мүчөлөрүнөн айырмаланып, жыныстык бездерге тиешелүү гормондор өспүрүм кезде бөлүп чыгарыла баштайт. Гормоналдык системанын жетекчиси деп эсептелген мээдеги «гипоталамус» өспүрүм жашка жеткенде ага баш ийген бездердин бирине, т.а. гипофиз безине жыныстык (көбөйүү) органдарды активдештире турган буйруктарды жибере баштайт.

Бул жерде дагы бир кереметке көңүл буруу керек. Гипоталамус аттуу бул органыбыз адамдын денесиндеги өзгөрүүлөрдөн, мисалы адамдын канча жашка келгенинен, дененин көбөйүү системасынын иштеп башташына жетиштүү деңгээлде жетилип жетилбегенинен кабардар. Жана ошого жараша иш-аракет жүргүзөт. Башкача айтканда, гипоталамус жылдарды эсептеп, адамдын өспүрүм жашка келгенин аныктайт жана дененин кээ бир секреция бездерине керектүү буйруктарды берет. Дал учуру келгенде жыныстык органдарга керектүү билдирүүлөрдү (гормондорду) жиберип, адамдардын урпагы уланышы үчүн керектүү өрчүү процессинин башталышына шарт түзөт. Болгондо да, муну бир адамдын гипоталамусу эмес, азыркы учурда жер жүзүндө жашаган миллиарддаган адамдын ар биринин гипоталамусу дээрлик бирдей жаштарда бул процессти баштайт.

Денебизде көлөмү бир канча кубик канттай болгон бул бир кесим эттин убакыттан кабардар болушу, арадан өткөн жылдарды эсептеп баарын жөнгө салышы, албетте, ойго салбай койбойт. Гипоталамус муну кантип эсептейт? Гипоталамуска эмне кылуу керек экенин бирөө үйрөткөнбү же гипоталамус муну өзү түшүнгөнбү? Гипоталамус адам пайда болушу үчүн жыныстык бездер өрчүшү керек экенин эсептеп, ага бир убакыт белгилеп, дал өз убактысында ошол гормонду чыгарышы керек экенин кайдан билет? Мындан тышкары, гипоталамус өзү чыгарган көптөгөн гормондордун арасынан кайсынысынын өз учурунда көбөйүү системасын ишке киргизээрин кантип аныктайт? «Абдан көрөгөч» болгону үчүн алдын ала пландап, ошого жараша чараларды жана даярдыктарды көрөбү? Эмне үчүн мурдараак же кийинчерээк эмес, дал адамдын денеси физиологиялык жактан көбөйүүгө даяр болгон мөөнөткө чейин күтөт?

Көзү, кулагы, тили жана мээси жок бир кесим этке акылы бар бир жандыктай иш-аракет жасатып, клеткаларды башкарткан акыл биз элестете алгандан абдан улуу, теңдешсиз бир акыл.

Гипоталамуска убакытты билдирген кокустуктар да, башка кандайдыр бир күч да эмес. Гипоталамуска бул өзгөчөлүктөрдү берген улуу акыл Аллахка тиешелүү. Эмнелерди кылышы керек экенин да бул кичинекей бир тиштем этке бүт баарын билген Аллах илхам кылууда. Аллах бүт баарын башкарып тураарын бир аятта «Аллах бүт баарын карап көзөмөлдөп туруучу.» (Ахзаб Сүрөсү, 52) деп билдирген.

Алдыдагы маалыматтарды окуп жатканда ушул акыйкатты ар дайым эсте тутуу зарыл.

 

Жынысты айырмалай алган гормондор

Гипоталамус ГнРГ (гонадотропин-рилизинг-гормон) аттуу бир гормонду кан аркылуу гипофиз безине жиберип, аял менен эркекте өспүрүм доорунун башталышы үчүн биринчи кадамды таштайт. Гипоталамус жиберген буйруктун негизинде гипофиз бези алгач жыныстык органдарды активдештире турган гормондорду жөнөтө баштайт. Алар ЛГ (лютеиндештирүүчү гормон) жана ФСГ (фолликулду стимулдоочу гормон) деп аталат. Бул гормондордун экөө тең эркектерде да, аялдарда да бөлүп чыгарылат, бирок таасирлери экөөндө эки башка болот.1




