Миллиондогон аскерден турган бир чоң армияны элестетиңиз. Баары бир максатты көздөгөн, жолдун узундугуна, алдыдагы оор тоскоолдуктарга, абдан олуттуу коркунучтарга карабастан эч артка кайтпаган бир армия. Бул армиянын мүчөлөрү максатка жетүү үчүн өздөрүнүн көлөмүнө салыштырганда жүз миңдеген эсе чоң аралыкты басып өтүшү керек болсун. Ушунча көп санда жана ушундай оор сапарга чыккан бир армияга максатка жетүү үчүн, албетте, жардамчылар, жол көрсөтүүчүлөр жана кошумча жабдыктар керек болот.
300 миллион мүчөдөн турган ушундай эбегейсиз чоң армия эркектердин денесинде бар. Армиянын аскерлери болсо спермалар. Бою миллиметрдин болжол менен 1%ындай болгон спермалар максатына, б.а. энелик клеткага жетүү үчүн абдан узун аралыкты басып өтүшөт.
Чогуу сапарга
чыккан 300 миллионго жакын сперма клеткасынан эң чыдамкай 1000 даанасы энелик
клеткага жете алат. Алардын арасынан бирөөсү жарышты жеңип, энелик клетканы
уруктандырат. Спермалар бул жарышты баштаардан мурда алгач эркектин жыныстык
органдарында узун сапарга чыгып, жетилүү баскычтарынан өтүшөт. Бул жетилүү
баскычтарында спермалардын көптөгөн көмөкчүлөрү болот.
Спермалардын пайда болуу баскычтары
Бир энелик
клетканы уруктандыруу үчүн ар бир жолу болжол менен 200-300 миллион сперма
клеткасы даярдалат. Бул эбегейсиз чоң сан, бирок мынчалык көп болушунун
маанилүү бир себеби бар. Алдыда тереңирээк каралгандай, эненин денесине кирген
спермалардын көпчүлүк бөлүгү жолдо өлөт. Энелик клеткага жете алгандардын саны
абдан эле аз болот. Ошондуктан спермалардын санынын абдан көп болушу аркылуу
энелик клетканын уруктанышына тоскоол боло турган рисктер жоюлган. Миллиондогон
сандагы бир армиянын мүчөлөрү, б.а. спермалар эркектердин тестикула (урук бези)
деп аталган жыныстык органдарында иштелип чыгат. Бирок урук безинде бир канча
баскычта өндүрүлгөн спермалар салкын аймакта гана жашай алышат. Адамдын
денесинин кадимки температурасы 37°C. Мындай
температурада спермалар өлүп калышат. Ошондуктан спермалар дененин ичинде жашай
алышпайт. Урук бездеринин эң негизги өзгөчөлүгү, алар дененин сыртында
жайгашкан. Аллах эркектин денесине ушундай өзгөчө түзүлүштү жаратып,
спермалардын пайда болушуна эң ыңгайлуу шартты даярдаган.
Эркектин урук
бездери ар түрдүү каналча системаларынан турат. Абдан кеңири аймакты ээлеген
ушул каналча системаларынан улам миллиондогон сперма тездик менен пайда болуп,
эч кыйынчылыксыз сакталып тура алат. Ыкчам өндүрүштүн жана сактап коюу
процессинин эмне үчүн керек экенин бир энелик клетканы уруктандыруу үчүн
200-300 миллион сперманын иштелип чыгылаарын караганда жакшыраак түшүнөбүз.
Өндүрүштүн
көлөмүнө карап, миниатюралык заводдор деп сыпаттоого боло турган урук
бездеринде спермаларды өндүргөн жана жалпы узундугу болжол менен 500 метрге
жеткен 1000ге жакын каналча бар. Ал каналчалар «урук каналчалары» деп аталат.
Каналчалардын ар биринин орточо узундугу болжол менен 50 сантиметрди түзөт жана
алардын ичинде белгилүү убакыт аралыгында өрчүп спермаларды пайда кыла турган
сперманын негизги клеткалары жайгашат.3
Сперманын
негизги клеткалары (сперматогоний) урук каналчаларынын капталдарында
жайгашат. Белгилүү убакыттан соң бул клеткалар көбөйө баштап, бир митоз жана
эки мейоз бөлүнүүдөн өтүшөт. Мурдакы бөлүмдө айтылгандай, уруктануудан кийин
атадан келген спермадан наристеге 23 хромосома өткөрүлүшү үчүн, сперманын
негизги клеткалары мейоз бөлүнүүдөн өтүп, хромосомаларынын саны эки эсеге
азайат.
Бул
бөлүнүүлөрдүн натыйжасында 4 даана «сперматида» деп аталган клетка пайда болот.
Бирок бул клеткалар уруктандыруу касиетине ээ эмес. 23 хромосомалуу бул шар
формасындагы клеткалар уруктандыруу касиетине ээ болуу үчүн дагы өзгөрүүлөрдөн
өтүшү шарт.
