29 Ağustos 2020 Cumartesi

БИР КЛЕТКАДАН БИР АДАМДЫН ЖАРАТЫЛЫШЫ

 

Өзгөрүү башталат: наристенин жатындагы үч баскычы

Мурдакы бөлүмдөрдө каралгандай, энелик клетка менен сперманын пайда болуу учурундагы жана жолукканга чейинки убакыт аралыгындагы ар бир баскыч өзүнчө бир керемет. Бул эки клетка бириккенден кийинки өзгөрүүлөр жана аялдын денесиндеги абдан масштабдуу даярдыктар болсо бизди башка кереметтүү окуяларга алып барат.

Сперма тарабынан уруктанган энелик клетка күн сайын, ал тургай, саат сайын бөлүнүп, абдан тездик менен чоңойот. Наристенин эненин курсагындагы эмбриологиялык өрчүшүнүн үч баскычтан тураары учурда белгилүү. Бирок көп жылдарга созулган изилдөөлөрдүн натыйжасында, учурдагы технология менен табылган бул маалымат мындан 1400 жыл мурда Куранда кабар берилген. Бул илимий чындык бир аятта төмөнкүчө билдирилет:

...Силерди энелериңердин курсактарында, үч караңгылык ичинде бир жаратылыштан соң (башка бир) жаратылышка (айлантып) жаратууда. Раббиңер Аллах мына ушул, мүлк Аныкы. Андан башка кудай жок. Ошого карабастан, кантип бурулуп (адашып) жатасыңар? (Зүмер Сүрөсү, 6)

Көңүл бурган болсоңуз, аятта адамдын эненин курсагында бири-биринен айырмалуу үч баскычта пайда болоору айтылган. Чындап эле бүгүнкү күндө заманбап биология наристенин эненин курсагындагы эмбриологиялык өрчүшүнүн дал аятта айтылгандай үч баскычтан тураарын көрсөттү. Учурда медицина факультеттеринде окуу китеби катары окутулган бардык эмбриология китептеринде бул тууралуу эң негизги маалыматтардын арасында айтылат. Мисалы, эмбриология тармагындагы негизги китептердин бири болуп эсептелген «Basic Human Embryology» аттуу китепте бул төмөнкүчө сүрөттөлөт:

«Жатындагы жашоо 3 БАСКЫЧТАН турат; преэмбрионалдык (алгачкы 2,5 жума), эмбрионалдык (8-жуманын аягына чейин) жана феталдык (9-жумадан төрөлгөнгө чейин).»

Бул баскычтар наристенин ар башка өрчүү этаптарын камтыйт. Бул үч баскычтын негизги өзгөчөлүктөрү кыскача төмөнкүдөй:

- преэмбрионалдык баскыч:

Бул алгачкы баскычта зигота (жаңы уруктанган клетка) бөлүнүп көбөйөт. Алгачкы үч жуманын ичинде бир клетка жыйындысына айланган соң, жатын дубалынын ичине сиңет. Клеткалар көбөйүп жатканда 3 катмар түрүндө топтолушат.

- эмбрионалдык баскыч:

Экинчи баскыч жалпысынан 5,5 жумага созулат жана бул мөөнөт аралыгында жандык «эмбрион» деп аталат. Бул баскычта клетка катмарларынан дененин негизги органдары менен системалары пайда болот.

- феталдык баскыч:

Кош бойлуулуктун үчүнчү доору башталганда болсо эмбрион «түйүлдүк» (fetus) деп атала баштайт. Бул доор кош бойлуулуктун сегизинчи жумасынан башталып, төрөткө чейин созулат. Мурдакы доордон негизги айырмасы, түйүлдүктүн жүзү, колдору жана буттары көрүнүп, сырткы көрүнүшү адамга окшогон бир жандыкка айланат. Бул мезгилдин башында бою 3 см болгон түйүлдүктүн бардык органдары калыптанган болот. Бул доор орточо 30 жумага созулат жана өрчүү төрөт жумасына чейин уланат.

Бул жерде кыскача сүрөттөлгөн бул баскычтарды жана ар бир баскычтагы кереметтүү окуяларды эми тереңирээк карайлы.



 

Алгачкы клетка көбөйүп баштайт

Сперма менен энелик клетканын биригишинен пайда болгон 46 хромосомалуу клетка болжол менен 9 айдан соң жарык дүйнөгө келе турган жаңы адамдын алгачкы клеткасы болот. Бардык дененин планын камтыган бул алгачкы жана жалгыз клетка «зигота» деп аталат.

Алгачкы клетканын бөлүнүшү сперма менен энелик клетканын биригишинен 24 сааттан кийин ишке ашат. Жаңы пайда болгон бул эки клетка бири-бири менен бирдей болот. Ошентип эненин курсагындагы 9 айлык жашоонун алгачкы күнү башталат. Эми жатында жалгыз эмес, эки клетка болот. Андан соң бул сан 4кө жетет жана бөлүнүү эселенип уланат.22

Зиготанын чоңойгон абалы «эмбрион» деп аталат. Фаллопий түтүгүнүн ичиндеги эмбрион бир жагынан тынымсыз бөлүнүп чоңоюуну улантып, экинчи жагынан кийинки 9 айын өткөрө турган жерди көздөй жылат. Ал жер эненин жатыны.

Ал кезде жатында да керектүү даярдыктар көрүлөт. Жатынга кандын агымы көбөйүп, кошумча кубат берилет. Мурдакы бөлүмдө айтылгандай, энелик безде жайгашкан сары денеченин (corpus luteum) секрециясы көбөйүп, денеге кош бойлуулуктун башталганы тууралуу кабар берилет. Ал ортодо жатынды көздөй сүзүп бараткан клетка жыйындысынан турган зигота да «мен мындамын» деген билдирүүнү камтыган бир биохимиялык сигнал жибере баштайт. Ал билдирүүлөр эненин денесин түйүлдүккө керектүү туздарды, темир, кан жана витаминдерди алууга даярдайт. Ошондой эле, зигота бөлүп чыгарган биохимиялык билдирүү (ХГЧ гормону) энелик безге барып, ал жерде башка бир гормонду бөлүп чыгаруу процессин баштайт жана бул эненин денесинде жаңы овуляция (менструалдык) доорунун башталышына бөгөт коюучу таасир көрсөтөт.23




Болгону бир канча клеткадан турган зиготанын каерде экенин байкап, ошол замат андан кийинки 9 айлык процесске байланыштуу сигналдарды жибериши өзүнчө бир керемет. Зигота бул билдирүүнү кимге жиберээрин кайдан билет? Бул билдирүүнү алган башка органеллдер мунун өмүрүндө эч көрбөгөн микроскопиялык бир эттен келгенин кантип түшүнөт, жана ага көмөкчү болуу үчүн анын жашоосуна ыңгайлуу шарттарды даярдап баштайт? Зигота бөлүп чыгарган гормон жалпысынан алганда молекулалардан турат. Анда ал молекулалар жеткен жердеги клеткалар бул молекулалардын ал жерге эмне максатта келгенин, «эмне дегиси келип жатканын» кантип түшүнөт? Бир адамга билген тилинде бир кат келсе, аны окуп түшүнө алат жана түшүнгөнүнө жараша чечим чыгара алат. Бирок бул жерде сөз болуп жаткан билдирүү – бул бир катар молекулалардан турган бир гормон, билдирүүнү жиберген бир клетка жыйындысы, билдирүүнү алган болсо андан бир аз чоңураак дагы бир клетка жыйындысы. Аң-сезимдүү бир адамдын окугандарын түшүнгөнүнө окшоп, клеткалардын да келген билдирүүлөрдү (гормондор) окуп түшүнүшү, албетте, улуу керемет.

Мындан тышкары, зигота чоңоюу үчүн кандай заттар керек болоорун кайдан билет?

Мисалы, өзүңүздү ойлоп көрүңүз. Денеңиз күчтүү болушу үчүн кайсы тамактарды жешиңиз керек экенин, кандай минералдардын керек болоорун бул багытта жазылган илимий эмгектерден гана окуп биле аласыз. Калийдин, фосфордун, кальцийдин денеңизге кандай таасир берээрин, буларды кайсы азыктардан алууга болоорун, булардан кандай өлчөмдө жана кайсы убакта жешиңиз керек экенин тиешелүү адистерден кеңеш алмайынча биле албайсыз. Сиз ойлоно алган, акыл жүгүртө алган, көрө алган, сүйлөй алган жана уга алган бир киши болуп туруп адистердин жардамы менен гана натыйжага жете алсаңыз, кичинекей бир клетка жыйындысы ага эмнелердин керек болоорун, даяр болбогону үчүн аларды иштеп чыгуу керек экенин, аларды кимдердин иштеп чыга алаарын, бирок ал үчүн аларга бир сигнал жиберүү керек экенин билет. Ал тургай, дененин ичинде бир канча күн гана жашаганына карабастан, химиялык маалымат жибергенди билет. Дененин башка органдарынын ал химиялык маалыматты түшүнө алаарын да эске алат.

Албетте, бир клетка жыйындысын ушундай татаал маалыматтарды билет жана ал маалыматтарга таянып пландоо жүргүзөт деп эч качан айтууга болбойт. Клетка жыйындысына бардык кереметтүү иш-аракеттерди жасаткан жана аны ушундай жөндөмдөр менен даяр кылып жараткан улуу бир күч-кудурет бар. Ал күч-кудуреттин ээси асмандардын жана жердин жалгыз өкүмдары Аллах. Аллах көзгө көрүнбөгөн, аң-сезими жок жандыктарга адамдын акылына сыйбаган кемчиликсиз жана татаал иш-аракеттерди илхам кылуу аркылуу бизге чексиз кудуретинин далилдерин көрсөтүүдө.

 

Клетка жыйындысы ордунан жылат

Ал үчүн даярдалган коопсуз жерди көздөй жылып баратып, зигота күндөн күнгө бөлүнүп көбөйүүнү улантат. Ар 30 саатта бир бөлүнүү ишке ашат. 2, 4, 8, 16 болуп көбөйгөн клеткалар белгилүү убакыттан соң кичинекей клетка жыйындысына айланып, жакын жердеги ийгиликке жете албаган сперма клеткалары менен бирге фаллопий түтүгүнөн жатынды көздөй акырындап сапар тартат.

Фаллопий түтүгүндөгү процесстерди чоңойтуп изилдегенде, андагы сүрөттөлүш океандын түбүнө окшошот. Клетка жыйындысы (зигота) сапарын фаллопий түтүгүндөгү толкундардын жардамы менен улантат. Сперманы энелик клетканы көздөй түртүп, уруктанууга шарт түзгөн толкун кыймылы бул жолу энелик клетканы жатынга алып барат. Фаллопий түтүгүндөгү клеткалар үстүңкү беттериндеги түкчөлөрдү бир багытты көздөй кыймылдатышат. Ошентип абдан баалуу бир жүктөй көрүп, энелик клетканы бара турган багытын көздөй жылдырышат.

Буга салым кошкон бардык бөлүктөр бир жерден буйрук алгандай, бир максат үчүн баары бирдей иштеп башташат. Бул буйрук ушунчалык өзгөчө, дененин көптөгөн ар кайсы бөлүгү аны заматта байкап, ишке ашырып баштайт.

Клетка жыйындысы фаллопий түтүгүндө турган кезде көптөгөн бөлүнүү баскычынан өтөт. Жана болжол менен 100 клеткалуу бир жыйындыга айланып жатынга кирет. Бирок бул бөлүнүү процесстери жүрүшү үчүн клеткаларга азык керек. Адамдын жаратылуусундагы дагы бир керемет катары бул муктаждык да эске алынган. Аллах фаллопий түтүктөрүн зиготанын бул муктаждыгын канааттандыра тургандай түзүлүштө жараткан. Бул күтүү мөөнөтүндө фаллопий түтүктөрүнүн ички бетин түзгөн түкчөлүү клеткалар «секрециялык» клеткаларга айланат. Мындай клеткалардын өзгөчөлүгү, бир сигнал келгенде жооп катары органикалык молекулаларды, иондорду жана сууну бөлүп чыгарышат. Бул суюктуктар фаллопий түтүктөрүндөгү клетка жыйындысына (зиготага) азык болот.24

Жогоруда «...жатын кеңейип зиготаны коргойт. Фаллопий түтүктөрү клеткаларды азыктандыруу үчүн керектүү иш-аракеттерди жасайт...» деген сыяктуу сүйлөмдөрдү колдонуп, клетка жыйындысынан турган зиготаны коргогон, аны азыктандыруу үчүн керектүү даярдыктарды көргөн жана бул клеткалардын бейпилдигин ойлогон органдар жана кыртыштар тууралуу сөз кылдык. Бул органдар менен кыртыштардын да клеткалардан тураарын унутпаш керек. Анда кантип клеткалар башка клеткалардын муктаждыктарын билет жана дал керектүү учурда, керектүү өзгөрүүлөрдөн өтүп эмбрионго азык берип, аны коргойт?


Бул суроону ойлонгондо, оюбузга биринчи эле «бул клеткалар аларды көзөмөлдөп, жөнгө салган бир акыл тарабынан башкарылат» деген жооп келет. Эч кимдин оюна «клеткалар бир күнү кокусунан өзгөрүп башташкан, анан кандайдыр бир жол менен ал клеткалар зиготага керектүү азыкты бөлүп чыгаруучу клеткаларга айланган, андан соң бул кереметтүү кубулуш бардык аялдарда кайталана баштаган» деген сыяктуу жомокко окшогон жооптор келбейт. Эгер бир адам ушул сыяктуу сөздөрдү айтса, анда анын акылынан күмөн санала баштайт. Жатындын зиготаны тосуп алуу үчүн көргөн даярдыктары да, фаллопий түтүктөрүнүн зиготаны азыктандыра турган өзгөчөлүктөргө ээ болушу да бир гана Аллахтын каалоосу менен болот. Булардын баары Аллахтын жараткан жандыктарына болгон боорукердигин, мээримин жана кемчиликсиз жаратуусун көрсөткөн мисалдардан.


