29 Ağustos 2020 Cumartesi

ЭМБРИОЛОГИЯ ЭВОЛЮЦИЯ КАЛПЫН ЧЕТКЕ КАГАТ

Кереметтүү бир жаратылуунун далили болгон адамдын төрөлүшүн эволюционисттер адамдын эволюциясы тууралуу жалганга бир далил катары колдонууга аракет кылышкан. Адамдын жаралуу процессиндеги ар бир баскычтын өтө кылдат бир долбоордун негизинде ишке ашаары учурда эмбриологияда талашсыз чындык. Анда эволюционисттер бул жаратылуу чындыгын кантип өздөрүнө далил катары көрсөтүүгө аракет кылышат?

Эволюционист биолог Эрнст Геккель 19-кылымдын аягында «Онтогенез филогенездин кайталандысы» (Ontogeny Recapitulates Phylogeny) деген гипотезаны чыгарган. Бул гипотеза боюнча, Геккель организмдердин эмбриондору өрчүү процессинде түпкү тектеринин башынан өткөн эволюция процессин кайталайт деп айткан. Мисалы, адамдын эмбриону эненин курсагында өрчүп жатканда алгач балыкка, андан соң сойлоочуга окшошуп, эң аягында адамга айланат деген.

Бул гипотезанын чындыкка жатпашы көп өтпөй белгилүү болгон. Адам эмбрионунун баштапкы этаптарында пайда болот деп айтылган «бакалоорлордун» чындыгында адамдын ортоңку кулак каналынын, калкан жандооч бездеринин жана богок бездеринин башталышы экендиги аныкталган. Эмбриондун жумуртканын сарысына окшоштурулган бөлүгүнүн болсо чындыгында наристеге кан иштеп чыгаруучу бир баштык экендиги белгилүү болгон. Куйрук деп аталган бөлүктүн болсо адамдын омуртка сөөгү экендиги аныкталган.

Буларды учурда илим дүйнөсүндө бүт баары билет. Ансыз деле Геккель бул теорияны чыгаргандан көп өтпөй эволюционисттер өздөрү да бул көз-караштын жараксыз экендигин кабыл алышкан. Неодарвинизмдин белгилүү өкүлдөрүнүн бири Джордж Гейлорд Симпсон бул теориянын жараксыздыгын төмөнкүчө белгилеген:

«Геккель эволюциялык өнүгүүнү туура эмес сүрөттөгөн. Бүгүнкү күндө организмдердин эмбриологиялык өрчүшүнүн өткөн тарыхын чагылдырбашын анык билебиз.»53

Геккель чыгарган бул теориянын жараксыздыгы, мындан тышкары, 1920-жылдары илимий талкууларда да кабыл алынган. Андан соң 1950-жылдары бул көз-караш окуу китептеринен толугу менен чыгарылып салынган.54

 

Жасалма сүрөттөр

Геккель теориясын чыгарганда эволюционист илимпоздордун салтын бузбастан, теориясына байланыштуу жасалма сүрөттөрдү да ойлоп тапкан. Ал тургай, эмбриология тармагы өнүгүп, сүрөттөрүнүн жасалма экени белгилүү болгондо, башка жолдошторун туураганын мойнуна алган:

Жалганымды мойнума алган соң өзүмдү айыпталган жана сындалган киши катары көрүшүм керек. Бирок өзүмдү төмөнкүчө сооротом: жаныбызда айыптуу жүздөгөн жолдошубуз, көптөгөн ишенимдүү байкоочулар жана көптөгөн белгилүү биологдор бар, алардын чыгарган эң мыкты биология китептеринде, диссертацияларында жана журналдарында мендей деңгээлде жасалган көз бойомочулуктар, так эмес маалыматтар аздыр-көптүр бурмаланып, схемага салынып, кайра башынан түзүлгөн сүрөттөр бар.55

Бул сөздөрүнөн да көрүнүп тургандай, Геккельдин эмбриологияны эволюцияга далил катары колдонуу аракеттери толугу менен негизсиз көз бойомочулуктан турат. Бул китепте жалпысынан гана каралган адамдын жаратылуусундагы кереметтер жашоонун жаралуу акыйкатынын четке кагылгыс далилдеринин бири.


Булактар:

53 G.G.Simpson, W.Beck, An Introduction to Biology, New York, Harcourt Brace and World, 1965, s. 241

54 Keith S.Thomson, Ontogeny & Phylogeny Recapitulated, American Scientist, cilt:76 Mayıs/Haziran 1988, s. 273

55 Francis Hitching,The Neck of the Giraffe:Where Darwin Went Wrong, New York,Ticknor and Fields 1982, sf.204

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШҮҮ

Адамдын денеси жер жүзүндөгү эң татаал машина. Өмүр бою ушул денебиз менен көрөбүз, угабыз, дем алабыз, басабыз, чуркайбыз жана ырахат алабы...