Эркектин
жыныстык системасындагы бул маанилүү муктаждык эске алынып, дал керектүү жерге
сперматида клеткаларынын өрчүшүнө көмөкчү боло турган бир клетка тобу
жайгаштырылган. Мейоз бөлүнүүдөн кийинки бир-эки жуманын ичинде ар бир
сперматида клеткасынын формасы ушул көмөкчү клеткалар (Сертоли клеткалары)
тарабынан өзгөртүлүп түзүлөт. Бул бөлүнүү процесстеринин акыркы баскычында
сперманы сперма кылган куйрук, ядро жана сперманын баш жагындагы көптөгөн
ферменттерден турган акросома сыяктуу бөлүктөр пайда болот.4 (Тереңирээк маалымат «Сперма менен энелик
клетка жолугушат» аттуу бөлүмдө берилет.)
Бул калыптануу
процесстеринин баары каналчаларда жайгашкан, жогору сөз кылынган «Сертоли»
клеткаларында ишке ашат. Бул клеткалардын узун колдору (цитоплазмалык
бутактары) бар жана өздөрү да абдан чоң. Сертоли клеткалары өрчүп жаткан
сперматида клеткаларын колдору менен бекем ороп, өзүнүн цитоплазмасынын ичине
жакшылап сиңирет. Ошентип аларды өрчүү процессинде азыктандырып турушат жана ар
дайым көзөмөл астында кармашат.5
Албетте, бул
жерде кыскача сүрөттөлгөн бул кубулушта негизи улуу керемет бар. Адамзаттын
тукумун уланткан спермалар Сертоли клеткалары деп аталган, белоктордон жана
аминокислоталардан турган түзүлүштөрдүн жардамы менен пайда болушат. Бул жерде
бир саамга ойлонолу. Бир Сертоли клеткасынын, тагыраак айтканда, акылы,
аң-сезими, көзү, кулагы, мээси жок бир клетканын өзүн ушундай милдетке арнашы
улуу керемет. Бул процесс бул клетканын улуу бир акыл тарабынан башкарылаарын
апачык далилдейт. Ошондой эле, бул клеткалардын дал керектүү жерде, б.а.
спермалар пайда болгон урук каналчаларында жайгашышы жана дал керектүү
өзгөчөлүктөргө (мисалы, сперматидаларга салыштырмалуу чоңураак көлөмгө) ээ
болушу да адамдын денесиндеги кемчиликсиз долбоордун миллиондогон далилдеринин
бири. Аллах адамдын денесин түзгөн болжол менен жүз триллион клетканын ар бирин
өз ордуна жайгаштырып, ар бирине керектүү өзгөчөлүктөрдү берген жана ар бирине
аткара турган милдеттерин кемчиликсиз илхам кылган. Куранда кабар берилгендей, «... Ал маңдайынан
кармап-көзөмөлдөбөгөн эч бир жандык жок. Албетте, менин Раббим туптуура бир жол
үстүндө (туптуура жолдогуну коргойт).» (Худ
Сүрөсү, 56)
Бири-биринен көз-каранды система
Жогоруда Сертоли
клеткаларынын сперматидаларды спермаларга айландыруудагы ролу тууралуу сөз
кылдык. Кайсы физикалык фактор ал клеткаларды ишке салат жана сперматидаларды
азыктандырып, алардын өрчүшүн көзөмөлдөө милдетин билдирет?
Сертоли
клеткаларынын өз милдетин аткарышына фоллукил стимулятор (ФСГ) аттуу гормон
шарт түзөт. Гипофиз безинин алдыңкы бөлүгүнөн бөлүп чыгарылган бул гормон Сертоли
клеткаларын стимулдайт. Бул гормон иштелип чыгып, тиешелүү аймакка жетмейинче
сперма пайда болбойт. Сигналды алган Сертоли клеткалары сперма пайда болушу
үчүн сөзсүз талап кылынган эстроген аттуу гормонду бөлүп чыгара баштайт.
Сперманын өрчүшүнө салым кошкон дагы бир клетка түрү бар: урук каналчаларынын
арасында жайгашкан жана «Лейдига» деп аталган клеткалар. Бул клеткаларга
спермаларды өрчүтө турган башка бир гормонду чыгаруу милдети жүктөлгөн. Гипофиз
безинин алдыңкы бөлүгүнөн чыгарылган ЛГ (лютеиндештирүүчү гормон) Лейдига
клеткаларын стимулдайт. Натыйжада бул клеткалар тестостерон гормонун чыгара
башташат. Тестостерон жыныстык органдардын чоңоюшуна, жыныстык органдардагы
бездердин өрчүшүнө жана эркектик мүнөздөрдүн пайда болушуна шарт түзгөн жана
сперманын пайда болушунда эң негизги рольду ойногон бир гормон.
Ал ортодо Сертоли
клеткаларынын белок иштеп чыгуу сыяктуу башка милдеттери да бар. Ал белок
эстроген жана тестостерон гормондорун урук каналчаларынын ичинде жайгашкан
суюктукка жеткирет.6
Лейдига
клеткаларынын да дагы бир милдети бар. Сперма клеткалары кыймылдоо үчүн
керектүү энергияны Лейдига клеткалары берген фруктозадан алышат. (Мунун
маанисине кийинки бөлүмдөрдө тереңирээк токтолобуз.)