Эмбрион үчүн жаратылган эң коопсуз жер: жатын

Жатын булчуңдардан турган бекем бир дубалы бар, ичи бош бир орган жана 50 граммдан ашпайт. Көрүлгөн даярдыктарга карабастан, анын көлөмү наристенин чоңоюшуна, албетте, жетиштүү болбойт. Ал үчүн жатындын түзүлүшү да өзгөрүшү керек. Ошондуктан кош бойлуулук кезинде жатындын көлөмү барган сайын чоңойот жана төрөткө жакын 1100 граммга чейин жетет. Жатындын мындай өзгөчөлүгү аны аялдын уруктанган энелик клеткасынын жатындын ичинде чоңоюп өрчүшү жана толук кандуу адамга айланып сыртка чыгышы үчүн, эң ыңгайлуу жерге айлантат. Ошондой эле, анын аялдын жамбаш сөөгүнүн дал ортосунда жайгашышы да уруктанган энелик клеткага калка болуп, өрчүү учурунда наристени коргойт.25


Аллах Куранда жатындын коргоочу өзгөчөлүгүн белгилеп, адамдарга болгон мээримин дагы бир жолу эске салат:

Ант болсун, Биз адамды сүзүп (тандалып) алынган бир ылайдан жараттык. Кийин аны бир тамчы суу абалында бекем корголгон бир жерге жайгаштырдык. (Мүминун Сүрөсү, 12-13)


 

Зиготанын жатынга жабышышы

Кош бойлуулук ден-соолукта уланышы үчүн клетка жыйындысы ыңгайлуу бир жерге жайгашышы керек. Тандалган жер бир жагынан жакшы корголуп, экинчи жагынан тогуз айдан кийин төрөткө ыңгайлуу болушу шарт. Ошондой эле, ал жер наристеге азык бере турган эненин кан тамырларына да жакын болушу керек. Буга эң ыңгайлуу жер, албетте, жатындын дубалы.

Фаллопий түтүгүнөн жатынды көздөй жолго чыккан зигота да муну билет. 3-4 күн бою фаллопий түтүгүндө баратканда, анын бир жерине токтоп ал жерге жабышканга аракет кылбайт. Жатынга жетпей туруп бир жерге жармашса, өмүрүн уланта албашын билет. Жатынга чейин жетип, ал жерде жатындын дубалдарында кан тамырлар тыгыз жайгашкан бир аймакты табат жана ошол жерге жармашат. Топуракка себилген уруктардын бир жагынан бүчүр байлап, экинчи жагынан тамыр жайышы сыяктуу, зигота да бир жагынан чоңоюп, экинчи жагынан аны азыктандыра турган кыртышка терең сүңгүп, өзүнө жаңы азык каналдарын табат.

Бул жерде маанилүү бир жагдайга көңүл буруу керек. Зиготанын өзүнө эң ыңгайлуу жерди тандай алышы өзүнчө бир керемет. «Beginning of Life» аттуу китептин автору Г. Фланаган бул окуядагы кереметти төмөнкүчө белгилеген:

«Бир клетка жыйындысы кантип ушунчалык таң калаарлык «көрөгөчтүк» менен тандоо жасайт?»26

Фланаган көңүл бурган бул жагдай абдан маанилүү. Мунун маанисин көрсөтүү үчүн алгач мындай мисал келтирели. Жаңы басып баштаган бир наристени мурда эч көрбөгөн, андан миллиондогон эсе чоң бир имаратка киргиздиңиз дейли. Жана ал имараттын ичинен өзүнө эң ыңгайлуу шарттары бар бөлмөнү таба алаар бекен деп күтүп жатасыз. Бул кичинекей наристенин колунан келеби? Албетте, келбейт. Акыл жүгүртө турган жашка жете элек, тажрыйбасы, эч кандай маалыматы жок бир наристенин муну жасай алышы канчалык мүмкүн эмес болсо, дененин капкараңгы көңдөйүндө калган бир канча сантиметрлик бир кесим эттин өзүнө эң ылайыктуу, эң ыңгайлуу жана эң кооптуу жерди табышы ошончолук, ал тургай, андан да көбүрөөк мүмкүн эмес.

Болгондо да, бул клетка жыйындысы али адамга да айлана элек. Унутпаңыз, ал болгону бир канча жүз (ошол учурда) клеткадан турган, кулагы, көзү, мээси, колу, буту жок бир кесим эт. Бирок эмбрион укмуш таануу жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп, өзүнө эң ыңгайлуу жер болгон жатынга жайгашат.

Адамдын жаратылуусундагы кереметтер муну менен эле бүтпөйт. Бир адамдын пайда болушунун ар бир баскычы көптөгөн бири-бири менен байланыштуу кереметтер тизмегинен турат. Бул жерге чейин уруктанган энелик клетканын кантип көбөйөөрү жана өрчүү үчүн керектүү жерди кантип табаары тууралуу сөз кылдык. Бирок бул жерде дагы бир суроо туулат: жалаң опокшош клеткалардан турган жана бир жерге жабышканга ылайыктуу бир илмеги (кайырмагы) же ошого окшогон бир органы болбогон зигота кантип жатындын дубалына жабышат?

Зиготанын жатындын дубалына жабышуу үчүн колдонгон ыкмасы абдан таң калаарлык жана татаал бир система. Зиготанын эң сырткы катмарындагы клеткалар «гиалуронидаз» аттуу бир фермент бөлүп чыгарышат. Бул ферменттин өзгөчөлүгү, ал жогоруда сперма тууралуу да айтылгандай, жатындын дубалындагы кислота катмарын (гиалурон кислотасын) талкалайт. Бул зиготаны түзгөн клеткалардын жатындын кыртышын бузуп, анын ичине киришин жеңилдетет. Ошентип зиготанын бир катар клеткалары жатындын клеткаларын жеп терең сүңгүшөт жана жатындын дубалына бекем көмүлүшөт.

Бул баскычтан соң эмбрионго айланган зиготага жашоо жана өрчүү үчүн тынымсыз кычкылтек жана азык керек болот. Бир адамдын алгачкы клеткаларынан турган эмбрион бул муктаждыктарын 9 ай бою ошол жармашкан жеринен камсыздайт.

Зиготанын тынымсыз бөлүнүшүнөн пайда болгон клетка жыйындысынын өзүнө эң ыңгайлуу жерди таап, ал жерге жабышышы керек экенин түшүнүшү, бир аз мурда айтылгандай, абдан таң калаарлык көрүнүш. Анткени клетка жыйындысынан гана турган бир кичинекей эт бул кыймыл-аракети аркылуу өзүнүн муктаждыктарын аныктап, ошого жараша аракет кылуу жөндөмдүүлүгүн көрсөтүүдө. Бирок бул кичинекей клетка жыйындысынын ал жерге кантип жабышаарын да билиши жана кээ бир клеткаларынын жатынга жабышуу үчүн өзгөчө жөндөмгө ээ болушу андан да таң калыштуу. Клеткалар эч качан өз акылы жана эрки менен, жатындын дубалындагы гиалурон кислотасын анализдеп, кээ бир клеткаларга анын түзүлүшүн буза турган гиалуронидаз ферментин бөлүп чыгарта алышпайт.

Жогоруда да айтылгандай, бул суроого, эгер химия тармагында билим албаган болсо, бир адам да жооп бере албайт. Ал эми зиготанын кээ бир клеткалары болсо бул химиялык маалыматты билишет жана аны колдонуп керектүү затты иштеп чыгышат, ошентип жашоосу үчүн эң маанилүү кадамды жасашат. Болгондо да, мындай кереметтүү иш-аракеттерди бир даана зигота эмес, ушул күнгө чейин жашап өткөн жана азыр жашап жаткан бардык адамдарды пайда кылган зиготалар аткарышат. Ар бир адамдын пайда болушунун алгачкы баскычы болгон зигота кереметтүү жол менен ар жолкусунда туура жерди таап, ошол жерге жармашат.

Бул жерге чейин айтылгандардан да көрүнүп тургандай, эмбриондун пайда болушунда жана эмбрионду камтыган клеткалардын башынан өткөргөн өзгөрүүлөрүндө апачык бир план жана акыл бар. Фаллопий түтүгүн түзгөн клеткалар дал керектүү учурда өзгөрүүгө дуушар болушат жана эмбриондун сыртын курчаган клеткалар дал керектүү учурда фермент (гиалуронидаз) бөлүп чыгара башташат. Мындагы план жана акыл адамдын денесинде болуп өткөн бул процесстердин улуу акылман Аллахтын көзөмөлү менен ишке ашаарын көрсөтөт.

Жатындарда силерге каалагандай келбетти Ал берген. Андан башка кудай жок; (Ал) улуу жана кудуреттүү, өкүмдар жана даанышман. (Али Имран Сүрөсү, 6)

 

Эмбриондун жатынга жабышышы Курандын бир керемети

Эмбриондун жатынга жабышышына байланыштуу Курандын аяттарын караганыбызда Курандын абдан маанилүү бир кереметине күбө болобуз. Аллах Куранда эненин жатынына жабышып өрчүп баштаган эмбрион тууралуу сөз кылганда, «алак» деген сөздү колдонгон:

Жараткан Раббиңдин аты менен оку. Ал адамды бир «алактан» жаратты. Оку, Раббиң эң улуу берешен (Зат). (Алак Сүрөсү, 1-3)

«Алак» сөзүнүн араб тилиндеги мааниси болсо «бир жерге илинип жабышып турган нерсе» дегенди билдирет. Ал тургай, «алак» деген сөз негизи териге жабышып, андан кан соргон сүлүктөргө карата колдонулат.

Эмбрион да дал аятта айтылгандай, жатындын дубалына асылып жабышып турат. Мындан 1400 жыл мурда түшүрүлгөн Куранда эненин курсагында өрчүп жаткан эмбриондун ушул өзгөчөлүгүн сүрөттөгөн бир сөздүн колдонулушу Курандын кереметтеринин бири. Ал доордогу илим деңгээли менен аныктала албай турган бул маалыматтын көптөгөн кылым мурда Куранда кабар берилиши Курандын ааламдардын Рабби Аллах тарабынан түшүрүлгөнүн дагы бир жолу тастыктайт.

 

Клеткалардын адистешүүсү

Эмбриондун өрчүшүнүн сегизинчи күнүндө клеткалар бөтөнчөлөнүп башташат жана ички жана сырткы болуп, эки катмарлуу көрүнүшкө ээ болушат. Ички клеткалар (эмбриобласт) эмбриондун өмүр бою кала турган, туруктуу клеткаларын түзөт. Сырткы клеткалар (трофобласт) болсо адамдын төрөлгөнгө чейинки, б.а. 9 ай бою эненин курсагындагы жашоосуна гана жардамчы боло турган клеткалар.

Ички клетка жыйындысы 9 ай бою ага кызмат кыла турган сырткы бөлүктөн өзүн ажыратат. Бир гана келечекте өрчүй турган плацента менен эмбриондун ортосундагы байланышты камсыз кылуучу киндик аймагы калат жана эмбриобласт клеткалары жалпак форманы пайда кылып, «эмбриондук диск» деп атала баштайт.

Андан соң чоңойуу процесси ошол дисктин эки тарабында симметриялуу түрдө уланат. Бул процесстер адамдын денесиндеги алгачкы жөнгө салуулардын башталышы. Бул түз сызыктын эки тарабында тең эктодерма, энтодерма жана экөөнүн ортосунда мезодерма аттуу жаңы клеткалар пайда боло баштайт. Бул үч катмардын ар бири келечекте наристенин денесинин ар кайсы бөлүгүн түзүшөт.27

Эң сырткы клетка катмары болгон эктодермадан нерв кыртышынан тышкары, секреция бези жана эпителий кыртышы өрчүйт. Ал кыртыштардан мээ, жүлүн, сезүү органдары жана көздүн чечекейлери пайда болот. Мындан тышкары, үстүңкү тери, тер бездери, тиштин эмали, чач жана тырмактар да ушул катмардан чыгат. Эмбриондун эң ички катмары энтодерма болсо тамак сиңирүү жана дем алуу системасын түзгөн органдар (боор, өпкө, уйку бези ж.б.) менен ага байланыштуу бездердин (калкан сымал без, богок бези ж.б.) өрчүшүн өз мойнуна алат. Мезодерма деп аталган үчүнчү катмар болсо бул эки катмардын ортосунда пайда болот. Бул катмардан байламталар, таяныч, кан жана май кыртышы өрчүйт. Ал кыртыштардан кемирчектер, булчуңдар, скелет жана кан айлануу системасы, ички органдардын былжыр челин курчаган эпителий клеткалары пайда боло баштайт. Дененин бардык кыртыштарына тиешелүү клеткалар ушул сөңгөк клеткалардан пайда болот.

Бул акыркы сүйлөмдүн кандай мааниге келээрин ойлонуу жана берилген маалыматтарды жакшылап баалоо абдан маанилүү. Себеби ошондо гана адамдын пайда болушундагы кереметти жакшыраак түшүнө баштайбыз. Эмбрионду түзгөн үч түрдүү клетка катмарынан адамдын денесиндеги бардык түзүлүштөрдүн (органдардын, кыртыштардын, системалардын, тамырлардын, кандын ж.б.) пайда болушу ой жүгүрткөн ар бир адамды «клеткалардагы бул улуу акыл кайдан келип чыккан?» деген суроонун жообун табууга түртөт.

Ал ортодо көз жаздымда калбашы керек болгон жана бул өзгөрүүнү андан да кереметтүү кылган жагдайлар да бар. Мисалы, адамдын пайда болуу процессинде бул үч клетка катмарынын ортосунда кемчиликсиз бир гармония орун алат. Үч типтеги клеткадан денедеги болжол менен 200 типтеги клетка пайда болушу үчүн, албетте, белгилүү бир кезек жана мөөнөт белгилениши керек. Мисалы, кан клеткаларынын пайда болушу менен тери клеткаларынын пайда болушу учурундагы бөтөнчөлөнүү кезеги бири-биринен абдан айырмаланат. Бул кереметтүү процесстер ошол эле учурда көптөгөн суроолорду да пайда кылат.




