Адамдын денеси жер жүзүндөгү эң татаал машина. Өмүр бою ушул денебиз менен көрөбүз, угабыз, дем алабыз, басабыз, чуркайбыз жана ырахат алабыз. Денебиз сөөктөрү, булчуңдары, кан тамырлары, ички органдары менен бирге кемчиликсиз долбоорлонгон. Бул долбоорду тереңирээк караганда мындан да таң калаарлык акыйкаттарга күбө болобуз. Бири-биринен айырмалуудай көрүнгөн дене мүчөлөрүнүн бүт баары окшош материалдардан турат. Клеткалардан...
Денебиздин
бардык бөлүктөрү көлөмү миллиметрдин миңден бириндей болгон клеткалардан турат.
Клеткалардын бир бөлүгү биригип сөөктөрдү, бир бөлүгү нервдерди, бир бөлүгү
боорду, бир бөлүгү ашказаныбыздын ички түзүлүшүн, бир бөлүгү терибизди, бир
бөлүгү болсо көзүбүздүн айнекчелин түзүшөт. Клеткалар дененин кайсы мүчөсүн
түзсө, ошол жерге керектүү көлөмгө жана формага ээ болушат.
Ушунчалык ар
түрдүү кызматтарды аткарган клеткалар кантип жана качан пайда болушкан?
Бул суроонун
жообу бизди сансыз кереметтерден турган бир окуяга алып барат. Азыр сиздин
денеңизди түзгөн болжол менен 100 триллион клетканын баары бир клетканын
көбөйүшүнөн келип чыккан. Түзүлүшү азыркы клеткаларыңыз менен бирдей болгон ал
жалгыз клетка болсо апаңыздын энелик клеткасы менен атаңыздын сперма
клеткасынын кошулушунан пайда болгон.
Аллах Куранда
адамдарга кээде асмандардагы жана жердеги, кээде болсо жаныбарлардагы жаратылуу
кереметтерин Өзүнүн бар экендигинин далили катары мисал келтирет. Алардын эң
негизгилеринин бири – бул азыр сөз болуп жаткан адамдын жаратылуусундагы
кереметтер.
Курандын
көптөгөн аяттарында адамдын сабак алуу үчүн өзүнүн кантип жаратылганын карап
көрүшү насаат кылынат. Адамдын кантип пайда болгону жана кандай баскычтардан
өткөнү терең сүрөттөлөт. Вакыа Сүрөсүндөгү аяттарда адамдын жаратылуусу
төмөнкүчө баяндалат:
Силерди Биз жараттык, дагы эле тастыктабайсыңарбы?
(Жатындарга) куюлуп жаткан урук суюктугун (сперманы) көрдүңөрбү? Аны силер жаратып
жатасыңарбы, же Биз жаратып жатабызбы? (Вакыа Сүрөсү, 57-59)
Адамдын денесин
түзгөн 60-70 килограммдык эт жана сөөк массасынын маңызы башында бир тамчы
сууда топтолуп турат. Акыл жүгүртө алган, уккан, көргөн жана дене түзүлүшү абдан
татаал болгон бир адамдын бир тамчы суудан пайда болушу, албетте, кереметтүү өрчүү
процессинен өтөт. Бул өрчүү процессинин эч көзөмөлсүз, туш келди жүрүшү,
албетте, мүмкүн эмес.
Адамдын пайда
болушунун бардык баскычтары Аллахтын теңдешсиз жаратуусу менен ишке ашат.
Бул китепте жер
жүзүндөгү ар бир адамдын пайда болушунда эч тынымсыз кайталанган «адамдын
жаратылуу керемети» терең каралат. Бул китепте баяндалган окуялардын адамдын
жаратылуу процессинин бир бөлүгү гана экендигин белгилөө керек. Бирок бул
китепте баяндалган бөлүгү да адамга Жаратуучубуздун чексиз кудуретин, бүт
ааламды курчап турган чексиз илимин жана акылын дагы бир жолу көрсөтөт. Жана
Улуу Аллахтын «жаратуучулардын эң сонуну» экендигин бүт адамдарга дагы бир жолу
эскертет:
Ант болсун, Биз
адамды сүзүп (тандалып) алынган бир ылайдан жараттык. Кийин аны бир суу тамчысы абалында бекем корголгон
бир жерге жайгаштырдык. Кийин ал суу тамчысын бир алак (эмбрион) кылып
жараттык; анан ал алакты бир тиштем эт кылып жараттык; андан соң ал бир тиштем
этти сөөк кылып жараттык; ошентип сөөктөргө эт кийгиздик; андан соң башка бир
келбетте аны жасадык. Жаратуучулардын эң сонуну болгон Аллах кандай Улук.
(Мүминун Сүрөсү, 12-14)
АКЫЛДУУ ПЛАН, башкача айтканда, ЖАРАТЫЛУУ
Китепте кез-кезде
колдонулган «долбоор, план» сөздөрүнүн маанисин туура түшүнүү керек. Аллахтын
бүт ааламды кемчиликсиз бир план (долбоор) менен жаратышы Раббибиз алгач план
түзүп, анан жараткан деген мааниге келбейт. Асмандардын жана жердин Раббиси
Аллах жаратуу үчүн кандайдыр бир «план» түзүүгө муктаж эмес. Аллахтын бир
нерсенин планын, долбоорун түзүшү менен жаратышы бир учурда болот. Аллах мындай
кемчиликтерден таза. Аллах бир нерсенин же бир иштин болушун кааласа, ага «Бол»
деп айтышы гана жетиштүү болот. Курандын аяттарында мындай деп
айтылат:
Бир нерсени каалаганда, Ал
«Бол» деп гана буйрук берет; ал ошол замат болуп калат. (Йасин Сүрөсү, 82)
Асмандарды жана жерди (эч
нерсени өрнөк албастан) жараткан. Ал бир иштин болушун чечсе, ага бир гана
«Бол» деп айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)


Hiç yorum yok:
Yorum Gönder