Аялдарда да, эркектерде да бир эле гормондор чыгарылганына карабастан, алардын таасирлеринин бири-биринен толугу менен айырмаланышы абдан таң калыштуу. Мисалы, ФСГ аттуу гормон аялдарда энелик клетканы пайда кылат. Эркектерде болсо ушул эле гормон сперманы пайда кылат. ЛГ гормону болсо аялдарда энелик клетканын бөлүнүп чыгышына жана прогестерон аттуу башка бир гормондун чыгарылышына шарт түзөт. Прогестерон жатындын наристеге даярдалышында колдонулат. Ушул эле гормон эркектерде такыр башка милдетти аткарып, клеткаларды тестостерон гормонун бөлүп чыгарууга стимулдайт. Тестостерон болсо эркектик өзгөчөлүктөрдүн жана сперманын пайда болушуна шарт түзөт.

Таасири окшош гормондордун эки денеде бирдей формулада иштелип чыгып, бирок толугу менен эки башка таасирлерди пайда кылышы, албетте, ойлондурбай койбойт.

Бир гормон эркектин денесинде бөлүнүп чыкканда, ал клеткалардын эркекке тиешелүү экенин түшүнүп, ошого жараша өзгөрүүлөрдү жасайт. Мисалы, ал гормон эркектин денесинде булчуңдарды чоңойтуп, үндү жоонойтот жана сакал-муруттарды чыгарат.

Ушул эле гормон аялдын денесинде да дал ушундай формула менен чыгарылат, бирок аялда дээрлик толугу менен эркекке карама-каршы таасирлерди пайда кылат. Аялдарга аялдын үнүн, эркектерге эркектин үнүн берген, дененин өрчүшүн жынысына жараша жөнгө салган бир гормон эгер муну айырмалай алса, демек ал аял менен эркектин денесинин анатомиясын жана химиясын билет. Бул болсо гормондун акылы бар жана, мындан тышкары, бул тууралуу билим алган деген мааниге келет.

Көп адамдар аял менен эркектин жыныстык органдарына таасир тийгизүүчү гормондордон, клеткалардын ортосундагы байланыштардан жана процесстердин кандай жүргөнүнөн кабары да жок. Денесиндеги буйрук чынжыры, билдирүүлөрдүн агымы, дененин өрчүшүнүн ошол буйруктардан көз-карандылыгы, бул системанын иштешинде болор-болбос бир кемчилик кетсе, өмүрүнө чоң көйгөйлөрдүн пайда болоору тууралуу эчтеке билбейт жана бул процесстерди башкара албайт. Бул багытта билим албаган бир адамдын буларды билбеши кадыресе көрүнүш. Бирок бир молекула жыйындысынын бул маалыматтарды билишин эч качан кадыресе көрүнүш деп айтууга болбойт.

Молекулярдык түзүлүшү төмөнкү сүрөттө чагылдырылган гормондор химияны кайдан билет, кантип адамдын денесиндеги химияны түшүнүп, ал маалыматтардын негизинде бир химиктей болуп дененин керектүү аймактарына барат жана башка клеткаларды керек учурда керектүү гормондорду иштеп чыгууга багыттайт? Бул аң-сезимсиз молекула жыйындысы булардын баарын жасай турган акылды кайдан алган? Бул акылдын гормон деп аталган молекулаларга тиешелүү эместиги айдан ачык. Булардын баарынын кокусунан же башка бир нерсенин таасири менен мындай болуп калбашы да анык.

Бул кереметтүү көрүнүштүн бир гана түшүндүрмөсү бар. Эркек менен аял үчүн өз-өзүнчө жөнгө салынган бул биохимиялык процесстер бизге мында бир долбоордун, бир пландын бар экенин көрсөтөт. Бул долбоор улуу акылман Аллахка тиешелүү. Адамдар бул кемчиликсиз чеберчилик тууралуу терең терең ой жүгүртүүгө жана бүт нерсенин жалгыз өкүмдары Аллахка моюн сунууга милдеттүү.

 

Жыныстык клеткалардын өрчүшү

Технологиялык шаймандарды өндүргөн бир заводдо өндүрүш учурунда көптөгөн робот машиналар колдонулат. Ал машиналардын бардык иштөө программалары, иштөө системалары, техникалык колдоо бөлүмдөрү, кыскасы өндүрүштө талап кылына турган бардык өндүрүш маалыматтары заводдун көзөмөл борборунда сакталат. Ал жер өндүрүш, сапатты көзөмөлдөө, бузулгандарды оңдоо сыяктуу этаптарда колдонула турган бардык маалыматтарды сактоочу бир банкка окшошот. Дүйнөнүн эң жогорку жана эң татаал түзүлүшү болгон адам денесин да ушундай бир заводго салыштырсак, анда ал заводдун иш-аракеттерине керектүү бардык маалыматтар клеткалардын ядросундагы ДНК молекуласында сакталат деп айтууга болот.