 

Денеңизге келбет берген клеткалардын пландуу иш-аракети кантип аткарылат?

Өрчүү учурунда клеткаларга байкоо жүргүзсөк, абдан интенсивдүү кыймылга күбө болобуз. Бири-бирине опокшош клеткалар белгилүү убакыттан соң бөлүнүп көбөйүшөт жана ал клеткалардын кээ бирлери башкаларынан бөтөнчөлөнүп башташат. Бул кыймыл ал кезде түшүнүксүз болот. Бирок күн өткөн сайын бул кыймылдын бир адамдын денесин жасоо үчүн сөзсүз талап кылынган процесстерди абдан тез жана программалуу түрдө аткарууну көздөгөнүн түшүнөбүз. Бардык клеткалар бир мекемедеги жумушчулардай болуп, бөлүк бөлүк иш-аракет жүргүзүшөт. Анан бир органды түзө турган клетка топтору бири-бирине жабышып чогулуп, кабатталат жана органдарды түзүүгө даярданышат. Ошондой интенсивдүү аракеттердин натыйжасында кээ бир клеткалар сөөк клеткаларына, кээ бирлери тери, кээ бирлери болсо булчуң клеткаларына айланышат.28

Сөөк клеткалары сөөктөр жайгаша турган жерге чогулат. Булчуң клеткалары булчуңдар жайгаша турган жерге топтолот. Кээ бирлери ички бөлүккө барып ички органдарды жасап башташат. Кээ бирлери мээни, кээ бирлери көздөрдү, кээ бирлери болсо тамырларды пайда кылышат. Бул процесске кийинчерээк жаңы процесстер да кошулат; мисалы клеткалардын белгиленген багыттарды көздөй көчүшү, клеткалардын программалуу өлүмдөрү аркылуу кээ бир органдардын жасалышы сыяктуу... Кыскасы, бөтөнчөлөнүү процессинде бир кемчиликсиз стратегия ишке ашырылат жана клеткалар белгилүү бир пландын негизинде иш алып барышат.



Бул даярдыктын кантип көрүлөөрү ар бир клетка тобуна өз-өзүнчө илхам кылынган. Бардык клеткалардын ДНКсында жазылган маалымат бирдей. Бирок ар бир клетка тобу бул маалыматты аларга илхам кылынган программада колдонгондо гана ар бири өз милдетин аткара турган өзгөчө түзүлүштөгү органдарды пайда кылышат. Бир жагынан ушинтип бөтөнчөлөнүп жатканда, экинчи жагынан тынымсыз бөлүнүү аркылуу сандарын көбөйтүшөт. Бул кереметтүү уюштурууда эч кандай анархия (башаламандык) чыкпайт. Жүрөк, көз, мээ, кол, бут жана башка органдарды түзүү үчүн көрүлгөн даярдыктардын натыйжасында дене акырындап келбетине келе баштайт.29

Баары бир даана маңыздан пайда болгон клеткаларга бул буйрукту ким берет? Эч кандай акылы, аң-сезими жана сезүү органы жок клеткалар бул буйрукту кантип түшүнөт жана кантип аткарат?

Илимпоздор клеткаларды бири-биринен бөтөнчөлөнтүп, дененин тиешелүү аймактарына жайгаштыра турган пландын ДНКда коддолгонун аныкташкан. Андай болсо клетканын ядросунда сакталган бул микроскопиялык маалымат базасынын ичине бул кереметтүү планды ким ушунчалык кемчиликсиз коддогон деген суроо пайда болот...

Мындан тышкары, бул план ДНКда жазылуу болгондо деле, клеткалардын аны толук окуп, ишке ашырышына эмне түрткү болот? Миллиарддаган ар түрдүү клеткалар кантип ДНКдагы эбегейсиз чоң маалымат базасынын ичинен өзүнө тиешелүү бөлүктү табат жана ошого жараша түзүлүшүн өзгөртөт?

Мисалы, көздү түзгөн клеткалар чечекейдин, тордомо челдин, көз булчуңдарынын же каректин көлөмүн жана түзүлүшүн кандай кылып жасашаарын, анан кайсы баскычта өндүрүштү токтотуу керек экенин кантип түшүнүшөт?

Же болбосо боорду, бөйрөктөрдү же уйку безин жасаган клеткалар эч тааныбаган бул органдардын өзгөчөлүктөрүн кантип билип, ошого жараша түзүлүштөрүн өзгөртүшөт?

Болгондо да, бул клеткалар кайсы органды түзсө ошого жараша түзүлүшүн өзгөрткөн учурда көптөгөн факторлорду да эске алышат. Мисалы, бир клетка мээ клеткасы болуу үчүн өзгөрүп жатканда нерв системасын, мээнин азыктанышын, кычкылтек менен дем алуусун, бүт дене менен нервдер аркылуу байланыш курушу керек экенин, мээнин бир бөлүгүнүн көрүү, бир бөлүгүнүн угуу, бир бөлүгүнүн сезүү сыяктуу ар кандай өзгөчөлүктөргө жараша бөлүнүшү керек экенин да эске алат. Башка клеткалар мээнин зыян көрүү ыктымалдыгын эске алып, аны курчашат жана төрөлүү учурундагы ыктымалдуу терс шарттарды ойлонуп, ошого жараша чара көрүшөт. Бирок клеткалар кантип «алдын ала ойлонуп» иш-аракет жүргүзүшөт?

Бул суроолордун баары адамдын төрөлүшүнүн абдан улуу бир керемет экенин көрсөтөт. Эволюция теориясы да бул жерде бир туюкка туш болот. Клеткалардын органдарды жасоо жана денени калыптандыруу учурундагы ДНКдагы гендердин өз ара кызматташтыгы тууралуу эволюционисттер эч нерсе айта алышпайт. Аң-сезимсиз атом жыйындыларынан турган гендердин кокусунан, өзүнөн-өзү мынчалык пландуу гармонияны уюштура албашы абдан даана көрүнүп тургандыктан, эволюциянын жактоочулары көбүнчө бул темага эч кайрылбоону туура көрүшөт.

Эволюционист немец илимпоздордун бири Гоймар фон Дитфурт эненин курсагындагы кереметтүү өрчүү тууралуу мындай дейт:

«Бир даана энелик клетканын бөлүнүшүнүн кантип бири-биринен ушунчалык айырмаланган сансыз клетканын пайда болушуна себеп болоору, ал клеткалардын ортосунда өзүнөн-өзү келип чыккан байланыш жана кызматташтык илимпоздордун акылы жетпеген кубулуштардын сап башында турат.»30

«Beginning of Life» аттуу китептин автору Г. Фланаган болсо бул жөнүндөгү суроолорду төмөнкүчө белгилеген:

«Мынчалык татаал нерсени кантип ийгиликтүү уюштурууга болот? Клеткалар каерге бараарын, эмне болоорун жана тиешелүү жерге жеткенде эмне кылаарын кайдан билишет? Жана ошол эле учурда башка клеткалар менен абдан гармониялуу иш алып бараарын...»31

Фланагандын бул суроолорду узаткан соң бергенге аракет кылган жообу болсо бул кереметтүү кубулуштарды түшүндүрүүдөн абдан алыс. Фланаган бул кубулуштарды төмөнкүчө түшүндүрүүгө аракет кылган:

«Бул чоң суроолор бизди гендерди түзүп, генетикалык программаны жасаган клеткалардын ичинде сакталган дүйнөнүн дээрлик эң кичинекей молекулаларына алып барат. Биологиянын өнүгүшү менен бирге алгачкы жолу бул процесстердин кээ бирлерин аныктап, түшүндүрүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Жашоонун китеби, күтүүсүздөн бир аз ачылды... бирок кызыктуу бир канча бети гана. Икаяны толук билүүдөн азырынча абдан алыспыз.

Клеткалардын биргелешип эң мыкты иштээри анык, анткени өз ара үзгүлтүксүз молекулярдык диалог курушат жана мындан улам кызыктуу генетикалык буйруктарга заматта адаптация болушат. Ал буйруктар генетикалык код деп аталган гендерде сакталат. Эне менен атанын клеткаларынын биригишинин алгачкы күнүндө бул генетикалык программа алынат. Жана андан соң ар бир жаңы клетка пайда болоордо бул гендердин копиясы да жасалып, жаңы клеткаларга өткөрүлөт. Ошондуктан денедеги бардык клеткалар толугу менен бирдей гендерди алып жүрөт жана бардык генетикалык программаны камтыйт. Эгер ар дайым бүт программа активдүү болгондо, бардык клеткалар өз функцияларын аткарган клон клеткалар болмок... Ар дайым баары активдүү эмес. Муну төмөнкүчө элестетсеңиз болот; бир тайпанын мүчөлөрү татаал бир имараттын планын түзүү үчүн тыгыз кызматташтыкта иштеши керек деп элестетиңиз. Баары негизги планды билишет, ар бири сигнал берет, башкалардан келген сигналдарга долбоор менен тыгыз байланышта болуу үчүн дилгирлик менен жооп бере алат.»32

Бул сөздөрдөн да көрүнүп тургандай, клеткалардын бөтөндөшүп, бири-бирине таптакыр окшобогон кызматтарды аркалашына жана белгилүү бир пландын негизинде иш-аракет жүргүзүшүнө «генетикалык бир программанын» шарт түзөөрү айтылууда. Бул туура; чындап эле ар бир клетканын ичине кемчиликсиз бир программа жайгаштырылган. Бирок негизги суроо мындай: бул программаны түзүп, клеткалардын ичине жайгаштырган ким? Бул жерде сөз болуп жаткан программа жөнөкөй бир компьютер программасы сыяктуу эмес. Бул программаны аткарган клеткалар ичинде миллиондогон бири-бири менен абдан тыгыз байланыштагы, татаал түзүлүштөрдү камтыган, уккан, көргөн, сезген, ойлонгон, чечим чыгара алган, кубанган, сулуулукту түшүнгөн, өзүнүн клеткаларын, гендерин, ДНКсын изилдеп андан жыйынтык чыгара алган бир адамды пайда кылышууда. Болгондо да, клетка деп аталган белок жыйындыларынын мындай программаны түшүнө алышы, ошол программанын негизинде иш-аракет жүргүзүшү керек экенин аңдап түшүнүшү жана ар бир баскычын кемчиликсиз аткара алышы ансыз да өзүнчө бир керемет.



Азыркы учурдагы эволюция теориясынын алдыңкы жактоочуларынын бири Ричард Докинз адамдын пайда болуу этабында бир адамдын генетикалык программасын камтыган гендердин ушунчалык кызматташып иш-аракет жүргүзүшүнүн алдындагы чарасыздыгын төмөнкүчө белгилеген:

«...Түйүлдүктүн өрчүшүндө гендер ушунчалык татаал жана бири-биринен көз-каранды байланыштар тармагы аркылуу көзөмөлгө алынат, ошондуктан буга кайрылбаганыбыз туурараак болот.»33

Докинз адамдын жаратылуу кереметиндеги жооптуу гендердин ортосундагы мамилелердин жана ал гендердин кереметтүү жөндөмдөрүнүн кокусунан пайда болбой турганын, мындай комплекстүү системаны эволюция механизмдери менен түшүндүрүү мүмкүн эместигин түшүнгөн жана аны ушинтип мойнуна алган. Бирок абдан маанилүү бир жагдайды унуткан. Сансыз кереметтер тизмегинен турган наристенин өрчүшү мындай турсун, бир наристенин пайда болушуна керектүү бир даана мүчө, бир даана клетка да эч качан кокусунан пайда болбойт.

Эненин жатынында пайда болгон жалгыз клетка 9 айдын ичинде көргөн, уккан, сезген, дем алган, ойлонгон бир адамга айланат жана бул процесстин ар бир баскычы кемчиликсиз бир пландын негизинде ишке ашырылат. Болгондо да, бул керемет миллиондогон жылдан бери эч кемчиликсиз тынымсыз кайталанууда.

Эволюционисттердин кокустук түшүнүгү боюнча, бул кереметтүү кубулуш адамдын клеткаларын түзгөн аң-сезимсиз атомдордун чечиминен келип чыккан. Атомдор бир күнү күтүүсүз бир чечимге келип бир жерге чогулушкан жана ошол күнгө чейин эч көрбөгөн, эч тааныбаган органдарды пайда кылышкан дешет. Өздөрүн мындай логикасыз сөздөргө эч далилсиз ушунчалык ишендирип алышкандыктан, аң-сезимсиз атомдордун ар бирин адамдын кайсы бөлүгүн түзөөрүн чечип, ошого жараша керектүү жерлерге барат деп кабыл алышат. Бул процесске эч ким кийлигишпейт, баары өзүнөн-өзү кокусунан болот, клеткалар менен атомдор өз эрки менен эң туура кадамды аныктап, адамдын денесин кемчиликсиз жасайт деп ойлошот. Бул айтылгандарды кабыл алгылары келбегени менен, негизи алардын айткан ойлору дал ушундай мааниге келет.