Көрүнүп
тургандай, гормоналдык система дененин башка бөлүктөрүндөгү сыяктуу көбөйүү
системасында да кемчиликсиз уюшкандык менен иштейт. Бардык гормондор
башкалардын алып келген билдирүүсүн ошол замат түшүнүп өз милдетин аткарышат.
Мисалы, мээнин кепил мээ (диэнцефалон) аймагында жайгашкан гипофиз бези
убакыттын келгенин түшүнүп ишке киришет жана эркектин урук бездериндеги
клеткаларга буйруктарды жиберип, органдарга жана кыртыштарга жасай турган
иштерин билдирет. Гипофиз безин болсо мээнин гипоталамус аттуу башка бир аймагы
ишке салат.
Адамдын пайда
болушунун алгачкы баскычы гормондор алып келген бул маалыматтардын туура
түшүнүлүп, буйруктардын толук аткарылышынан көз-каранды. Клеткалар менен
молекулалар гормондор алып келген билдирүүлөрдү кантип түшүнүп, кантип ишке
киришет? Бири-биринин химиялык түзүлүштөрүн жана ал түзүлүштөргө кандай ыкма
менен таасир беришээрин кайдан билишет?
Сертоли жана
Лейдига клеткаларынын сперманын пайда болушуна салым кошуу үчүн алардан бир топ
алыста жайгашкан, өмүрүндө эч качан көрбөгөн, болгондо да түзүлүшү жагынан
аларга такыр окшобогон гипофиз безинин буйруктарын аткарышын, андан буйрук
келмейинче эч нерсе жасабашын, албетте, кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбойт.
Гормондордун мындай өзгөчөлүктөргө көп жылдардын аралыгында көптөгөн
кокустуктардын натыйжасында ээ болушу да мүмкүн эмес. Анткени системанын
кандайдыр бир баскычында бир кемчилик болсо, бул бардык процесстерге таасир
берет. Системанын бир эле мүчөсү кем болсо, ал толугу менен иштебейт. Мисалы, Сертоли
клеткалары гипофиз бези жиберген ФСГ гормонунун маанисин билбесе жана эстроген
гормонун чыгарып баштабаса, сперма пайда болбойт. Же Лейдига клеткалары аларга
тапшырылган фруктоза менен камсыз кылуу милдетин аткарбаса же кемчилик менен
аткарса, сперма толук жетилсе да, жатынга кирген соң азык таба албаганы үчүн
өлөт жана энелик клеткага жете албаганы үчүн клетка уруктанбайт.
Бул бизге апачык
бир акыйкатты көрсөтөт. Органдар менен клеткалардын ортосундагы байланыштарды
түзгөн, гипофиз безине, гипоталамуска, Лейдига жана Сертоли клеткаларына,
кыскасы эркектин денесинде сперманын пайда болушуна катышкан бардык мүчөлөргө кандай
иш-аракет жүргүзөөрүн илхам кылган жана бири-биринин тилин түшүнткөн Аллах. Бүт
нерсе Аллахтын буйругу менен болот. Аллах бул акыйкатты бир аятында мындайча
кабар берген:
Асмандан жерге
(чейинки) ар бир ишти Ал курчап жөнгө салат... (Сажда Сүрөсү, 5)
Сперманы марага жеткирген башка бөлүктөр
Бир аз өрчүгөн
сперма клеткалары кыймылдоо жана уруктануу жөндөмүнө көбөйүү системасынын дагы
бир бөлүгү болгон кыпчыкейде (эпидидимис) ээ болушат. Урук безинин сырт жагына
ийкемдүү абалда карматылган кыпчыкей түтүгү ушунчалык бырыштуу болгондуктан,
узундугу болжол менен 6 метрге жетет. Спермалардын бир бөлүгү сапарга чыгаардан
мурда белгилүү убакыт кыпчыкейде сакталат. Кыпчыкей болсо «бел суу жүргүзүүчү
түтүк» аттуу сперма түтүгүнө туташат. Бул түтүктө спермалар уруктануу жөндөмүн
жоготпостон, көпкө сактала алат. Жана учуру келгенде бул түтүктөн сыртка
чыгарылып, аялдын денесиндеги энелик клетка менен табышуу үчүн узун сапарга
чыгышат.7
Бирок спермалар
уруктандыруу процессин башташы үчүн бул оор сапарда муктаждыктарын
канааттандырып, тирүү калышы үчүн аларга көмөк көрсөтө турган башка жардамчылар
да керек. Спермалардын узун сапарындагы жардамчыларынын бири простата бези
болсо, экинчиси простатанын эки жагында жайгашкан «урук баштыкчалары» деп
аталган секреция бездери. Бул бездер сперма даяр болгон соң өздөрүнүн милдетин
аткарып, сапарда спермага көмөкчү боло турган атайын курамдагы суюктуктарды
иштеп чыгарышат.