Адам эненин курсагында жаңы уруктанган бир энелик клеткага айланган кезде эле келечектеги бардык өзгөчөлүктөрү Аллах тарабынан белгиленип, белгилүү бир тартипте ДНКларына жайгаштырылат. Чачынын өңү, бою, өмүр бою чалдыгуу ыктымалдыгы жогору болгон оорулары, ар түрдүү физикалык өзгөчөлүктөрү сыяктуу адамдын бардык өзгөчөлүгү электрондук микроскоптон араң көрүнгөн кичинекей бир жерде абдан этияттык менен сакталат.

ДНК денебиздеги болжол менен 100 триллион клетканын ар биринин ядросунда бар. Клетканын орточо диаметринин 10 микрон (микрон: миллиметрдин миңден бири) экенин ойлосок, ДНКнын канчалык кичинекей жерде канчалык көп маалыматты сактаарын жакшыраак түшүнө алабыз.

Организмдин бир план жана программанын негизинде өмүр сүрүшүн камсыз кылган ДНКны бир энциклопедияга салыштырсак, анда хромосомалар ал энциклопедиянын томдорун түзөт.

Хромосома томдорунун ДНК молекуласында жуп жуп болуп жайгашышы абдан маанилүү. Ар бир адамдын жаралуу этабында жуп хромосома томдорунун жарымы энеден, калган жарымы болсо атадан келет. Энеден келген 23 хромосома менен атадан келген 23 хромосома бири-биринин жубу. Башкача айтканда, ар бир адамдын клеткаларынын ядросундагы 46 хромосома негизи 23 жуптан турат. 23-хромосома гана өзгөчө болот. 23-хромосома көбүнчө X же Y тамгалары менен көрсөтүлөт. Эркектерде 23-хромосоманын жуптарынын бири X, экинчиси болсо Y хромосома. Аялдарда болсо 23-хромосома эки X хромосомадан турат.2

Бул маалыматтардан соң төмөнкүдөй суроо туулат: ар бир адамдын бардык клеткаларында 46 хромосома болсо, кантип эне менен атанын клеткаларынын биригишинен пайда болгон жаңы наристенин да 46 хромосомасы болот? Эгер энеден келген хромосомалардын саны 46, атадан келген хромосомалардын саны да 46 болгондо, кадимки шарттарда 92 хромосомалуу, анормалдуу бир жандык пайда болушу керек эле. Бирок андай болбойт. Анда кантип бардык адамдар 46 хромосомалуу болуп төрөлөт?

Бул суроонун жообу абдан маанилүү бир жаратылуу кереметин көз алдыбызга тартуулайт.

 

Катасыз бөлүнүү…

Дененин клеткаларында бөлүнүүнүн эки түрү бар. Алардан «митоз» деп аталган бөлүнүү түрү дененин көптөгөн клеткаларында кездешет. Мындай бөлүнүү учурунда клеткалардын хромосомаларынын саны өзгөрбөйт. Жаңы пайда болгон клеткаларда да эч кандай бузулуу жана өзгөрүү болбойт, баары бири-бирине окшош болушат.

Бул жерде бир нерсени белгилей кетүү керек. Эгер жыныстык клеткалар да ушинтип бөлүнгөндө, адам адам боло алмак эмес. Анткени эне менен атадан өз-өзүнчө 46 хромосома келсе, жогоруда айтылгандай, наристе 92 хромосомалуу болуп төрөлмөк, бул болсо адамдын түзүлүшүн толугу менен бузмак. Бирок денебиздеги теңдешсиз долбоордон улам мындай көйгөй жаралбайт. Себеби жыныстык клеткалардын пайда болушунда ишке ашкан жана «мейоз» деп аталган бөлүнүү учурунда абал башкача болот. Мейоз бөлүнүүнүн натыйжасында клетканын хромосомаларынын саны 46дан 23кө, б.а. эки эсеге азайат.