Бул жерден эволюционисттердин канчалык чоң логикасыздыкка кабылганын көрүүгө болот. Буга чейин каралган жана мындан кийин карала турган бардык процесстер жаңы бир адамдын пайда болуу баскычтарынын, эволюционисттик көз-караштардын тескерисинче, кокусунан болбой турганын көрсөтүүдө. Бул кереметтүү кубулуштар клеткалардын, аларды түзгөн органеллдердин, молекулалардын же атомдордун аракеттери менен эмес, улуу кудуреттүү Аллахтын «Бол» деген буйругу менен ишке ашат:

Ал силерди топурактан, анан бир тамчы суудан, анан бир алактан (эмбрион) жаратты; анан силерди бир наристе кылып чыгарып, анан күчтүү (жетилген) чакка жетишиңер, анан улгайышыңар үчүн силерге (белгилүү бир өмүр берүүдө). Силердин кээ бирлериңердин эртерээк өмүрү аякталууда; белгиленген бир ажалга жетишиңер жана балким акылыңарды колдонушуңар үчүн (Аллах силерди ушинтип жашатат). Тирилткен (жан берген) жана өлтүргөн Ал. Бир нерсенин болушуна өкүм кылса, ага бир гана «Бол» деп айтат, ал ошол замат болуп калат. (Момун Сүрөсү, 67-68)

 

Энелик клеткалардагы аң-сезим

Жатындын дубалына жайгашууга даярданган клеткалар генетикалык жактан энеден айырмалуу болгонуна карабастан, алардын денеге трансплантация кылынган бир органга же кыртышка окшоп эмне үчүн четке кагылбашы көп жылдардан бери чечилбеген бир табышмак бойдон калууда. Мунун жообун Г. Фланаган төмөнкүчө берген:



«Клетка жыйындысын «универсалдуу сырсөз» деп сыпаттоого боло турган атайын сигналдарды таратат деп айтууга болот. Бул сырсөз бардык адамдар үчүн бирдей жана эненин клеткалары да ушул сыяктуу мурда клетка жыйындысы кезинде ушул сырсөздү колдонгон. Ошондуктан эненин клеткалары жаңы келгендерге карата коргонуу чараларын көрбөйт, анткени алар биологиялык жактан денеге жайгашкан бул клетка жыйындысын бир душман катары эмес, универсалдуу бир дос катары көрүшөт.»34

Бул жерде кайрадан абдан маанилүү бир жагдайга көңүл буруу керек. Фланаган айткандай, бир клетка жыйындысынын «бир универсалдуу билдирүүнү» жибериши жана берки клетка жыйындыларынын бул билдирүүнү түшүнүп, алардын душман эмес, дос экенин «түшүнүшү» абдан улуу керемет. Муну унутпаш керек: бул жерде аң-сезимдүү адамдардын тобу тууралуу эмес, колу, көзү, кулагы, мээси жок, аң-сезимсиз атомдордун, молекулалардын, белоктордун айкалышынан турган, көзгө көрүнбөй турганчалык кичинекей клеткалардын тобу тууралуу сөз болууда. Бул аң-сезимди клеткалардын өзүнө тиешелүү деп ойлоо логикага такыр сыйбайт.

Бул жерде чындык апачык көрүнүп турат: эмбриондун эненин жатынына эч кыйналбай жайгашып, эң коопсуз жайда өрчүп чоңоюшу эмбрионду да, энени да, эненин денесиндеги коргонуу (иммундук) системасын да жараткан Аллахтын мээрими менен болот.

Кыямат саатынын маалыматы – күмөнсүз, Аллахтын кабатында. Жамгырды жаадырат; курсактагыларды (жатындагыларды) билет. Эч ким эртең эмне табаарын билбейт. Эч ким кайсы жерде өлөөрүн билбейт. Эч күмөнсүз, Аллах – билүүчү, (баарынан) кабардар. (Локман Сүрөсү, 34)

 

Эмбрион үчүн даярдалган өзгөчө коргоо системасы

Эненин жатынына асылган клеткалар бул коопсуз жайда азыктанып, өрчүүнү улантышат. Бирок бул абдан таң калаарлык көрүнүш. Себеби кадимки шарттарда эненин курсагында тездик менен чоңоюп жаткан эмбриондун алдында чоң коркунуч бар: эненин иммундук системасы.

Иммундук система денеге кирген ар кандай чоочун организмди душман деп эсептеп, ага чабуул жасайт. Генетикалык маалыматы эненикинен башкача болгону үчүн, эмбрион да дене үчүн чоочун бир организм болуп эсептелет. Ошондуктан эненин канындагы иммундук клеткалар бул чоочун организмдин пайда болгонун байкаар замат жатынды көздөй агып жөнөшөт. Эгер атайын бир чара көрүлбөсө, иммундук клеткалар сөзсүз түрдө эмбрионду өлтүрүшөт.

Бирок кээ бир оорулардан тышкары, кадимки шарттарда мындай болбойт, анткени эмбрион атайын чаралар менен алдын ала коргоого алынган.

Эмбрион жатындын дубалына жабыша элек кезде жатындын айланасында пайда боло баштаган трофобласт клеткалары эненин кан тамырлары менен эмбриондун ортосунда бир фильтрди пайда кылышат. Иммундук клеткалар бул фильтрден өтө алышпайт, ошентип эмбрион коңгуроо каккан иммундук клеткалардын чабуулунан коргонот. Ал тургай, бул клеткалардын кээ бирлери кычкылтек жана азык заттар сыяктуу керектүү материалдардын эмбрионго жетишине көмөкчү болушат.

Эми бул өзгөчө клеткалардын түзүлүшүн тереңирээк карайлы.

 

Трофобласт клеткаларынын инженерия жөндөмү

Трофобласт клеткалары жогоруда да белгиленгендей, бир эле энелик клеткадан көбөйгөнүнө карабастан, эмбрионду түзгөн клеткалардан бөлүнүп, эмбриондун эненин курсагындагы өрчүшүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүү милдетин аркалаган бир клетка тобу. Жетинчи күнгө келгенде бул клеткалардын бүт тарапты көздөй бутактары чыгып, чоңоюп башташат. Бул өзгөрүүнүн максаты клеткалардын жатындын дубалынын ичине өтүшүн камсыз кылуу. Өтүү процессинде эненин капиллярларына туш болушат. Жана алардын сырткы бетин тешишет. Ошентип 7-8-күндөрдүн ортосунда эмбриондун кыртышы эненин каны менен байланышка өтөт.

Кээ бир трофобласт клеткалары жатындын дубалындагы капиллярлардын кабыктарын буза турган ферменттерди иштеп чыгышат. Натыйжада эненин канынын эмбрионго болгон басымы да азайтылат. Трофобласт клеткалары бул ыктымалдуу коркунучту билгендей, эмбриондун өлүмүнө алып барышы мүмкүн болгон коркунучка карата чара көрүшөт. Эгер бул клеткалар эненин тамырларын ушинтип жөнгө салбаганда, эненин каны жогорку басым менен ич тарапка толуп калышы мүмкүн эле. Мындан улам эненин канынын сырттан болгон басымынын натыйжасында эмбриондун кан айлануусу токтоп калмак.

Кийинки жумаларда да бул өзгөчө клеткалардын бир бөлүгү эненин канынын алдында калкан болот. «Плацента» деп аталган бул калкандын түзүлүшү абдан өзгөчө. Тереңирээк изилдегенде трофобласт клеткаларынын бул калкан аркылуу тыгындарга (пробка) окшоп кандын жолун тосоорун көрүүгө болот. Бул абдан маанилүү жагдай. Себеби эмбрион мындан ары эненин кыртыштары менен байланышта болот; энеден келген кандын ичиндеги заттар менен азыктанат. Азыктар кириши керек, бирок азыкка кошулуп эненин канындагы иммундук клеткалар эмбрионго келип калбашы шарт. Плацентанын тыгын системасы аркылуу эненин канындагы иммундук клеткалардын эмбрион тарапка өтүшүнө бөгөт коюлат. Энеден келген кандын өтүшүнө бөгөт коюлса, анда эмбрион кантип азыктанат?

Бул суроонун жообу клеткалардын түзүлүшүндөгү долбоордун кемчиликсиздигин көрсөтөт. Тыгындын милдетин аткарган бул клеткалардын ортосундагы ичке боштуктар эмбрионго керектүү азык заттарды эненин канынын плазмасынан алганга жетиштүү өлчөмгө ээ. Эненин канынан алынган кычкылтек, азык заттар жана минералдар ошол ичке боштуктардан өтүп эмбрионго жетет. Бирок иммундук клеткалар чоңураак болгону үчүн ал боштуктардан өтө алышпайт.35

Эне менен эмбриондун ортосунда көпүрө милдетин аткарган трофобласт клеткаларынын аткарган кызматтары терең инженерия билимин талап кылат деп айтсак туура болот. Анткени бул клеткалар бул системалар аркылуу наристе менен эненин ортосунда кандайдыр бир мааниде «жашоо көпүрөсүнүн» пайдубалын түзүшөт. Бул клеткалар бир жагынан кандагы зыяндуу заттарды тосуучу тыгындын милдетин аткарса, экинчи жагынан ортолорунда боштук калтырып керектүү заттардын өтүшүнө шарт түзүшөт.

Бул жерде айтылгандар трофобласт клеткалары аткарган кызматтардын бир канчасы гана. Бирок ушулар деле бул клеткалардагы долбоордун кемчиликсиздигин көрүүгө жетиштүү. Дал керектүү өлчөмдөгү боштуктарды калтырган, бир гана пайдалуу заттарды аныктап алардын киришине шарт түзгөн, эмбрионго зыян тийгизе турган заттарды билген жана алардын өтүшүнө жол бербей турган системаларды курган мындай түзүлүштүн кокусунан пайда болбошу айдан ачык.

Бул кереметтүү өзгөчөлүктөрдүн кокусунан пайда болгонун айткан адам төмөнкү суроолорго албетте жооп бере албайт:

Бул клеткалар эмбриондун өрчүшүнө керектүү заттарды кайдан билишет?

Кандагы көптөгөн заттардын арасынан кайсы заттардын пайдалуу экенин кантип аныкташат?

Иммундук клеткалардын эмбрионго зыян берээрин кайдан билишет?

Коркунуч туудурган заттардын көлөмдөрүн алдын ала кантип аныкташат?

Бул заттардын киришине бөгөт коюп, бирок пайдалуу заттардын өтүшүнө жол бере турган бир тармакты курууга кантип акылдары жеткен?

Адамзаттын тукуму уланышы үчүн бул системада болор-болбос бир катачылык да кетирилбеши шарт. Акылдуу жана абийирдүү ар бир адам кокустуктардын клеткаларга мындай өзгөчөлүктөрдү бере албашын билет. Кокустуктар бир долбоорду пайда кылып, андан соң ал долбоордун бардык адамдарда бипбирдей болушун камсыздай албайт. Трофобласт клеткаларын бардык өзгөчөлүктөрү менен жаратып, аларды адамдын пайда болушуна көмөкчү кылган Аллах. Бул Аллахтын теңдешсиз жаратуу чеберчилигинин бир гана мисалы:

Биз асмандарды, жерди жана экөөнүн ортосундагыларды акыйкат менен жана белгиленген бир ажал (белгилүү бир мөөнөт) менен жараттык. Каапырлар болсо эскертилген нерседен жүз бургандар. Айткын: «Көрсөңөр кабар бергиле; Аллахтан башка сыйынгандарыңар жерден эмнени жаратыптыр, мага көрсөткүлөчү? Же алардын асмандарда бир шериги барбы? Эгер чынчыл болсоңор, мындан мурда бир китеп же бир илимдин калдыгы бар болсо, мага алып келгиле.» (Ахкаф Сүрөсү, 3-4)

 

Эки организмдин ортосундагы жашоо көпүрөсү: плацента

Технологиянын эң акыркы мүмкүнчүлүктөрү менен өндүрүлүп, баасы миллиондогон доллар турган жана эң заманбап ооруканаларда колдонулган жашоону камсыздоо аппараттары, салмагы бир канча килограмм болгон бир кесим этке салыштырганда, абдан жупуну жана жетишсиз болуп калат. Бул бир кесим эт илимпоздор тарабынан «наристенин төрөлүшүнүн чыныгы баатыры» деп айтылган плацента.36

Эмбрион өрчүүгө керектүү азык, кычкылтек жана башка заттарды белгилүү бир мөөнөттөн кийин эненин канынан ала баштайт. Плацента болсо эне менен эмбриондун ортосундагы зат алмашууну камсыздоочу бир түзүлүш; эне менен эмбриондун ортосунда көпүрө милдетин аткарат. Плацентанын түзүлүшү өрчүп жаткан түйүлдүктүн бардык муктаждыктарына ылайыктуу жаратылган.

Плацентада трофобласт клеткаларынын ортолорунан сызылып өткөн азыктарды наристеге жеткире турган жумшак кан тамырлар толтура болот. Энеден келген бардык азык заттарды, кычкылтекти, темир жана кальций сыяктуу маанилүү минералдарды плацента алгач киндикке, анан ал жерден эмбриондун капиллярларына жеткирет. Ошондой эле, плацента эмбриондун зат алмашуусуна керектүү азыктарды камсыздоо менен эле чектелбейт, жаңы кыртыштардын пайда болушуна керектүү азыктарды да иргеп түйүлдүккө жеткирет.37 Аминокислоталар түйүлдүк тарабынан ар кандай синтез үчүн колдонулушу керек (углеводдор, нуклеин кислоталары, б.а. ДНКнын курулуш материалдары, май ж.б.). Плацента буларды да эненин кан айлануусунан иргеп кармайт. Муну көбүнчө атайын ташуучулар аркылуу жасайт. Аларды топтоп коюп, керектүүсүн өзүнө пайдаланат, бир бөлүгүн түйүлдүктүн кан айлануусуна жиберет. Азыктардан тышкары иондор да плацентадан өтөт. Өзгөчө эки ион түйүлдүк үчүн абдан маанилүү жана аларды болушунча көп өлчөмдө чогултушу шарт. Алардын бири темир. Бул кандын көлөмүн көбөйтүү үчүн керек. Экинчиси болсо сөөктөрдүн өрчүшүндө керектелүүчү кальций. Булар абдан натыйжалуу жол менен, өтө кылдат өткөрүлөт. Эненин жеген азыктарында темирдин көлөмү аз болсо да, плацента наристеге керектүү көлөмдү эненин канынан сорот жана кандай гана болбосун наристенин муктаждыгын канааттандырып, аны ар кандай коркунучтан коргойт.38

Плацента бул процесстин тескерисин да, б.а. калдыктарды эмбриондон эненин канына өткөрүү жумушун да чеберчилик менен жасайт.