Простата безинен
чыгарылган суюктук сперма сапарга чыкканда ага кошулат. Ал суюктуктун курамында
цитрат, кальций, фосфат иондору жана фибринолизин бар. Сперма сапарга чыккан
аялдын жыныстык органдарында бактериялардын көбөйүшүнө бөгөт болгон жыш кислота
аралашмасы бар. Бул кислота аралашмасы сперма клеткаларынын кыймыл жөндөмүн
азайтуудан тышкары, аларды өлтүрүүчү таасирге ээ. Бирок простата суюктугунун
кислотаны жумшартуучу таасиринен улам сперма энелик клетканы көздөй эч
кыйынчылыксыз сүзөт.
Бул жерде бир
саамга токтоп ойлонуу керек. Эркектин жыныстык системасындагы простата бези
аялдын денесиндеги чөйрөнү билгендей иш-аракет жасайт. Простата бези
спермалардын сапарга чыкканда кислоталуу чөйрөгө туш болоорун жана андай шартта
спермалардын жашай албашын билет. Ал тургай, бул коркунучка бөгөт коюунун жолун
аныктап, ага керектүү суюктукту иштеп чыгат. Албетте, бул абдан улуу бир
керемет. Эркектин денесиндеги бир секреция безин ага эч кандай тиешеси жок бир
түзүлүштү тааныйт жана ошого жараша өз алдынча чара көрөт деп айтууга болбойт. Ойлоп
көрсөңүз, акылдуу жана аң-сезимдүү, көрүү, угуу жөндөмдөрү бар, баарын эсептеп,
чара көрө алган, маселелерди чече алган бир адам дагы өмүрүндө эч көрбөгөн бир
чөйрөдө аны кандай коркунучтар күтүп жатканын болжолдоп, ага карата чараларды
көрө албайт. Бирок простата бези деп аталган, клеткалардан турган бир кесим эт
муну кыла алат. Албетте, ушунчалык маанилүү бир чечимди чыгарып, аны ишке
ашырган простата бези эмес. Бул безге аткара турган милдеттерин илхам кылган –
эркектин жыныстык системасынын да, аялдын денесинин да ар бир миллиметр
квадратын жараткан Аллах.
Болгондо да,
эркектин жыныстык системасында сперманын сапарына абдан керектүү өндүрүштү
жасаган бир эле простата бези эмес. Простата безинин жанында жайгашкан урук
баштыкчалары чыгарган суюктук да бул сапарда абдан маанилүү. Сперма сапарга
чыккандан көп өтпөстөн, оор сапарда аны марага жеткире турган бул суюктук да
спермага кошулат. Бул суюктукта көп өлчөмдө фруктоза, башка азыктар, көп
өлчөмдө простагландин жана фибриноген бар. Фруктоза менен башка азыктар
спермаларды аялдын денесине киргенден энелик клетканы уруктандыруу баскычына
чейинки процесс бою азыктандырат. Ошондой эле, бул суюктуктун ичиндеги простагландин
аттуу зат спермалар энелик клеткага жетиши үчүн башка жагынан жардам берет. Простагландиндин
бир функциясы жатын каналындагы былжыр менен реакцияга кирип, сперманын
кыймылына ыңгайлуу шартты түзүү. Экинчи функциясы болсо жатын жана фаллопий
түтүктөрүн карама-каршы багытта жыйрылтып, спермалардын кыймылын жеңилдетүү.
Бул жерде өтө
кереметтүү бир окуя бар экенин дагы бир жолу көрөбүз. Простата бези чыгарган
суюктук эркектин денесин эмес, эч көрбөгөн аялдын денесин абдан жакшы билет.
Аялдын жатынынын жана фаллопий түтүктөрүнүн жыйрылышынын сперманын кыймылына
көмөкчү болоорун алдын ала билип, абдан «көрөгөчтүк» менен аларды жыйрылта
турган бир химиялык затты (простагландин) өзүнүн курамына кошот. Бул жумушту
кайсы бир химикке тапшырдык деп элестетели; анда ал киши эмне кылаар эле?
Алгач сперманы
анализдеп, анын түзүлүшүн, уруктандыруу үчүн эмнелердин жана кандай шарттардын
талап кылынаарын ж.б. изилдейт. Андан соң аялдын денесин, гормондорун, энелик
клетканы, энелик клетканы жатынга алып баруучу фаллопий түтүктөрүн, жатынды,
жатындын кыртышын, жыйрылууга шарт түзүү үчүн нерв системасын жана дагы
көптөгөн нерселерди изилдөөгө аракет кылат. Андан соң аларга таасир тийгизе
турган затты көп жылдык билими менен тажрыйбасын колдонуп аныктайт жана ал
заттарды кандай өлчөмдө аралаштыраарын эксперимент аркылуу жана китептерден
изилдеп табышы керек болот. Аң-сезимдүү адам ушунча убакыт коротуп көптөгөн
изилдөөлөрдү жүргүзгөн соң гана муну балким белгилүү бир деңгээлде аткара алышы
мүмкүн.
Бирок бул
өндүрүштү жасагандар билим алып, бул багытта көп жылдар бою тажрыйба топтоп
адистешкен химиктер эмес, аң-сезимсиз атомдордон жана молекулалардан турган
клеткалар, кыртыштар жана органдар. Албетте, бул клетка жыйындысын химиктерден
да акылдуу жана илимдүү жана булардын баарын өз эрки менен жасашат деп айтууга
болбойт.