Бул бөлүнүү аягына чыкмайынча, жыныстык клеткалар толук жетилбейт. Эркектин денесинде да, аялдын денесинде да бул клеткаларды жетилте турган жана жетилген соң татаал сапарга даярдай турган атайын механизмдер бар. Бири-биринен эч кабарсыз жана көп жагынан айырмаланган аял менен эркектин көбөйүү системалары жыныстык клеткаларды бири-бирине толук даярдаганга аракет кылышат.

Буларга алдыда тереңирээк токтолобуз. Буларды окуп жатканда маанилүү бир жагдайга көңүл буруу керек. Жыныстык клеткалар бөлүнүп баштаган кезден баштап көзөмөлгө алынып, белгилүү бир планга баш ийишет. Эч кандай башаламандык болбойт. Клеткалар керектүү бөлүнүүлөрдөн өтүп, хромосомалар дал керектүү санда болот жана процесстердин кезегинде эч кандай өзгөрүү же кемчилик болбойт. Ар бир орган, аларды түзгөн клеткалар, ал клеткаларды түзгөн органеллдер абдан гармонияда иш алып барышат. Мындан тышкары, денедеги процесстердин жүрүшүнө салым кошкон гормондор менен ферменттерди түзгөн молекулалар да, ал молекулаларды түзгөн атомдор да абдан системалуу бир байланыш аркылуу качан процесске кошулаарын билишет жана кайсы органга кандай таасир тийгизээри тууралуу эч жаңылыштык кетиришпейт.

Клеткалардын, ферменттердин, гормондордун, кыскасы дененин бөлүктөрүнүн ортосундагы бул гармония жөнүндө сөзсүз ойлонуу керек.

Бир молекуланын, ал молекуланы түзгөн атомдордун план түзүшү, ал планды ишке ашырышы, кээ бирлеринин буйрук берип, калгандарынын ал буйрукка баш ийиши, берилген буйрукту түшүнүп, кемчиликсиз аткарышы эч качан кокустан пайда болбой турган кереметтүү көрүнүштөр. Болгондо да, ушул күнгө чейин жашап өткөн жана азыр жашап жаткан миллиарддаган адамдын ар биринин денесинде булардын ишке ашышы жана ар бир адамда кемчиликсиз гармониянын орун алышы мындан да улуу керемет. Денебизди түзгөн көзгө көрүнбөй турганчалык кичинекей клеткаларга жана ал клеткалар чыгарган гормондорго, ферменттерге жана башка жүз миңдеген бөлүктөргө улуу акылды жана аң-сезимди талап кылган бүт мындай өзгөчөлүктөрдү башаламан кокустуктардын бере албашы анык. Адамдын денесинде кемчиликсиз иштеген бардык системалардын ар бир баскычынын жана ар бир бөлүгүнүн адамдын акылы жетпей турган, теңдешсиз бир акылдын күчүнө баш ийээри айдан ачык.

Бул улуу акыл бүт ааламды бардык майда-чүйдөлөрүнө чейин жараткан Аллахка тиешелүү. Аллах Курандын аяттарында Өзүнөн башка Кудай жок экенин кабар берген. Бакара Сүрөсүндө мындай деп айтылат:

Аллах... Андан башка кудай (сыйынууга татыктуу зат) жок. Ал – тирүү, Кайуум. Аны уйкусуроо жана уйку тартпайт. Асмандарда жана жерде эмне бар болсо, баары Аныкы. Анын уруксаты болбостон, Анын кабатында шапаат кылуучу ким? Ал алдыңардагыны жана артыңардагыны билет. (Алар болсо) Ал каалагандан сырткары, Анын илиминен эч нерсени түшүнүп-аңдай алышпайт. Анын күрсүсү бардык асмандарды жана жерди курчап турат. Аларды коргоо Ага оор эмес. Ал – абдан улук, абдан бийик. (Бакара Сүрөсү, 255)


Булактар:

1  Guyton&Hall, Tıbbi Fizyoloji, Nobel Tıp Kitabevleri, İstanbul, 1996, 9. baskı, s. 1005, 1017

2  Keith L. Moore, The Developing Human - Clinically Oriented Embryology, W. B. Saunders Company, 1983, Canada, s. 141

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШҮҮ

Адамдын денеси жер жүзүндөгү эң татаал машина. Өмүр бою ушул денебиз менен көрөбүз, угабыз, дем алабыз, басабыз, чуркайбыз жана ырахат алабы...