Муну унутпаш керек: бул жерде «жасайт», «иргейт», «алат», «топтойт», «жеткирет» деген сыяктуу иш-аракеттерди аткарган плацента да кайра эле клеткалардан турган бир кыртыш. Бул иш-аракеттердин баарын жасаган, мисалы темирдин керек экенин билип, көптөгөн заттардын арасынан темирди тандай алган, темирди алган соң аны кантип колдоноорун билген илим-билимдүү бир адам эмес, клеткалардын жыйындысынан турган бир плацента. Плацентаны түзгөн клеткалар керектүү заттарды таанып, аларды тандай алышат. Бир клетканын бир атомду таанышы, албетте, улуу керемет. Болгондо да, атомду тааныгандан тышкары, андан керектүү өлчөмдө алып бир жерге жеткириши мындан да кереметтүү көрүнүш. Бул жерге чейинки жана мындан кийинки маалыматтардын баарын ушундай көз-караш менен баалоо керек.

Адамдын жаратылуу кереметиндеги бул окуяларда клеткалардын, клеткаларды түзгөн молекула жана атомдордун аң-сезимдүү иш-аракеттерине күбө болобуз. Албетте, бул аң-сезим алардын эч бирине эмес, аларды жараткан жана жасай турган иштерин ар бирине илхам кылган Аллахка тиешелүү.

Алдыда карала турган маалыматтар да жаратылуунун апачык далилдеринен.

 

Плацентанын абдан маанилүү башка кызматтары

Түйүлдүктү плацентага байланыштырган узун бир жип сыяктуу болгон киндикте үч кан тамыр болот. Ал тамырлардын бири киндик венасы деп аталат. Ичинде азыктарды жана кычкылтекти камтыган канды плацентадан наристеге жеткирет, калган экөөсү болсо киндик артериялары. Бул тамырлар көмүр кычкыл газы менен азыктардын калдыктары топтолгон канды наристеден плацентага жеткиришет.

Киндиктин түзүлүшү бекем жана ийкемдүү болгондуктан, оңойчулук менен оролуп, кысылып калбайт. Бул кандын жеткирилиши үзгүлтүккө учурабашы жагынан маанилүү бир өзгөчөлүк. Ошондой эле, киндиктин ийкемдүү түзүлүшү наристенин кыймылына да эң ыңгайлуу.

Функциялары жагынан караганда, плацентанын эмбрион үчүн кээде өпкө, кээде ашказан же ичеги, кээде боор, кээде бөйрөк сыяктуу кызмат кылууга ыңгайлаштырып жаратылганын көрүүгө болот. Болгондо да, плацента буларды туруктуу бир таризде эмес, наристенин муктаждыктарындагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен жасайт. Мисалы, түйүлдүккө биринчи жана экинчи айларда керектүү болгон азыктар менен сегизинчи жана тогузунчу айларда керектүү болгон азыктар бири-биринен айырмаланат. Плацента муну кемчиликсиз тең салмактуулук менен жөнгө салат жана мөөнөтүнө жараша эмбрион үчүн эң оңой сиңириле турган азыктарды тандайт.



Плацентанын эң негизги кызматтарынын бири – түйүлдүккө керектүү эстроген жана прогестерон сыяктуу гормондорду бөлүп чыгаруу. Прогестерон гормону эненин денесинде өзгөчө жатын бөлүгүн жандантып, наристеге физикалык колдоо көрсөтөт. Өрчүшүнө эң ыңгайлуу шарттардын түзүлүшүнө жол ачат. Ошондой эле, эненин көкүрөктөрүндөгү сүт бездерин өрчүтүп, убактысы келгенде сүттүн пайда болушуна да көмөкчү болот. Мындан тышкары, эненин зат алмашуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу аркылуу жардам берет. Ошентип эненин ден-соолугунун чың, бейпил болушуна салым кошот. Жатынды эмбрион үчүн бейпил жана коопсуз жайга айланткан бул гормондордун үзгүлтүксүз, керектүү өлчөмдө чыгарылып турушу наристенин ден-соолугунун чың төрөлүшү жагынан абдан маанилүү. Мындан тышкары, бул гормондор эненин организмин төрөткө да даярдайт.

Плацента, ошондой эле, кош бойлуулуктун акыркы үч айында ыктымалдуу инфекцияларга каршы эмбриондо иммунитеттин пайда болушун камсыз кылат.

Бул жерге чейин айтылгандар плацентанын эмбриондун өрчүү процессинде аткарган кызматтарынын бир канчасы гана. Ошондой эле, бул жерде айтылган ар бир жагдай биз элестете албаганчалык көп маалыматтарды камтыйт. Ар бир система көптөгөн татаал химиялык процесстерден көз-каранды. Бүгүнкү күндө эмбриондун өрчүшү тууралуу жүргүзүлгөн жаңы изилдөөлөр плацентанын наристе үчүн аткарган башка кызматтарын да аныктоодо. Бирок баарынын бир жалпы өзгөчөлүгү бар. Плацентадагы ар бир механизм эне менен эмбрионду бири-бирине кемчиликсиз шайкештикте байланыштырат. Бул шайкештик абдан маанилүү. Себеби эненин денесиндеги ушуга окшогон механизмдерден түзүлгөн тең салмактуулуктардын бирөөсү эле бузулса, эмбрион жашай албайт.

Клеткалардан түзүлгөн бир кыртыштын бир организмдин муктаждыктарынан кабардар болушу, кемчиликтерди аныктап аларды жоюу жолдорун билиши, дал керектүү заттарды керектүү өлчөмдө иштеп чыгышы жана сырттан иргеп алышы, кыскасы, аң-сезимдүү иш-аракеттерди жасашы, албетте, ал кыртыштын өзүнүн аракеттеринен келип чыккан эмес. Мисалы, бул милдет эгер бир адамга тапшырылса, муну эч качан жасай албайт. Медициналык билими жок бир адам эч качан түйүлдүккө качан эмне керек экенин түшүнүп, ошого жараша чара көрө албайт, керектүү заттарды тандай албайт жана керексиз заттарды түйүлдүктөн алыстата албайт. (Медициналык билими бар болсо да, баары бир бул милдетти эч тынымсыз күнү-түнү эч кемчиликсиз аткара албайт.)

Бирок адамдын колунан келбеген бул маанилүү кызматтарды плацента деп аталган кыртыш эч кемчиликсиз жасай алат. Болгондо да, миңдеген жылдан бери жашап өткөн миллиарддаган адамдын бүт баарынын плацентасы ушундай бийик аң-сезим жана жогорку натыйжалуулук менен иштеп келе жатат. Эч күмөнсүз, плацентанын түзүлүшүндөгү кемчиликсиз жана аң-сезимдүү иш-аракеттер Аллахтын аны ушундай өзгөчөлүктөр менен жараткандыгынын бир натыйжасы. Буга каршы чыгуу акыл-эстин чегинен чыгуу дегенди билдирет. Аллах адамдын денесинде ушундай кемчиликсиз түзүлүштү жаратуу аркылуу бизге теңдешсиз чеберчилигин көрсөтүүдө жана Курандын аяттары аркылуу бул чындыктар жөнүндө ойлонууга буюрган:

(Аллах) Асмандардын, жердин жана ал экөөнүн арасындагылардын Рабби; демек, Ага ибадат кыл жана Ага ибадатта чечкиндүү бол. Анын теңдеши болгон бирөө барбы? Адам мындай дейт: «Мен өлгөндөн кийин, чындап тирүү болуп чыгарыламынбы?» Адам мурда эч нерсе эмес (жок) кезинде, чындыгында Биз аны жаратканыбызды (эч) ойлонбойбу? (Мариям Сүрөсү, 65-67)

Алдыдагы маалыматтарды окуп жатканда да абдан маанилүү бир жагдайды унутпаш керек. Бул жерге чейин айтылган мисалдардан көрүлгөндөй, бир пландын негизинде иш-аракет жүргүзгөн, убактысы келгенде функциясын өзгөрткөн, каерде турушу керек экенин билген, кызмат ордун таштап кетпеген, команда менен иштей алган, муктаждыкка жараша тандоо жасай алган, керектүү заттарды керектүү учурда өндүрө алган нерселердин баары денедеги клеткалар. Куралсыз көз менен көрүүгө мүмкүн болбогон бул жандыктардын кыймыл-аракеттеринде, бир аздан кийин каралгандай, апачык бир акыл бар. Бул акыл клеткаларга тиешелүү боло албайт. Аң-сезимсиз жана жансыз атомдордон турган клеткаларда ойлонуп чечим чыгаруу сыяктуу өзгөчөлүктөр болушу мүмкүн эмес. Бул бийик аң-сезим менен акыл Аллахка тиешелүү. Бул акыйкатты ар дайым эсте тутуу адамдын бул кереметтүү окуялар тууралуу ойлонуп тереңдешине жана Аллахтын чексиз кудуретине күбө болушуна себепчи болушу жагынан маанилүү.

 

Бир клеткадан бир тиштем этти карай...

Клеткалар убакыттын өтүшү менен бөлүнүүнү улантып, топторго бөлүнүү аркылуу жарыкты сезген көз клеткаларын, ачууну, таттууну, ооруну, ысыкты, суукту сезген нерв клеткаларын, үн толкундарын сезе турган кулак клеткаларын жана тамак-аштарды сиңире турган тамак сиңирүү системасынын клеткаларын жана дагы көптөгөн клеткаларды пайда кылууну улантышат.

Эмбриондун алгачкы үч жумасы бүткөндө, клеткалар көбөйүп отуруп бир тиштем этке айланат. Бул Курандын аяттарында «алактан» «бир тиштем этке» өзгөрүү катары сүрөттөлгөн. Аятта мындай деп айтылат:

Кийин ал суу тамчысын бир алак (клетка жыйындысы) кылып жараттык; анан ал алакты бир тиштем эт кылып жараттык; андан соң ал бир тиштем этти сөөк кылып жараттык; ошентип сөөктөргө эт кийгиздик; андан соң башка бир келбетте аны жасадык. Жаратуучулардын эң сонуну болгон Аллах кандай Улук. (Мүминун Сүрөсү, 14)

Наристенин өрчүшүндөгү 1-баскычтын ушинтип жыйынтыкталаары эмбриология илими тарабынан жакында эле аныкталды. Бирок ааламдардын Рабби Аллах тарабынан түшүрүлгөн жана эч кандай кемчилиги жок Куранда бул илимий чындык 1400 жыл мурда кабар берилген. Аллахтын даңазасы абдан улук.

 

Дененин калыптануусу уланат

Алгачкы күндөрү бир гана эненин канынан керектүү азыктарды алган түйүлдүк мындан ары өзүнүн денесин азыктандырып, клеткаларына кычкылтек жеткирүү үчүн өз алдынча кан айлануу системасына муктаж болот. Бул системаны пайда кылуу үчүн бир топ клетка күтүүсүз бир чечим менен кызматташып, кан айлануу системасын түзүп башташат. Клеткалардын бул кыймыл-аракети алардын чексиз бир акыл жана илим ээси тарабынан башкарылаарынын апачык далили.

Болжол менен 13-күндө бир клетка тобу жүрөктү түзүү үчүн эмбриондун көкүрөк аймагына чогулат. «U» тамгасына окшогон бир түтүктү түзүп, абдан пландуу түрдө эң алгач жүрөктүн пайдубалын пайда кылышат. Бир тараптан башка миңдеген клеткалар жүрөктүн пайда боло баштаганын уккандай, денени башынан аягына чейин айлана турган кан тамырларды жасап башташат. Ошентип клеткалардын пландуу түрдө тизилип, керектүү аймактарга барып жайгашуусунун натыйжасында 21-күндө тамырлар толукталып бүтөт. Ошентип кан айлануу системасы иштөөгө даяр болот жана жүрөк 22-күнү алгачкы жолу согот да, мүнөтүнө 60 соккулук бир ритм менен иштей баштайт.39 Алгачкы жыйрылуулар жүрөктүн узатасынан созулган бир толкун сыяктуу кыймылдайт. Жүрөк калыптанып бүткөндө жыйрылуулар жүрөктүн көңдөйлөрүндө белгилүү бир тартип менен согууну улантат.

Жүрөк согуп баштайт, бирок башында кан болбойт. Ал үчүн өзүнчө жооптуу клеткалар бар. Ал клеткалар жаңы пайда болгон адамдын денесинде «кан» аттуу өзгөчө бир заттын керек болоорун алдын ала эсептегендей, кан клеткаларына айланышат. Көп өтпөстөн кан суюктугу тамырларда айлана баштайт. 4-жуманын аягында жүрөктүн жана тамырлардын ичине толугу менен кан толо баштайт. Албетте, жүрөктүн, кан айлануу системасынын жана кан суюктугунун пайда болушу өзүнчө бир керемет. Булардын бирөөсү да жок кезде клеткалар кемчиликсиз пландын негизинде керектүү учурда керектүү жерлерге жайгашып, адамдын өмүрү үчүн эң маанилүү болгон кан айлануу системасын жасашат. Бул жерде кыскача сүрөттөлгөн бул этаптардын эч бири кокусунан пайда боло албайт; бул кемчиликсиз пландын жалгыз клеткадан бөлүнүп көбөйгөн клеткаларга тиешелүү болушу мүмкүн эмес. Бул жерден да жаратылуу акыйкатына күбө болобуз.