Эч күмөнсүз,
эркектин жыныстык системасында иштелип чыгып, аялдын жыныстык системасына
таасир тийгизе тургандай кылып долбоорлонгон бул суюктук да, аны пайда кылган
клеткалар, кыртыштар жана органдар да Аллахтын жаратуусунун апачык далилдеринен.
Бири-биринен
көз-каранды болгон бүт бул системалардын кокусунан пайда боло албашы анык.
Акылдуу жана абийирдүү бир адам дүйнөдө жашап өткөн миллиарддаган адамдын ар
биринин денесинде кемчиликсиз ишке ашкан бул кереметтүү окуялардын улуу акылдын
жана чексиз кудуреттин чыгармасы экенин заматта түшүнөт. Жана бир гана ушул
чексиз акылдын жана кудуреттин ээси Аллахка ибадат кылат.
Эй адамдар, силерди
жалгыз бир напсиден (адамдан) жараткан, андан түгөйүн жараткан жана ал
экөөсүнөн көптөгөн эркек жана аялды жаратып-тараткан Раббиңерден коркуп-тартынгыла.
Жана Анын атынан бири-бириңерден бир нерселер сурай турган Аллахтан жана
тууганчылык (мамилелерин үзүү)дөн сактангыла. Албетте, Аллах силерди көзөмөлдөөчү.
(Ниса Сүрөсү, 1)
Аралашма суюктук: урук суюктугу (сперма)
Спермалар жолго
чыккан соң алгач простата безинен чыгарылган суюктук жана андан соң урук
баштыкчасынан чыккан суюктук спермага кошулат жана ошентип «урук суюктугу»
пайда болуп, баары чогуу эненин денесин көздөй сапар тартат. Бул суюктуктар,
жогоруда терең каралгандай, спермаларга керектүү энергияны камсыздай турган
азыктарды камтуу, базистик касиети аркылуу жатындын босогосундагы кислоталарды
нейтралдаштыруу жана чөйрөнү спермалардын кыймылына ыңгайлаштыруу сыяктуу
кызматтарды аткарат.
Уруктандыруу
үчүн эркектин денесинен чыгарылган бул суюктуктар жалпысынан «урук суюктугу»
деп аталат. Урук суюктугунун болжол менен 10%ы сперма каналдарынан, 60%ы урук
баштыкчаларынан, 30%ы простата безинен келген суюктуктардан жана спермалардан
турат. Мындан тышкары, аз өлчөмдө башка секреция бездеринен келген суюктуктарды
да камтыйт.8 Башкача айтканда, урук суюктугу деп аталган
суюктук фруктоза, фосфорилхолин, эрготионин, аскорбин кислотасы, флавин, простагландин,
лимон кислотасы, холестерин, фосфолипид, фибринолиз, цинк, фосфатаза кислотасы,
фосфаза, гиалуронидаза жана сперма сыяктуу аралашма заттардан турган бир
суюктук. Бул жерден Аллах Куранда кабар берген бир кереметти көрөбүз.9
Аллах Курандын
көптөгөн аяттарында адамдын жаралышына көңүл буруп, бул тууралуу ойлонууга
буюрган. Курандын аяттарын изилдеген илимпоздор адамдын жаралуусу жөнүндө
маалымат берген аяттарда Курандын көптөгөн кереметтеринин жашырылганын
көрүшкөн. Мисалы, урук суюктугунун бир аралашмадан тураары заманбап илимдин
технологиялык мүмкүнчүлүктөрү аркылуу жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында
аныкталган. Бирок чындыгында бул маалымат мындан 1400 жыл мурда Куранда кабар
берилген. Куранда урук суюктугу «аралашма» суюктук деп сүрөттөлөт:
Күмөнсүз, Биз адамды
аралашма бир тамчы суудан жараттык. Аны сынап жатабыз. Ошондуктан аны угуучу
жана көрүүчү кылдык (кулак, көз бердик). (Инсан Сүрөсү, 2)
Бул аралашма
суюктуктун ичиндеги заттардын арасынан спермаларда гана уруктандыруу өзгөчөлүгү
бар. Көп адамдар урук суюктугунун баарында уруктандыруу өзгөчөлүгү бар деп
ойлошот. Чындыгында болсо урук суюктугунун аз эле бөлүгүн түзгөн спермалар гана
уруктандырат. Башкача айтканда, адам урук суюктугунун баарынан эмес,
тескерисинче кичинекей бир бөлүгүнөн (спермадан) пайда болот.
