29 Ağustos 2020 Cumartesi

ЖЫЙЫНТЫК

Жер жүзүндөгү бардык адамдар жөнөкөй бир сперма клеткасы абалында жатынга ташталып, ал жерде жаратылган өзгөчө шарттардын жардамы менен энелик клеткага кошулган, ошентип жалгыз клеткага айланып жашап башташкан. Сиз дагы ушул процесстен өткөнсүз; апаңыз, атаңыз, бир тууганыңыз, досторуңуз, сиз тааныган жана тааныбаган бардык адамдар, ал тургай азыр жашап жаткандар эле эмес, алгачкы адамдан ушул күнгө чейин жашап өткөн бардык адамдар бул китепте каралган кереметтүү баскычтардан өткөн.

Адамдар өзүнүн бар экенинен да эч кабары жок кезде бир канча ай бою Аллах алардын денелерин калыптандырып, аларды жалгыз клеткадан келбеттүү бир адамга айлантып жараткан. Бул чындыкты ойлонуу дүйнөдөгү ар бир адамдын милдети...

Кантип пайда болгонуңузду ойлонуу жана сизди жараткан Аллахка шүгүр кылуу сиздин да милдетиңиз. Унутпаңыз, денеңизди бир жолу жараткан Раббибиз Аллах сизди өлгөнүңүздөн кийин дагы бир жолу жаратып, суракка алат. Бул чексиз кудуреттүү Аллах үчүн абдан оңой. Өздөрүнүн кантип жаратылганын унутуп, Аллахты жана акыретти жокко чыгаргандар болсо капылеттик ичинде, бейкапар жүрүшөт. Аллах мындай кишилердин абалын Куранда төмөнкүчө билдирген:

Адам Биздин аны бир тамчы суудан жаратканыбызды көрбөйбү? Эми ал апачык бир душман болуп калды. Өзүнүн кантип жаратылганын унутуп, Бизге бир мисал берип; (мындай) деди: «Чирип-талкаланганда бул сөөктөрдү ким тирилтет экен?» Айткын: «Аларды алгачкы жолу жаратып-кураган тирилтет. Ал ар түрдүү жаратууну билет.» (Йасин Сүрөсү, 77-79)

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШҮҮ

Адамдын денеси жер жүзүндөгү эң татаал машина. Өмүр бою ушул денебиз менен көрөбүз, угабыз, дем алабыз, басабыз, чуркайбыз жана ырахат алабы...