Ошондой эле, кан айлануу системасынын бир гана пайда болушу эмес, ар бир мүчөсүнүн өзгөчөлүктөрү да таң калаарлык тең салмактуулуктар менен жаратылган. Эненин курсагында өрчүп жаткан наристенин каны баштапкы кызматы үчүн кадимки бир адамдыкынан бир топ сапаттуу өзгөчөлүктөрдү камтыйт. Мисалы, наристенин канындагы гемоглобин затынын кычкылтекти кармоо жөндөмү бойго жеткендерге салыштырмалуу бир топ жогору болот. Эмбриондун 1 см3 канындагы эритроциттердин саны да жаңы төрөлгөн бир наристенин ошончо көлөмдөгү канында кездешкен эритроциттердин санынан бир топ жогору болот. Төртүнчү айда киндиктен плацентага бир күндө болжол менен 24 литр кан өтөт. Бул айлануу ушунчалык ылдам болгондуктан, бир цикл 30 секунданын ичинде аяктай алат.40 Ошентип кан керектүү кычкылтек менен азыкты плацентадан алып клеткаларга жеткире баштайт. Ошол эле учурда бир жагынан бөйрөктөр да куралат жана кан клеткалардан чогултулган калдыктарды бөйрөктөргө жеткирип тазалай баштайт.




Эми бул жерде бир саамга токтоп дагы бир жолу ойлонолу: ушундай кемчиликсиз система бир күнү кокусунан, эч кемтиксиз, өзүнөн-өзү пайда болушу мүмкүнбү? Наристенин өзгөчө курамдагы каны, ал канды жүрөккө, жүрөктөн керектүү аймактарга жеткирген тамырлар, ал тамырларды плацентага туташтырган кыртыштар, кыскасы бардык бөлүктөр убакыт аралыгында кокусунан өздөрүн өздөрү кураган болушу мүмкүнбү?

Албетте, мүмкүн эмес. Адам үчүн абдан маанилүү болгон бул система эч бир кемтиксиз бир заматта пайда болушу шарт. Анткени жүрөктүн, кандын же тамырлардын пайда болушунда кандайдыр бир кемчилик кетсе, эмбриондун өрчүүсү токтойт. Тамырлар пайда боло электе жүрөк канды айдаса, кан башаламан тарап, айлана албай калат. Же жүрөк өз учурунда согуп баштабаса, кан денеге тарай албайт.





Бул эмбриондун жатында өрчүй албай өлүшү дегенди билдирет. Бирок ушул күнгө чейин жашап өткөн миллиарддаган адамдын эч биринде буларда эч кандай кемчилик кеткен эмес жана жүрөк өз учурунда биринчи жолу согуп, жаңы пайда болгон денеге дал керектүү өлчөмдө канды айдаган. Бул болсо жогоруда узатылган «кокусунан пайда болушу мүмкүнбү?» деген суроону толугу менен четке кагат. Бир системанын, бир жандыктын, бир түзүлүштүн бир заматта пайда болушу анын жаратылгандыгынын апачык далили. Бул акыйкатты ар бир акылман адам тастыктайт жана эч качан буга каршы чыкпайт.

Бул кемчиликсиз системалардын бүт баарынын Жаратуучусу, адамга эң кооз келбет берип, бардык муктаждыктары менен бирге кемчиликсиз жараткан Аллах.

 

Нерв системасынын жасалышы

Бүт бул процесстер жүрүп жатканда, дагы бир абдан маанилүү нерсе жасалышы керек: борбордук нерв системасы. Эмбриондук диск деп аталган түзүлүштүн эң үстүңкү катмарында пайда болгон параллельдүү сызык менен көбүкчөлөр борбордук нерв системасын (мээ менен жүлүндү) түзө башташат. Эң үстүңкү катмарда бир көңдөй пайда болуп, көңдөйдүн бурчтары биригип жабышат, ошентип бир тар түтүк келип чыгат. Түтүктүн алдыңкы бөлүгү калыңдап, мээни түзүү үчүн кеңейет. Ал ортодо арткы бөлүгү жүлүндү пайда кылат.

Бул жерде 1-2 сүйлөм менен сүрөттөлгөн бул кубулуштардын баары негизи адамдын акыл-эс чегине сыйбай турганчалык кереметтүү. Нерв системасынын пайда болушунун калган этаптары да бул кубулуштардын кереметтүүлүгүн кайра кайра бекемдейт.

5-жумадан баштап пайда болгон жүлүндө абдан тездик менен секундасына 5000 даана нейрон аттуу өзгөчө нерв клеткалары жасала баштайт. Ал аймакта кийинчерээк мээ пайда болот.41

Мээ клеткаларынын көпчүлүк бөлүгү эмбриондун алгачкы беш айында пайда болот жана наристе төрөлгөнгө чейин баары мээдеги өздөрүнүн орундарына жайгашып бүтүшөт. Клеткалар абдан тездик менен пайда болуп, белгилүү убакыттан соң борбордук нерв системасынын бутактарын түзүү үчүн алысыраак жактарга көчүп башташат.

Бирок бул этапта ар бир нейрон нерв системасынын ичинде ал үчүн бөлүнгөн орунду эң туура аныкташы шарт. Ошондуктан жаш нейрондорго жолун табышы үчүн сөзсүз бир жол көрсөткүч керек. Жүлүн менен мээнин өрчүү аймагынын ортосунда кабельге окшоп узатасынан жайгашкан өзгөчө клеткалар жол көрсөткүч болушат. Нейрондор өндүрүлгөн жерден чыгып, ошол жол көрсөткүчтөргө жабышып көчүшөт. Жана өздөрүнө бөлүнгөн жерди таанып, ошол жерге жайгашышат жана ошол замат бутактарды чыгарып башка нейрондор менен байланыш түзүшөт.

Нейрондор пайда болоор замат ушинтип сапарга чыгаарын кайдан билишет? Бул сапарда бара турган жерин табуу үчүн бир жол көрсөткүчтү пайдаланышы керек экенин жана бири-бири менен кандай кызматташтык жүргүзөөрүн кантип чечишет? Нейрон деп аталган нерселер негизи көзгө көрүнбөй турганчалык кичинекей көлөмдөгү, атомдор менен молекулалардан турган клеткалар. Алар минтип пландуу түрдө өз орундарына өздөрүнүн чечими жана эрки менен жайгаша алышпайт. Бул процессти борбордук мээ да башкарбайт. Анткени ал кезде эмбриондун мээси калыптана элек болот.

Бул клеткалар пайда болоор замат бейтааныш бир жерди көздөй бир гана аларга илхам кылынган маалыматтардын негизинде программалангандай жөнөшөт. Мээнин жана нерв системасынын пайда болуу процессиндеги эч бир кубулуштун кокусунан болбошу анык. Анткени бир эле этаптын башкача болушу баарына таасир берип, бүт системаны бузат. Нейрондордун пайда болуп, нерв желесине айланышы мээнин жана ага баш ийген нерв системасынын куралуу этаптарынын бирөөсү гана. Эволюционисттер ойлогондой мээнин бардык бөлүктөрүнүн кокусунан пайда болушу мындай турсун, бир даана нейрон да кокусунан пайда болбойт.




Бул процесстин дагы көптөгөн өзгөчөлүктөрү бар. Мисалы, жаңы пайда болгондо нейрондордун түзүлүшү бойго жеткен бир адамдыкынан башкача болот. Өрчүп жаткан адамдын нерв системасына байланыштуу милдеттерди аткаруу үчүн, дененин белгилүү бир аймагына көчүп барган нейрондор башында аба жок шартта, кычкылтексиз жашай алган бир зат алмашуу системасына ээ болушат. Бирок мээ аймагына жетип, ал жерге жакшылап жайгашкан соң, бир заматта аба менен жашай алган, б.а. кычкылтектен көз-каранды бир зат алмашуу системасына ээ болушат. Мындай өзгөрүү нерв клеткаларынын ар биринде кемчиликсиз кайталанышы шарт. Антпесе нерв клеткалары жашай албайт. Албетте, бул абдан улуу керемет.42

Азыр баарыбыз билгендей, адамдын мээ клеткалары белгилүү бир убакыт кычкылтексиз калса абдан чоң коркунучка дуушар болушат. Ал тургай, убакыт кечигип кетсе киши алгач шал болот, андан соң көз жумат. Бирок башында пайда болгон нейрондор такыр башка бир системада болушат. Бир эле ушул баскычта бир кемчилик кетсе, б.а. дал өз учурунда нейрондордун зат алмашуулары өзгөрбөсө, эмбрион чоңоюп адам боло албайт. Албетте, бир клетканын келечекте кандай кызмат аткараарын билиши жана өзүнүн түзүлүшүн ошол кызматка ылайыктап, аны өзүнүн эрки жана аң-сезими менен өзгөртүшү мүмкүн эмес.

Демек чындык апачык көрүнүп турат: нейрондорду ушундай өзгөчөлүктөрү менен жараткан, керектүү учурда керектүү формага өзгөрткөн, бара турган жерине аларды бир-бирден жайгаштырган Аллах. Ар бир адам өзүнүн да ушул баскычтардан өткөнүн билиши керек жана Раббибиздин аны адам кылып жаратуусундагы кереметтерди көрүп шүгүр кылышы шарт. Аллахтын бүт нерсенин Жаратуучусу экенин, асмандарда жана жерде Андан башка эч бир күч-кудуреттүү заттын жок экенин эч качан унутпашы зарыл:

... Сени топурактан, анан бир тамчы суудан жараткан, анан сени бир тартиптеги (колу буту иштеген, күч-кубаты ордунда) бир адам кылган (Аллах)ты жокко чыгарып жатасыңбы? Бирок, Ал Аллах менин Раббим жана мен Раббиме эч кимди шерик кошпойм. (Кехф Сүрөсү, 37-38)

 

Клеткалардын ортосундагы пландоонун маанилүүлүгү

Эмбриондун өрчүшүн изилдегенибизде өтө бир калыптуу жана гармониялуу өрчүүгө күбө болобуз. Биринчи айдын аягында эмбриондо толук өрчүй элек көздөр, кулактар, мурун, ээк жана жаактар көрүнө баштайт.

Гармониялуу өрчүү учурунда бир жагынан өсүү, бир жагынан калыптануу жана бир жагынан структуралык өзгөрүү камсыз кылынышы керек. Мындай өзгөрүүлөр дененин бардык мүчөлөрү үчүн бирдей болушу шарт. Анткени адамдын денесиндеги бардык органдар абдан татаал түзүлүштөрдөн турат. Мисалы, бир эле көз 40 тетиктен турат. Көздөр өзүнүн функциясын аткарышы үчүн баары бир калыпта чоңоюп, тетиктердин ортосундагы байланыш бекем болушу жана баары өз ордунда жайгашышы керек. Антпесе көз функциясын аткара албайт. Ошол сыяктуу кол пайда болушу үчүн сөөк менен булчуң бирдей калыптанып башташы керек.

Көрүнүп тургандай, түйүлдүккө тиешелүү бардык клеткалар гармониялуу иш-аракет жүргүзүшөт. Бүт баары дененин жалпы планын билишет. Бүт баары бир катар сигналдарды жиберишет жана башкалардан келген сигналдарга жооп беришет. Эмбриондун бардык клеткалары биргелешип иштешет. Өз ара келишим түзгөндөй, муктаждыкка жараша ДНКларындагы маалыматтардын керектүүсүн колдонуп, бири-биринен бөтөнчө өзгөчөлүктөргө ээ болушат.

Бирок клеткалар каерге барып, эмнени жасаарын кайдан билишет? Жана биргелешип иштеген клеткалар менен кантип мынчалык гармониялуу болушат? Клеткалардын ичиндеги генетикалык маалыматтын кантип колдонулаарын жана клеткалардын кантип бөтөнчөлөнөөрүн чечкен ким?

Денебиздеги органдар кем да, ашыкча да эмес. Органдарыбыздын кем болушу кээде өлүмгө, же жок дегенде майыптыкка себеп болот. Ашыкча болушу денеге колдонулбаган жана керексиз бир жүк алып келет. Демек эң алгач адамга керектүү органдардын санын аныктоо керек. Бул сан кантип аныкталат? Кантип бир клеткалардын тобу бир органды жасап баштаганда, башка бир клеткалардын тобу ошол эле органдан дагы бирөөнү жасабайт?





Эволюционисттер мындай суроолорго бул процесстердин баарына ДНК молекуласы жооптуу деп кыскача жооп берип кутулууга аракет кылышат. Бирок бул болгону бир алдамчылык. Анткени бул жерде негизги суроо, дененин бардык клеткаларынын ДНК молекуласынан орун алган маалыматтарды ал жерге ким жайгаштырган. Мындан да маанилүүсү, ал маалыматтардын каерде, качан, кантип колдонулаарын ким чечет. Эволюционисттердин бул суроолорго бере турган эч кандай жообу жок.

Түпкүрүндө аң-сезимсиз жана жансыз атомдордон турган клеткалардын, кан тамырлардын, кыртыштардын, абанын, шамалдын же кандайдыр бир заттын мындай чечим алуу күчү жок. Клеткаларга коддолгон бул кереметтүү планды Аллах жараткан. Клеткаларга эмне кылуу керек экенин илхам кылып, бул пландын кемчиликсиз иштешин камсыз кылган да Аллах. Аллах бүт нерсеге кудуреттүү.

 

КӨЗДҮН КЕРЕМЕТТҮҮ ЖАРАТЫЛУУСУ

Эмбрион 4 жумалык болгондо башынын эки тарабында эки көңдөй пайда болот. Ишенүү кыйын, бирок ошол көңдөйлөрдүн ичине көздөр жасалат. 6-жумада көздөр пайда боло баштайт. Клеткалар бир канча ай бою кереметтүү бир планга ылайык иш жүргүзүп, көздүн тетиктерин бир-бирден жасашат. Кээ бир клеткалар айнекчелди, кээ бир клеткалар каректи, кээ бир клеткалар болсо чечекейди жасашат. Бардык клеткалар куруп жаткан бөлүктүн бүтөөр чегине келгенде токтойт. Ар бири көздүн ар кайсы тетигин пайда кылат, анан эч кемтиксиз биригишет. Кезектешүүдө башаламандык чыкпайт, каректин ордуна башка бир катмар пайда болбойт, айнекчел, көздүн булчуңдары баары өз ордуна жайгашат. Бул процесстер тынымсыз уланат жана ар кандай катмарлардан турган көз эч кемтиксиз куралат.