Жыныстык катнаш
учурунда эркектен урук суюктугу менен бирге бир жолуда орточо 250-300 миллионго
жакын сперма чыгарылат. Бирок миллиондогон сперманын миңдейи гана энелик
клеткага жете алат. Ал миң даананын арасынан бирөөсүн гана энелик клетка кабыл
алат. Башкача айтканда, адамдын маңызы урук суюктугунун баары эмес, анын
кичинекей бир бөлүгү. Бүгүнкү күндө көп адамдар билбеген же туура эмес билген
бул жагдай мындан 1400 жыл мурда Куранда кабар берилген. Куранда бул акыйкат
төмөнкүчө билдирилген:
Адам «өз башымча жана
жоопкерчиликсизмин» деп ойлойбу? Өзү куюлган урук суюктугунан бир тамчы суу
эмес беле? (Кыямат Сүрөсү, 36-37)
Башка бир аятта
кайра эле урук суюктугунун аралашма экендигине ишарат кылынып, адамдын ал
аралашманын маңызынан жаратылганы төмөнкүчө белгиленген:
Ал жараткан бүт
нерсесин эң кооз кылган жана адамды жаратууну бир ылайдан баштаган. Анан анын
урпагын бир маңыздан, болгону бир суудан жасаган. (Сажда Сүрөсү, 7-8)
Бул аяттын араб
тилиндеги маанисин караганыбызда Курандын бир кереметин мындан да ачык
байкайбыз. Аятта айтылган жана «маңыз» деп которулган араб тилиндеги «сулала»
деген сөз «маңыз же бир нерсенин эң жакшы бөлүгү» дегенди билдирет. Бул сөз
кайсы жагынан каралбасын, «бүтүндүн бир бөлүгү» деген мааниге келет.
Бул Курандын
адамды ушунчалык кылдат системалар менен жараткан Аллахтын сөзү экендигин
апачык тастыктайт.
Акыркы даярдыктар бүткөрүлөт…
Урук
суюктугундагы заттар тарабынан колдоого алынган сперманын жалпы түзүлүшү толукталып
бүткөн болот. Баш, моюн, ортоңку бөлүк, куйрук жана учку бөлүктөн турган
сперманын ар бир бөлүгүнүн өзүнүн аткарган кызматы бар.
Сперманын ядросу
деп айтылган баш бөлүгүнүн көлөмү 5 микронго жетпейт (1 микрон метрдин
миллиондон бирине барабар). Адамдын денеси тууралуу маалыматтарды камтыган жана
бир клетканы бир адамга айландыра турган бардык маалыматтын жарымы ошол 5
микрон өлчөмүндөгү бөлүктүн ичине батырылган. Сперманын баш бөлүгүндөгү 23
хромосомадан турган бул генетикалык маалымат баштыкчасы энелик клеткага чейин
жеткирилет. Башкача айтканда, бир адамдын денесиндеги бардык органдардын кантип
иштээри, кайсы жерде жайгашаары, кайсы периоддо кайсы клетканын өрчүп, бөтөнчөлөнө
(өзгөчөлөнө) баштаары, кыскасы бир адамдын кантип куралаары тууралуу маалыматтар
микроскопиялык өлчөмдөгү сперма клеткасынын ядросунун ичине бекем коргоого
алынып, жайгаштырылган.
Сперманын баш
бөлүгүндө генетикалык маалыматтан тышкары башка өзгөчө түзүлүштөр да бар. Мисалы,
эң сырткы катмарда жайгашкан «акросома» аттуу коргоочу бөлүктө сперманын
сапарынын акыркы жана эң маанилүү этабында колдоно турган жардамчылары
жайгашат. Алар кыртыштарды талкалай турган ферменттер. Сперма уруктануу
учурунда ошол ферменттерди колдонуп, энелик клетканы тешип, ичине кирет.10 (Сперма менен энелик клетка жолугушат аттуу
бөлүмдү караңыз.)
Сперманын экинчи
негизги бөлүгү болсо – бул анын суюктукта оңоюраак сүзүшүнө шарт түзгөн
куйругу. Сперманын куйругу анын кыймылынын багытын аныктайт жана энелик клеткага
жетишине жардам берет. Ал куйрук тынымсыз кыймылдаганга керектүү энергияны
кайдан алат? Сперманын энергия муктаждыгы да кемчиликсиз чечилген. Сперманын
ортоңку бөлүгү сапар бүткөнгө чейин ага энергия бере турган күйүүчү зат кампасы
болуп саналат. Энелик клеткага жеткенге чейинки алыс сапарда керектелүүчү
энергияны ушул бөлүктөгү митохондриялар камсыз кылышат. Сперманын моюн
бөлүгүндөгү энергия пакетчелери митохондриялар тарабынан колдонулуп, АТФ
энергиясы иштелип чыгат жана сперма ошол энергия менен кыймылдайт.11
Көрүнүп
тургандай, сперманын түзүлүшү бүт жагынан кемчиликсиз долбоорлонгон. Сперманын
куйругу болбосо кыймылдай албайт, ортоңку бөлүгүндөгү митохондриялары болбосо
энергия иштелип чыкпайт жана кайра эле кыймылдай албайт. Сперманын баш бөлүгү
кемчиликсиз толукталып, бир эле акросома аттуу бөлүгү болбосо, анда керектүү
ферменттер болбогону үчүн сперманын энелик клеткага жетишинин эч кандай пайдасы
болбойт, анткени сперма энелик клетканы тешип кирип, аны уруктандыра албайт.
Ошондуктан
сперманын бүт бул өзгөчөлүктөрүнө, эволюция теориясында айтылгандай, убакыттын
өтүшү менен, акырындап ээ болушу мүмкүн эмес. Жер бетинде алгачкы адам пайда
болгондо эле спермада бул өзгөчөлүктөрдүн бүт баары болушу шарт. Кандайдыр бир
өзгөчөлүгү кем болгон сперма уруктандыруу функциясын аткара албаганы үчүн,
эволюционисттер айткандай башында спермалар толук жетилбеген абалда болгондо,
адамзат көбөйө албастан, жер жүзүнөн жок болмок. Бул сперманын бир заматта
толук бойдон, эч кемчиликсиз пайда болгонун, б.а. жаратылганын көрсөтөт.
Спермадагы кемчиликсиз долбоор бүт нерсенин Жаратуучусу Аллахка тиешелүү.
Бири-бири үчүн жаратылган системалар
Спермалар урук
суюктугунун ичинде эркектин денесинен чыкканда негизи толугу менен энелик
клетканы уруктандыра ала турган абалда болушпайт. Эркектин денесинен чыкканга
чейин сакталып турган жердеги кээ бир секрециялардан улам спермалардын кыймылы
чектөөгө алынат. Ошондуктан спермалар урук суюктугу жаңы аралашып, аялдын
денесине жеткенде, энелик клетканы уруктандыра алышпайт. Анда эркектин жыныстык
системасынан чыккан спермалар энелик клетканы уруктандыруу жөндөмүнө кантип ээ
болушат?
Уруктануу
процесси оңой ишке ашышы үчүн аялдын денесинде да көптөгөн системалар
даярдалган. Бул этапта аялдын жыныстык аймагынан чыгарылган кээ бир суюктуктар
спермага жардамга келип, спермалардын энелик клетканы уруктандыруу жөндөмүн
жогорулатат. Спермалардын аялдын денесине жеткендеги өзгөрүүлөрүнүн кээ бирлери
төмөнкүдөй:
1. Аялдын жатын жана фаллопий түтүктөрүнөн
чыгарылган суюктуктар эркектин жыныстык каналындагы спермалардын кыймылын
азайткан факторлорду жок кылуучу химиялык касиетке ээ. Ошентип аялдын жыныстык
каналына жеткен спермалардын кыймылдуулугу артат.
2. Спермалардын эркектин денесинде жайгашкан
жеринде, т.а. урук безинде урук баштыкчаларынан келген көп өлчөмдө холестерин
болот. Холестерин тынымсыз сперманын баш жагындагы акросома аймагынын
кабыкчасына (мембранасына) жайгашат. Натыйжада акросоманын кабыкчасы
бекемделип, анын ичиндеги энелик клетканын кабыкчасын тешүүчү ферменттердин
керексиз учурда сыртка чыгышына бөгөт коюлат. Бирок бул нерсе сперманын энелик
клетканы уруктандырышына жолтоо болот. Ошондуктан спермалар аялдын денесине
өткөндө бул тоскоолдуктан кутулушу шарт. Адамдын пайда болуу этабындагы
миллиондогон шарттар сыяктуу бул үчүн да атайын бир система даярдалган.
Спермалар аялдын денесине өткөндөн белгилүү убакыттан кийин жатын суюктугуна
аралашышат. Жана ал суюктук ичинде спермаларды камтыган урук суюктугундагы
холестеринди азайтып, сперманын баш жагындагы (акросома) кабыкчаны жукартат.
Ошентип сперма энелик клеткага жеткенде акросоманын ичиндеги ферменттер эч
кыйынчылыксыз сыртка чыгат жана энелик клетканын кабыкчасын тешип, аны
уруктандырат.
3. Спермалар аялдын денесине өткөндө баш жагындагы
кабыкчанын кальций иондоруна карата өткөргүчтүгү артат. Сперма клеткасынын
ичине көп өлчөмдө кальцийдин кириши сперманын кыймылдуулугун жогорулатат.
Сперманы кыймылдаткан камчы сымал куйрук (чыбырткы) ага чейинки алсыз толкундуу
кыймылын өзгөртүп, бат кыймылдай баштайт жана ошентип энелик клеткага оңой
жетет.12
Эч күмөнсүз,
сперманын аялдын денесине ушунчалык шайкеш жана бири-бирин толуктай тургандай
кылып жаратылуусунда көңүл коюп изилдеген жана терең терең ойлонгон адамдар
үчүн абдан маанилүү ишараттар бар. Сперма менен аялдын денеси ар бири өз
алдынча бир кереметти турмушка ашыруу үчүн абдан аң-сезимдүү жана акылдуу
иш-аракеттерди жүргүзөт. Аялдын денесине кире турган сперманын эркектин
денесинде турганда, толуктала турган кээ бир кемчиликтери бар экенин билип,
ошого жараша чара көрөт жана керектүү заттарды өндүрөт. Көзгө көрүнбөй
турганчалык кичинекей бир сперманын кыймылдуулугун арттыруу үчүн өзгөчө шарттар
даярдалган. Аялдын денеси сперманын абдан узак жол жүрөөрүн, сапарын аяктоо
үчүн энергияга жана ал жолду бат басып өтө турган кыймылдуулукка муктаж
болоорун билген сыяктуу. Ошондой эле, өзүндөгү энелик клетканы кандай химиялык
аралашма менен тешүүгө болоорун билип, сперманын мында кемчиликтери бар экенин
болжолдоп, ага холестериндин себеп болоорун аныктайт жана андан соң
холестеринди азайта турган затты иштеп чыгып, энелик клетканын эң оңой
тешилүүсүнө шарт түзөт. Жана булардын баарын өзүнүн жөндөмү менен жасайт!