Бул жерде өзүбүзгө кээ бир суроолорду узатышыбыз керек: бул клеткалар ар кандай катмарларды жасоо керек экенин кайдан билишет? Катмарлардын башталган жана бүткөн чектерин кантип чечишет? Бул суроолордун бир гана жообу бар. Клеткалар Аллахтын илхамы менен иш-аракет жүргүзгөнү үчүн ушундай аң-сезимдүү иштерди жасашат. Адамдын пайда болушун кокустуктар менен түшүндүрүүгө аракет кылган эволюционисттер бул суроолорго жооп бере алышпайт.



Адамдын денесиндеги кемчиликсиз планды китептеринде сүрөттөгөн эволюционисттердин бири Гоймар фон Дитфурт. «Динозаврлардын жымжырт түнү» аттуу китебинде автор адамдын пайда болушун терең сүрөттөгөн, бирок «кантип, эмне үчүн» деген сыяктуу суроолорго эволюция теориясы менен эч жооп бере алышпаганын төмөнкүчө мойнуна алган:



«... Курулуштун каерде жана качан башталаарын жана пландын бөлүктөрүнүн ар биринин кандай кезек менен бириктирилээрин өзүнчө көрсөткөн долбоорлор болбосо, эң мыкты план да бир ишке жарабайт. Маселен бир имаратты курууда жумушту пайдубалдан баштап, дубалдар бүткөн соң эң аягында чатырды орнотуу керек экенин билебиз. Бирок электр жана сантехника иштерин бүтүрбөстөн шыбакка өтө албайбыз. Ар кандай курулушта жерлерди пландоодон тышкары, убакыт да пландалышы керек.

Бул табияттагы курулуштар жана албетте бул клеткаларга да тиешелүү. Бирок клетканын масштабында мындай алгач-кийин мамилесинин кантип жүргүзүлөөрү тууралуу дээрлик эч нерсе билбейбиз. Клеткага пландын кайсы бөлүгүн качан жасашы керек экенин кимдин айтаарын биологдор алигече таба алышкан жок. Кээ бир гендерге дал өз учурунда бөгөт коюлса, кээ бирлерине коюлган эмбаргонун кантип алынаары, басымчыл гендер менен басымды жоюучу гендерди кыймылга келтирген команданы кимдин берээри толугу менен белгисиз суроолор...»43

Дүйнөдөгү «эң мыкты камера» деп кабыл алынган көздүн пайда болушунда да, көрүнүп тургандай, клеткалар дээрлик чексиз акылмандык менен иштешет жана көздөр эненин курсагында жоктон жасалат. Албетте, бул кереметтүү жумушту ийгиликтүү аткаргандар клеткалардын өздөрү эмес. Аллах бир аятында адамга келбет бергенин билдирип, мындай деп буюрган:

Ал – Аллах, Ал – жаратуучу, кемчиликсиз пайда кылуучу, «калып жана келбет» берүүчү. Эң сонун ысымдар Аныкы. Асмандарда жана жердегилердин баары Аны тасбих кылууда. Ал – Азиз, Хаким. (Хашр Сүрөсү, 24)

 

Сөөктөрдүн булчуң менен оролушу

Жакынкы жылдарга чейин сөөктөр менен булчуңдар чогуу пайда болуп өрчүйт деп элестетилген. Бирок акыркы изилдөөлөр такыр башка жана адамдар эч байкабаган бир чындыкты көрсөттү. Эмбриондогу кемирчек кыртыш алгач сөөккө айланып, андан соң булчуң клеткалары сөөктөрдүн айланасындагы кыртыштардан тандалып чогулуп аны оройт.

Илим тарабынан жаңы эле ачылган бул чындыкты Аллах Куранда 1400 жыл мурда адамдарга билдирген.




Кийин ал суу тамчысын бир алак (клетка жыйындысы) кылып жараттык; анан ал алакты бир тиштем эт кылып жараттык; андан соң ал бир тиштем этти сөөк кылып жараттык; ошентип сөөктөргө эт кийгиздик; андан соң башка бир келбетте аны жасадык. Жаратуучулардын эң сонуну болгон Аллах кандай Улук. (Мүминун Сүрөсү, 14)

Аятта 1400 жыл мурда кабар берилген бул илимий чындык «Developing Human» (Өрчүп жаткан адам) аттуу илимий китепте төмөнкүчө сүрөттөлөт:

6-жумада кемирчектин уландысы катары алгачкы сөөк акыректе пайда болот. 7-жуманын аягында узун сөөктөрдө да сөөккө айлануу башталат. Сөөктөр калыптанып жатканда булчуң клеткалары сөөктү курчаган кыртыштан тандалып булчуң массасын пайда кылышат. Булчуң кыртышы ошентип сөөктүн айланасында алдыңкы жана арткы булчуң топторуна бөлүнөт.44



Кыскасы, адамдын Куранда сүрөттөлгөн өрчүү баскычтары заманбап эмбриологиянын ачылыштарына толук дал келет. Ааламдардын Рабби Аллах бул чындыкты көптөгөн кылым мурда адамдарга кабар берген.

 

Сырткы дүйнөгө карата көрүлгөн даярдыктар

Органдары акырындап толукталып, кыймылдай баштаган наристени жаңы бир баскыч күтөт. Наристе өзгөчөлүктөрү жагынан ал коопсуз чөйрөдөн толугу менен башкача болгон бир чөйрөдө жашай алышы үчүн денесинде керектүү даярдыктар көрүлүшү керек.

Ал үчүн акырындан кыймылдап, жаңы пайда болгон органдарын иштете башташы керек болот. Албетте, бул маселе да эч кемчиликсиз чечилген. Наристени жатындан бөлүп турган тондун ичинде «амниотикалык суюктук» деп аталган өзгөчө бир суюктук пайда боло баштайт. Наристенин бөйрөктөрү, өпкөсү, амниотикалык кабыкчанын өзү жана жатын биргелешип салым кошуу аркылуу бул суюктукту пайда кылышат.45

 

Наристенин өмүр суусу: «амниотикалык суюктук»

Наристе үчүн атайын даярдалган амниотикалык суюктук органдарды төрөлгөндөн кийин колдонууга даярдайт. Наристе амниотикалык суюктук менен кандайдыр бир мааниде сырткы дүйнөгө даярдануу үчүн көнүгүү жасап, тынымсыз бул суюктукту ичет. Ошентип тили ачууну, таттууну, туздууну жана кычкылды сезе баштайт. Белгилүү убакыттан соң шилекей бездери да ишке кирет. Мындан тышкары, түйүлдүктүн амниотикалык суюктукту ичиши бир жагынан ичегилерди тамак сиңирүүгө даярдаса, экинчи жагынан бөйрөктөрдүн канды тынымсыз бул суюктуктан тазалашына шарт түзүп бөйрөктөрдү иштетет. Бөйрөктөр бөлүп алган суюктук кайра эле амниотикалык суюктукка чыгарылат. Бирок бул процесстен амниотикалык суюктук булганбайт. Анткени бөйрөктөрдүн түзүлүшү азыркы иштөө ыкмасынан айырмаланып, наристе ичкен суюктукту бөлүп алганда аны стерилдей турган өзгөчөлүктө болот. Ошондой эле, бул суюктук бассейндин тазаланышына окшоп, башка көптөгөн суюктук аркылуу да тынымсыз тазаланып турат.

Бул өзгөрүүлөрдөн тышкары, бул периоддо тамак сиңирүү системасы толук даяр болушу үчүн, ашказанда тамак сиңирүү ширелери бөлүнүп чыга баштайт.46 Ошондой эле, жаңы калыптанган наристенин ичегилеринде жайгашкан клеткалар канттар менен туздарды бири-биринен айырмалоо жөндөмүнө ээ болот жана белгилүү убакыттан соң бул калдыктар тандалып кайрадан эненин канына берилет. Ошентип ичегилер да, бөйрөктөр да активдүү иштей башташат. Амниотикалык суюктук ар үч саатта бир, б.а. бир күндө сегиз жолу түйүлдүктүн ичегилери тарабынан сиңирилип, кан аркылуу эненин канына берилет. Кайра ошончо көлөмдөгү суюктук жатын жана түйүлдүктүн өпкөсү менен бөйрөктөрү тарабынан өндүрүлүп амниотикалык суюктук бассейнине чыгарылат. Ошентип түйүлдүк үчүн абдан маанилүү болгон суюктуктун көлөмү сакталып турат. Бул кемчиликсиз системанын жардамы менен түйүлдүк эч кандай зыян көрбөстөн тамак сиңирүү системасын иштетет.

Түйүлдүктүн чоңоюшу менен бирге акырындан амниотикалык суюктуктун көлөмү да көбөйүп, 10-жумада 30 мл, 5-айда 350 мл жана 7-айга чейин 1 литрге жетет. Төрөт учурунда болсо жарым литрге төмөндөйт.47

Амниотикалык суюктук тамак сиңирүү системасын төрөлгөндөн кийинкиге даярдоодон тышкары, наристенин жатында оңой кыймылдашына да шарт түзөт. Түйүлдүк бул суюктуктун ичинде портко байланган кайыкка окшоп сүзүп жүрөт. Ошентип жатында толук коопсуз кыймылдай алат. Мындан тышкары, бул суюктук сырттан келчү ыктымалдуу соккулардан да коргойт. Суюктукка кандайдыр бир басым түшкөндө айлана түрүндө бүт тарапка жайылат. Ошентип түйүлдүк терс таасирлерден корголот. Мисалы, эне чуркаса да, түйүлдүккө эч кандай чайпалуу сезилбейт. Муну ичине суу толтурулган жабык бир идиштин ичиндеги бир козу карындын идиш чайпалганда кыймылдабашына салыштырууга болот. Ар кандай коркунуч алдын ала эске алынып, тиешелүү чаралар көрүлгөн жана түйүлдүк үчүн эң мыкты коргоо системасы жаратылган.

Амниотикалык суюктуктун болушу эненин ден-соолугу үчүн да маанилүү. Түйүлдүк амниотикалык суюктуктун ичинде сүзүп жүрүшү керек. Бул суюктук жатын көңдөйүн толтурат. Натыйжада түйүлдүк барган сайын чоңоюп салмагы өскөндө, эненин жатынына салмагы түшпөйт. Эгер бул суюктук болбогондо, түйүлдүк чоңойгон сайын жатынга басым жасамак. Бул жатындын дубалдарына басым жасап терс таасир тийгизмек жана түйүлдүк нормалдуу өрчүй алмак эмес.

Бул өзгөчө суюктуктун түйүлдүккө берген дагы бир маанилүү мүмкүнчүлүгү – бул туруктуу температураны камсыз кылышы. Белгилүү болгондой, суюктуктар температураны бирдей таратышат. Тынымсыз алмаштырылып турган амниотикалык суюктук да белгилүү бир температурада болуп, түйүлдүктүн өрчүшүнө керектүү жылуулукту бүт тарапка бирдей таратат.

Бул суюктуктун өндүрүшүндө, үзгүлтүксүз тазаланышында же көлөмүнүн ченелишинде бир эле кемчилик кетсе, түйүлдүктүн нормалдуу өрчүшү бузулат. Мисалы, амниотикалык суюктуктун көлөмү талап кылынгандан аз болсо же такыр жок болсо, бир катар анормалдуулуктар пайда боло баштайт. Кол-буттар кысылып деформация болот. Муундар жабышып, тери калыңдайт, басымдан улам түйүлдүктүн жүзү деформация болот. Эң олуттуу көйгөй катары өпкөлөрдүн калыптанышы бузулат. Мындан улам наристе төрөлөөр замат көз жумат.48

Бул маалыматтар бизге амниотикалык суюктуктун эң алгачкы адамдан бери кемчиликсиз өндүрүлүп келе жатканын көрсөтөт. Амниотикалык суюктук болмоюнча, наристе эненин курсагында өрчүй албайт. Бул дагы эволюционисттердин убакыт аралыгында акырындап өзгөрүү аркылуу эволюцияга дуушар болуу көз-карашын толугу менен четке кагат. Жаңы адамдын жаралуу баскычтарынын бирөөсү эле кем болсо, мисалы жогоруда каралган амниотикалык суюктук чыгарылбаса, эч качан наристелер төрөлмөк эмес жана адамзат пайда болбой жатып тукум курут болмок. Ошондуктан амниотикалык суюктукту керек болгону үчүн кийинчерээк чыгарыла баштаган деп айтууга болбойт. Бул суюктук наристе менен бирге бар болушу шарт. Ушундай маанилүү кызматтарды аткарган, көп функциялуу бир суюктукту кокусунан пайда болгон деп да айтууга болбойт. Бир татаал түзүлүштүн бир заматта пайда болушу «ал жаратылган» деген мааниге келет. Кокустуктар эсептөөлөрдү жүргүзүп, муктаждыктарды аныктап, ал муктаждыктарга ылайыктуу түзүлүштөрдү тандай албайт жана аларды керектүү учурда керектүү жерде пайда кыла албайт.

Амниотикалык суюктуктун да тиешелүү системалары менен бирге, дал керектүү өлчөмдө Аллах тарабынан жаратылганы анык.

Аллах ар бир ургаачынын эмнеге кош бойлуу экенин жана жатындарынын эмнени кемитип, эмнени кошконун билет. Анын Кабатында бүт нерсе бир өлчөө-эсеп менен. (Рад Сүрөсү, 8)



 

Алгачкы демди алууга даярдануу

Төрөлгөн соң наристе үчүн эң негизги нерсе – бул дем алуу. Ошол кезге чейин аба менен тааныша элек өпкөлөр абага толтурулуп, кайра дем чыгарылышы керек. Төрөлгөнгө чейин эч дем албаган өпкөлөр алгачкы демди бир заматта, кадимкидей алып чыгара башташат. Анткени наристе ошол кезге чейин эненин канынан алган кычкылтекти эми өзүнүн өпкөлөрү аркылуу абадан алышы керек болот.

Наристени төрөлгөндө бүт нерсесин даяр кылып жараткан Аллах өпкөлөрдүн калыптанышында да керектүү даярдыктардын көрүлүшүн камсыз кылган. Өпкөлөрдү даярдоо үчүн көкүрөк менен курсакты байланыштырган диафрагмага милдет жүктөлөт. Диафрагма алтынчы айга жакын иштей баштайт. Башында өтө кыска убакытка, бир саатта бир канча жолу кеңейип кысылат, бирок төрөлгөндөн кийин муну үзгүлтүксүз жасайт.

Бул мисалдан көрүнүп тургандай, наристе ар дайым өзгөчө коргоо астында болот. Бирок унутпаш керек: бул коргоо энеге тиешелүү эмес. Түйүлдүк өрчүүнү улантып жатканда, эне кадимки жашоосун улантат. Денесиндеги эч бир өзгөрүүнү өзү башкарбайт. Кааласа да эч нерсеге кийлигише албайт. Бул окуялардын баары Раббибиздин чексиз кудурети менен гана ишке ашат. Наристе өрчүп, толук кандуу бир адамга айланып төрөлүшү үчүн керектүү бардык баскычтар Аллах тарабынан эч кемчиликсиз жаратылган. Ошентип бир жагынан түйүлдүк абалындагы наристенин жашоого керектүү бардык муктаждыктары канааттандырылса, экинчи жагынан эне «наристе жашашы үчүн эмне кылышым керек» деп ойлонуудан кутулат.

Ансыз деле ойлонсо да колунан эч нерсе келбейт. Мисалы, түйүлдүктүн денесиндеги калдык заттарды өзүнүн бөйрөктөрүнө алып, тазалап, сыртка чыгаруу эч бир эненин өзүнүн колунан келбейт. Жаңы бир адам бул дүйнөгө келиши үчүн бардык муктаждыктарды жана аларды канааттандыра турган системаларды эң мыкты аныктап, жасаган Аллах.

 

Даярдыктар аяктайт

Түйүлдүк барган сайын сырткы дүйнөгө даяр болуп баштаганда, бир жагынан органдардын арасында иштер кереметтүү бөлүштүрүлөт. Жасала турган иштер жана өзгөрүүлөр бул дүйнөнүн шарттарына жараша белгиленген. Курсакта жатканда колдонулбаган көздөр дүйнөдөгү жарыктын күчүнө, кулактар дүйнөдөгү үндөрдүн касиеттерине жараша жасалат. Ошол сыяктуу, ашказан жана башка тамак сиңирүү органдары дүйнөдөгү азыктарга ылайыкташып иштей ала турган физиологиялык система менен жабдылат. Тамак сиңирүү системасында кызмат кылган клеткалар эч тааныбаган тамактарды анализ кылууга ыңгайлашып программаланган. Углеводдорду, белокторду, майларды анализ кылуу жөндөмүнөн тышкары, кайсынысынын кайсы органга керектүү экенин билип, бул азыктарды дененин башка клеткаларына жөнөттүрө ала турган бир программага ээ. Түйүлдүк бул жагынан караганда пландуу жана программалуу түрдө сырткы дүйнөгө даярданат. Бул жерде бир нерсеге дагы бир жолу көңүл буруу керек: бир жаңы адамдын денесин түзгөн бул органдар менен клеткалар эч көрбөгөн, эч укпаган, эч күбө болбогон бир чөйрөгө даярдык көрүшөт. Эненин денесинен бөлүнгөндөн кийин аларды кандай шарттардын күтүп тураарын билип өрчүшөт. Албетте, буларды клеткалар «көрөгөчтүк» менен өз алдынча жасашат деп айтууга болбойт. Наристени түзгөн клеткалардын мындай даярдыктары аларга Аллах тарабынан илхам кылынат, жана бул ой жүгүртүлө турган маанилүү бир жаратылуу далили.

Акыркы айларда түйүлдүк абдан бат салмак кошо баштайт. Себеби май кыртышы пайда боло баштайт. Күрөң өзгөчө бир түзүлүштөгү бул май катмарын иштеп чыккан клеткалар түйүлдүктүн өзгөчө белгилүү аймактарында, желкесинде, бөйрөктөрүнүн айланасында жана көкүрөк сөөгүнүн артында бул катмарды пайда кылышат. Бул май катмарлары төрөлгөндөн кийинки алгачкы айларда наристенин денесин жылуу кармоо милдетин аткарат. Ошондой эле, бул майларда азык камдары сакталат.49 Бул да май катмарларын иштеп чыккан клеткалардын аларга илхам кылынган жумуштарды кемчиликсиз аткараарынын дагы бир далили.

Ал ортодо ак түстөгү майлар да ичке бир катмар түрүндө пайда боло башташат. Ошентип түйүлдүктүн терисинин астын ичке бир май катмары каптайт. Теринин астындагы май катмарларынан тышкары, тери клеткалары тарабынан терини айланасындагы суюктуктан коргой турган дагы бир май иштелип чыгат. Бул майлардын пайда болушу да абдан маанилүү, анткени тери менен суунун ортосуна май катмары жайгашып, суунун түйүлдүккө болгон терс таасирин жойот.



Мурдакы бөлүмдөрдө эненин канындагы иммундук системанын мүчөлөрүнүн наристенин канына өтүшүнө жол берилбеши тууралуу сөз кылган элек. Себеби алар наристени чоочун бир кыртыш катары көрүп, аны жок кылышы мүмкүн. Бирок тогузунчу айга келгенде бул күтүүсүздөн өзгөрөт жана эненин канындагы иммундук клеткалар тарабынан иштелип чыккан антителолор плацента аркылуу түйүлдүккө өтөт. Мунун себебин изилдегенде абдан кереметтүү бир акыйкатка күбө болобуз. Төрөлгөндөн кийин биринчи алты ай бою наристеде иммундук клеткалар пайда болбойт. Бирок наристеге аны дүйнөдөгү микробдордон коргой турган антителолор керек болот. Акыркы айда түйүлдүктүн канына өтүшүнө уруксат берилген эненин антителолору баланы ымыркай кезинде жугуштуу оорулардан коргоо үчүн даяр турат.50 Кийинчерээк наристенин иммундук системасы өзүнүн антителолорун чыгара баштаганда, бул антителолордун жумушу аяктайт.

Бул жерде кыскача сүрөттөлгөн бул окуя да, буга чейин каралган башка окуялар сыяктуу, адамдын жаратылуусундагы кемчиликсиз пландоонун бир мисалы. Бир адам жаралышы үчүн ай сайын, күн сайын, мүнөт сайын аткарыла турган иштердин баары майда-чүйдөсүнө чейин эсептелген. Түйүлдүккө зыян тийгизе турган заттардын өтүшүнө кемчиликсиз системалар менен бөгөт коюлган, бирок ал заттарга муктаждык пайда болгон учур келгенде кайрадан кемчиликсиз жол менен эски система жоюлуп, ордуна жапжаңы бир система орнотулган. Албетте, бул кемчиликсиз системалар адамды түзгөн клеткалардын эрки жана чечими менен пайда болгон эмес. Булардын баары улуу кудуреттүү Аллахтын теңдешсиз жаратуу далилдери.



Жогорудагы мисалдардан да көрүнүп тургандай, түйүлдүктүн өрчүшүнүн бардык баскычтары көзөмөл астында жана көп баскычтуу, кемчиликсиз бир пландын негизинде ишке ашат. Ошондой эле, ар бир адам түйүлдүк кезинде ушундай көзөмөлдүн астында өрчүп, азыркы абалына келген. Адамдын өрчүшүнө тиешелүү бул өзгөчө план жана кемчиликсиз долбоор ойлонгон, абийирдүү адамдар үчүн Аллахтын чексиз акылынын жана илиминин бир көрсөткүчү.

 

БИР ТАМЧЫДАН ЖАРАЛУУ

Жатындагы чоңоюу процесси 9 ай бою кемчиликсиз уланат. Башында бир тамчы суу болуп ал жерге кирген түйүлдүк акырындап толук кандуу бир адамга айланат.

Эгер бул өрчүү процессинде болор-болбос кемчилик кетсе, түйүлдүк сөзсүз түрдө каза болушу мүмкүн. Мисалы, мээ баш сөөгүнөн ылдамыраак чоңойсо, түйүлдүктүн мээси кысылып жабыр тартат. Бул нерсе сөөк-кыртыш шайкештиги, көздөр, өпкөлөр, жүрөк сыяктуу дагы көптөгөн органдар менен аларды курчап турган сөөктөргө да тиешелүү. Органдардын шайкеш өрчүшү да абдан маанилүү. Эгер кан айлануу системасы калыптанып жатканда, бөйрөктөр кеч калса, кан тазаланбай калып, дене ууланат.

Бирок мындай болбойт жана жарык дүйнөгө келе турган ар бир адам бир баскычтан экинчи баскычка эч кемтиксиз өткөрүлүп жаратылат.

Башында болгону бир тамчы суу кезинен аны жаратып келбеттүү бир адамга айланткан жалгыз кудуреттүү зат ааламдардын Рабби Улуу Аллах.

Куранда адамдын жаратылуусу төмөнкүчө сүрөттөлөт:

Адам «өз башымча жана жоопкерчиликсизмин» деп ойлойбу? Өзү куюлган урук суюктугунан (спермадан) бир тамчы суу эмес беле? Анан бир алак (эмбрион) болду, анан (Аллах аны) жаратты жана бир «көрктүү келбет берди.» Ошентип андан эркек жана аял кылып жуп жасады. (Демек Аллах) Өлүктөрдү тирилтүүгө кудуреттүү эмеспи? (Кыямат Сүрөсү, 36-40)

Албетте, бул акыйкатты түшүнгөн адам аны бир тамчы суудан жаратып, көргөн, уккан, ойлонгон бир адамга айланткан Раббибизге ар дайым шүгүр кылышы шарт.

Айткын: «Силерди жасаган (жараткан), силерге кулак, көздөр жана көңүлдөр берген – Ал.» Канчалык аз шүгүр кыласыңар? (Мүлк Сүрөсү, 23)


Булактар:

21 Gerard J. Tortora, Introduction to the Human Body The Essentials of Anatomy and Physiology, Biological Science Textbooks, 1997, s. 569-570

22 Solomon, Berg, Martin, Villee, Biology, Saunders College Publishing, ABD, 1993, s. 1066

23 Geraldine Lux Flanagan, Beginning Life, A Dorling Kindersley Book, Londra, 1996, s. 28

24 Guyton&Hall, Tıbbi Fizyoloji, Nobel Tıp Kitabevleri, İstanbul, 1996, 9. baskı, s. 1034

25 Guyton&Hall, Tıbbi Fizyoloji, Nobel Tıp Kitabevleri, İstanbul, 1996, 9. baskı, s. 1039

26 Geraldine Lux Flanagan, Beginning Life, A Dorling Kindersley Book, Londra, 1996, s. 33

27 . Gerard J. Tortora, Introduction to the Human Body The Essentials of Anatomy and Physiology, Biological Science Textbooks, 1997, s. 556

28 . Geraldine Lux Flanagan, Beginning Life, A Dorling Kindersley Book, Londra, 1996, s. 38

29 Science et Vie, Mart 1995, sayı: 190, s. 48-50

30 Hoimar Von Ditfurth, Dinozarların Sessiz Gecesi 2, Alan Yayıncılık, 1997, s.126

31 Geraldine Lux Flanagan, Beginning Life, A Dorling Kindersley Book, Londra, 1996, s. 42

32 Geraldine Lux Flanagan, Beginning Life, A Dorling Kindersley Book, Londra, 1996, s. 42-43

33 Richard Dawkins, The Selfish Gene, Oxford University Press, New York, 1976, s. 37

34 Geraldine Lux Flanagan, Beginning Life, A Dorling Kindersley Book, Londra, 1996, s. 34

35 Science et Vie, Mart 1995, sayı: 190, s. 48-50

36 Intimate Universe, The Human Body, Volume 1, 1998 British Broadcasting Corporation

37 Guyton&Hall, Tıbbi Fizyoloji, Nobel Tıp Kitabevleri, İstanbul, 1996, 9. baskı, s. 1035

38 Science et Vie, Mart 1995, sayı: 190, s. 48-50

39 Solomon, Berg, Martin, Villee, Biology, Saunders College Publishing, ABD, 1993, s. 1069

40 Geraldine Lux Flanagan, Beginning Life, A Dorling Kindersley Book, Londra, 1996, s. 73

41 Science Vie, Mart 1995, sayı: 190, s. 88

42 Science et Vie, Mart 1995, sayı: 190, s. 48-50

43 Hoimar Von Ditfurth, Dinozarların Sessiz Gecesi 2, Alan Yayıncılık, 1997, s.129-130

44 Keith L. Moore, The Developing Human - Clinically Oriented Embryology, W. B. Saunders Company, 1983, Canada, s. 374a

45 Geraldine Lux Flanagan, Beginning Life, A Dorling Kindersley Book, Londra, 1996, s. 74

46 Geraldine Lux Flanagan, Beginning Life, A Dorling Kindersley Book, Londra, 1996, s. 64

47 Keith L. Moore, The Developing Human - Clinically Oriented Embryology, W. B. Saunders Company, 1983, Canada, s. 126

48 Science et Vie, Mart 1995, sayı: 190, s. 48-50

49 Geraldine Lux Flanagan, Beginning Life, A Dorling Kindersley Book, Londra, 1996, s. 87

50 Laurence Pernoud, J'attends un enfant, Pierre Horay, Paris, 1995, s.135

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШҮҮ

Адамдын денеси жер жүзүндөгү эң татаал машина. Өмүр бою ушул денебиз менен көрөбүз, угабыз, дем алабыз, басабыз, чуркайбыз жана ырахат алабы...