Бул жерде
айтылган мисалдардын сперманын денеге киргенден энелик клетканы уруктандырышына
чейинки баскычтардын кичинекей бир бөлүгү экенин эске салуу керек. Анткени
булар абдан татаал миңдеген химиялык процесстер аркылуу ишке ашат жана ал
процесстерге көптөгөн белоктор, ферменттер жана суюктуктар жардам берет. Бирок
бир нерсени өзгөчө белгилей кетүү керек: бул жерде буларга тереңирээк
токтолушубуздун максаты илимий маалыматтарды берүү эмес, адам баласынын
эволюционисттер айткан сокур кокустуктар менен эч качан пайда болбой
турганчалык комплекстүү, бири-бирине шайкеш, бири-биринен көз-каранды жана татаал
системалардын кемчиликсиз иштешинен пайда болоорун көз алдыга тартуулоо. Адам
мындай турсун, сперманы кыймылдаткан бир даана ферменттин бир даана молекуласы
да кокусунан пайда болбойт.
Бул жерге чейин
эркектин денесинде иштелип чыккан сперма клеткаларынын аялдын денесиндеги
химиялык заттардын жардамы менен кантип энелик клетканы уруктандыруу жөндөмүнө
ээ болоору тууралуу сөз кылдык. Эми бир саамга ойлонолу. Ушундай комплекстүү
система эволюция теориясында айтылгандай кокустуктардын натыйжасында акырындап
пайда болушу мүмкүнбү? Албетте, мүмкүн эмес, бирок биз ошентсе да төмөнкүдөй
сценарийди карап көрөлү.
Эркектин
денесинде кокусунан пайда болгон бир сперма биринчи жолу аялдын денесине
жеткенде, ага уруктандыруу жөндөмүн берүүчү суюктуктар кокусунан даяр болуп
калганбы? Же аялдын жыныстык аймагына алгачкы жолу барган сперма энелик
клетканы уруктандыра албаганы үчүн аялдын жыныстык клеткалары өз алдынча чечим
чыгарып, керектүү химиялык заттарды иштеп чыгара баштаганбы?
Албетте, бул эки
сценарий тең акылга, логикага туура келбейт жана эч качан ишке ашпайт. Бул
мисалдардын баары бир гана акыйкатты көрсөтөт. Бардык бул системалар бүт
ааламдын Жаратуучусу Аллахтын чексиз кудуретинин жана илиминин далилдери. Аллах
адамдын денесинин ичинде, көзгө көрүнбөй турган кичинекей чекиттерде адамдын
акылы жетпей турганчалык улуу кереметтерди жаратууда. Адамдардын денелеринде
болуп жаткан ыйман далилдеринин адамдардын эркинен толугу менен көз-карандысыз жана
алардын эч кабары болбостон ишке ашып жатканына көңүл бурууда. Жана адамдар да
кошо, бүт нерсенин жалгыз өкүмдарынын бир Өзү экендигин эске салууда:
3 Guyton&Hall, Tıbbi Fizyoloji, Nobel Tıp Kitabevleri, İstanbul, 1996, 9. baskı, s. 1003
4 Guyton&Hall, Human Physiology and Mechanisms of Disease, 6. baskı, 1997, ABD, s. 649
5 Guyton&Hall, Tıbbi Fizyoloji, Nobel Tıp Kitabevleri, İstanbul, 1996, 9. baskı, s. 1004
6 Guyton&Hall, Tıbbi Fizyoloji, Nobel Tıp Kitabevleri, İstanbul, 1996, 9. baskı, s. 1005
7 Vander, Sherman, Luciano, İnsan Fizyolojisi, Bilimsel ve Teknik Yayınları Çeviri Vakfı, 1994, s. 654
8 Guyton&Hall, Tıbbi Fizyoloji, Nobel Tıp Kitabevleri, İstanbul, 1996, 9. baskı, s. 1006
9 Prof. Dr. Ahmet Noyan, Yaşamda ve Hekimlikte Fizyoloji, Ankara, Mart 1998, 10. baskı, s. 1113
10 Guyton&Hall, Tıbbi Fizyoloji, Nobel Tıp Kitabevleri, İstanbul, 1996, 9. baskı, s. 1005
11 Guyton&Hall, Human Physiology and Mechanisms of Disease, 6. baskı, 1997, ABD, s. 12; Gerard J. Tortora, Introduction to the Human Body The Essentials of Anatomy and Physiology, Biological Science Textbooks, 1997, s. 527
12 Guyton&Hall, Tıbbi Fizyoloji, Nobel Tıp Kitabevleri, İstanbul, 1996, 9. baskı, s. 1007













Hiç yorum yok:
Yorum Gönder